Баткендин Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын аянычтуу тагдырынан кийин Кыргызстанда балдар коопсуздугу кайрадан күн тартибине чыкты. Окуучунун сөөгү 4-сентябрда колу артына байланган жана жип менен муунтулган абалда табылды.
Маркумдун ата-энеси Орусияда иштеген мигранттар экени, ал таенесинин колунда чоңойгону белгилүү болду. Өлкөдө мигранттардын балдары кабылган зомбулуктар буга чейин да катталган.
"Колу байланып, жип менен муунтулган"
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыздын сөөгү Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында чоң жолдун жээгиндеги сел өтмөктөн табылган. Кыздын сөөгү экспертизадан кийин жакындарына берилип, 6-сентябрда ата-энеси жашаган Киров айылында жерге берилди. Кылмышка шектүү үч жаран кармалды. Баткен облустук милициясынын маалымат кызматкери Акылбек Амираев окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын маалымдады.
"Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган К.А. экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун үч тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген".
Кылмышка шектүү 24, 25 жана 27 жаштагы үч жаран Халмионго кошуна айылдын тургундары болуп чыкты.
Милиция өспүрүм кыз зордукталганбы же жокпу маалымат бере элек.
Дагы караңыз Миграция: мээримге зар болгон, кордолгон балалык"Жалгыз кызыбыздан айрылдык"
Өспүрүм бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Атасы Асан жубайы экөө суук кабарды угаар менен Орусиядан кайтып келип, мончоктой кызынын сөөгүн жерге берип, сыздап отурушат:
"Биздин жалгыз кызыбыз болчу. Мектепти да жакшы окуйт эле. Телефондон тынымсыз сүйлөшүп турчубуз. Көчөгө жөнү жок чыга бербейт эле. Эч кемчилиги жок, бардык муктаждыктарын камсыз кылып турчубуз. Үч күн мурда сүйлөшкөм. Баары жакшы деп айткан. Жоош кыз болчу. Бул зөөкүрлөрдү катуу жазаласын", - деди ал.
Өспүрүм сегиз айлык ымыркай кезинде Халмион айыл аймагындагы Таш-Дөбө айылында турган таята-таенесинин колунда калып, ошол айылда чоңойгон экен.
"Ушул жерде 1-класска барып, мектепте окуган. Кайдан, кантип мындай болуп кеткенин айта албайбыз. Азыр укук коргоо органдары алектенип, тергеп жатышат. Шектүү катары кармалган балдар биздин айылдан эмес, кошуна айылдан деп уктук", - деди Таш-Дөбө айылынын башчысы Ырысбек Толубай уулу.
Дагы караңыз Зомбулук: аялдар милиция менен сотко ишенбейтКоомчулуктун талкуусу
Үрөй учурган окуя коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Социалдык тармактарда кылмышка милиция кызматкерлери аралашты деген билдирүүлөр жазылып, 6-сентябрда Ички иштер министрлиги мындай маалыматтарды четке какты:
"Жашы жете элек кыздын өлүмүнө шектелип кармалгандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иш боюнча ар тараптуу, калыс иликтөө Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан камсыздалууда. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн тек-жайы такталып, алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Коомчулукка тергөөнүн жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Интернет колдонуучулары балдарга, аялдарды кордогондорго жазаны күчөтүү, кылмышкерлерди жазалоону талап кылууда. Ошондой эле ички иштер органдарынын жетекчилигин сындагандар чыкты. Коомчулукта мындай кылмыштар кескин айыпталып, катуу талкууланып, укук коргоо органдарына талаптар коюлганына карабай кайра кайталанып жатышын милициянын чабал, шалаакылыгынан көргөндөр көп.
