Анда укук коргоочу июнь окуясынан соң камакка алынган кезде кыйноого кабылганын, кийин айрым бийлик өкүлдөрү аны эркиндикке чыгарууга сөз бергенин билдирди. Бирок аты аталган мурдагы жогорку кызмат адамдары Аскаровдун көрсөтмөлөрү чындыкка туура келбесин билдирүүдө.
Чүй облустук сотунда каралган жараянда камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров көрсөтмө берди. Анда ал 2010-жылы милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышпаганын дагы бир жолу билдирди.
Аскаров камакка алынган учурда милиция кызматкерлери ур-токмокко алып, кылмышты моюнуна күчтөп коюуга аракет кылышканын айтып чыкты:
- Камакка алышкан биринчи, экинчи күндөрү мени абдан маскаралагандай эле мамиле болду. Менин башыма тапанчанын кундагы менен ургулаганда берген суроолоруна “ооба, ооба” деп жооп берүүдөн башка чарам калган жок. Башыман кан тамчылап турду. Сол колум менен башымды кармап, оң колум менен түшүнүк ка жазууга аргасыз болдум. Бир нече күн өткөндөн кийин кан тамган түшүнүк кагазды алмаштырышып, кайрадан жаздырышты.
Азимжан Аскаров милиция кызматкерлери укук коргоочу болуп жүргөндө алардын мыйзамсыз иштерин ашкере кылганы үчүн өч алышкан деп ойлойт.
Ал июнь окуяларына жакын бейтааныш адамдар Базар-Коргонго курал-жарак алып келгенин ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаковго эскерткенин, бирок бийлик көңүл бурбаганын да билдирди.
Ошондой эле Аскаров 2010-жылы күч органдары боюнча вице-премьер Азимбек Бекназаров жана омбудсмен Турсунбек Акун аны абактан чыгарууга сөз берген деп кошумчалады:
- Мисалы, мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде Аскаров эч күнөөсү жок деп айткан. Ал милиционер Сулаймановду өлтүрүү учурунда аталган көпүрөдө болгон эмес деп айтып жүргөн.
Бирок Аскаров атаган жетекчилер анын көрсөтмөлөрүн жалганга чыгарышууда. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, ал Аскаровдун ишине аралашкан эмес:
- Фактылары болсо бизди кошумча күбө кылып чакырсын. Менин телефондорум бар. Ошол учурда чалган бекем, чалбаган бекем тактасын. Айтып, бизди сотко чакырсын. Биз Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бул иш боюнча соттун да, тергөөнүн да ишине эч качан аралашкан эмеспиз. Тапшырма болгон эмес. Күнөөсү барбы, соттогула, күнөөсү жокпу, актагыла деген позицияны кармаганбыз.
Ал эми мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Аскаровду бошотууга эч качан сөз бербегенин айтууда:
- Биринчиден, Аскаров менен жолукканым чын. Бирок Бишкекке абакка которулуп келгенден кийин жолуккам. Ал эми ал Жалал-Абадда жатканда эч жолуккан эмесмин. Мен Аскаровду бошотуу боюнча сөз берген эмесмин. Тескерисинче, ал боюнча атайын комиссия түздүрүп, кыйноого кабылдыбы, кабылган жокпу деп текшерүүгө алганбыз. Анын жыйынтыгында ур-токмокка алынганы боюнча эч кандай далил болгон эмес. Ал кишини күнөөсү жок деп эч качан айткан да эмесмин.
Жараяндын жүрүшүндө Аскаровдун адвокаттары аты аталган мурдагы жетекчилерди күбө катары чакырууну өтүндү. Өтүнүчтү сот канааттандырып, кийинки жараяндарда мурда кызматта турган Исмаил Исаков, Кубатбек Байболов, Турсунбек Акун жана укук коргоочу Назгүл Турдубекова суралмай болду.
Базаркоргондук укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон.
Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.