"ИИМ министри Уланбек Ниязбековдун учурунда балдарга, кыздарга зордук-зомбулук көрсөтүүлөр, бөөдө өлүмдөр көбөйдү. Бул балким министрдин жакшы иштеп, кылмыштардын изин суутпай ачып жатканынан кабар берип жатпасын? Ошондой эле болсо кана? Милиция кызматкерлеринен да зордукчулар чыгып жатканы 13 жаштагы кыздын ишинен белгилүү болгон. Анан калса министрдин "жумуш убактысынан кийин кызматкер эмне кылса өзү билет да" деген жообу ар кандай бүдөмүк ойлорго жем таштайт. Өзү окубаса да жеткирип барчулар чыгаар. Азыр ар бир айылдагы участкалык милиционерге айрыкча үй-бүлөлүк, жаш балдар, кыздарга карата сексуалдык зордук-зомбулук боюнча өзгөчө көрсөтмөлөрдү берип, аларды өзү көзөмөлгө албаса, мындан ары абал кооптуу жагдайга жетип калды. Себеби ар бир айылдын абалын, кимдер эмнеге шыктуу, же кылмышка жакын экенин участкалык милиционер жакшы билсе керек. Участкалык милиционер айыл аксакалдары, жаштары менен иштешсе да жакшы болот эле. Мындан тышкары, жалпы эле милиция кызматкерлеринин арасында жалпы агартуу иштерин колго алуу убактысы келмек тургай өтүп баратат го дейм. Бишкектеги жалтырак имаратта корстон болуп отура бергенден пайда жок", - деп жазды журналист Аскер Сакыбаева.
Ага ИИМдин өкүлү Бакыт Сейитов бардык кылмыштардын бетин ачуу багытында үзгултүксүз иштер жүрүп жатат деп жооп кайтарды.
"Коомдогу окуяларды жана кылмыштарды жашыруу мүмкүн эмес.
Айрым учурларда да милициянын ичинен чыккан "акмактар" бар экендигин жана аны жашырбастан ачыктап берип жатабыз. Ар бир кылмышкер татыктуу жазасын алышы керек. Ар бир кылмышты ыкчам жана акыйкат тергеп сот органдарына өткөрүп берүү боюнча жума сайын эскертилип, көзөмөлдөнүп турат. Учурда ар бир аймактык тескөөчүгө жана жаш балдар менен иштөө кызматкерлеринин ролун жогорулатып, алардын штатын көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Туура айтасыз, аймактык тескөөчү баардыгын билиши зарыл, биз дагы ушул багытта атайын долбоорлорду киргизип жатабыз".
Президенттин реакциясы
Көпчүлүктүн үшүн алган окуя тууралуу президент Садыр Жапаров да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу үн катты. Ал ишти өз көзөмөлүнө аларын айтып, кылмышка катышы барлар жазага тартылат деп ишендирди:
“Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык - кечиримсиз. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот”, - деп жазган ал.
Балдарга карата кылмыштар көбөйдүбү?
Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын тагдыры тууралуу "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деп аталган макала "Азаттыкка" жарыяланган, анда наристе кыздын зордуктоого шектүүлөрдүн арасында эки милиция кызматкери бар экени баяндалган. Бул окуя да секелектин атасы чет элде миграцияда жүргөндө болгону айтылган.
Ушул макаладан кийин да балдар коопсуздугу, мындай кылмыштырдан көбөйгөнү тууралуу талкуу күчөгөн эле. Жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылган, тиешелүү адамдарга чара көрүүнү талап кылган.
Дагы караңыз Секелекти зордуктоо иши: милиция кызматкерлери абакка кесилдиАялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында да бир нече жолу уюштурулган. Активисттер балдардын, аялдардын укуктары тепселенип жатат, мындай кылмыштар көбөйдү деген негизде ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишиш талап кылышкан.
Андан кийин Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган.
Анын орган кызматкерлери иш убактысынан тышкаркы мезгилде зордуктоого шектелип жатканын айтканы катуу сынга алынган.
Бишкектин Свердлов райондук соту 30-августта бул иш боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарып, зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15 жылдан, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды.
Дагы караңыз "Бир сутка зордук көрүптүр". Дагы бир кыздын ата-энеси коомго кайрылды13 жашар кыздын аянычтуу тагдыры коомчулукка ачыкка чыгып, талкуу жараткандан кийин, 11-августта президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон.
Ага ылайык, балдарга жасалган зордук-зомбулук кылмыштары үчүн эркинен ажыратуу каралган, айыптын өлчөмү көбөйтүлгөн. Мындай кылмышка баргандарды жоопко тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыкпайт жана аларга эч кандай мунапыс берилбеши керек.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр балдарга карата 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.