Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан жарандык активист Улукбек Маматаев ооруканадан кайра тергөө абагына кайтарылды. Анын адвокаты операциядан кийин Улукбек Маматаевдин ден соолугу толук калыбына келе электигин айтып, ооруканага которуу өтүнүчү менен абактын жетекчилигине арыз жазган.
Бул иш боюнча камакта жаткандар дарыланууга шарт түзүлбөй жатканын билдирип, көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү талап кылып келет. Жаза аткаруу кызматы зарыл болсо шектүүлөрдү ооруканага которо турганын, алды дарыланып чыкканын кабарлады.
Абактагылардын абалы
“Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 29-мартта ооруканадан кайра Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына кайтарылды.
15-мартта анын ден соолугу кескин начарлап, ооруканага которулган жана ошол эле күнү операция болуп жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Шектүүнүн адвокаты Асел Аргымбаева ал коргоп жаткан адамдын ден соолугу толук калыбына келе электигин айтты:
“Ден соолугунда жакшы жылыштар бар. Бирок урологдон текшерүүдөн өтүшү керек болчу. Себеби, операция болордун алдында жана операциядан кийинки текшерүүдө анын бөйрөгүндө таш бар экени аныкталган. Ушундан улам мен тергөө абагынын жетекчилигине кат жазып, дарыланууну улантуу үчүн Маматаевди Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө которууну сурандым. Азырынча жооп ала элекмин”.
Буга чейин Улукбек Маматаевдин апасы Ирсалат Абдуразакова абакта баласынын өнөкөт оорулары күчөп, керектүү дарыларды убагында албаганы үчүн операция болгонун айтып, бийликке уулун үй камагына чыгарууну суранып кайрылган.
Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: абактагыларды бошотуу талабы жаңырдыУшул күндөрү Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын айрымдары ден соолугу кескин начарлап, ооруканада дарыланууга шарт түзүлбөй жатканын кайталашууда.
“Кемпир-Абадды коргоо комитети” 27-мартта билдирүү таратып, камакта жаткандардын ден соолугун кароо үчүн көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүү сунушун беришкен.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай абактагылардын ден соолугу тууралуу мындай деди:
“Клара Сооронкулованы ооруканада операция болгондон кийин тез эле кайра абакка которушту. Негизи ал толук реабилитация болушу үчүн жок эле дегенде эки-үч жума керек болчу. Азыр эми өпкөсү кагынып (пневмония) ооруп жатат. Гүлнара Журабаеванын да буту ооруп жатат. Бирок дарыгерлер ооруканага жаткырганга негиз жок деген жыйынтык чыгарып коюшту. Асия Сасыкбаеванын абалын билбейм. Бирок абакта 71 жаштагы кишиге оңой эмес да. Таалайбек Мадаминовдун кант диабети бар. Ал күн сайын инсулин алып, тамакты тандап жеши керек. Аны да абакта кармап турушат. Апамдын (ред: Рита Карасартова) болсо богок оорусу күчөп кетти. Ооруканага жатып, дарыланышы зарыл болчу”.
Ушул иш боюнча камакта жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов ЮРФА клиникасынан кароодон өткөнүн, жүрөгү жана бөйрөгү ооруп жатканын, дарыланууга муктаж экенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Тергөө абагында жаткан адамдар эркиндигинен гана ажырады. Бирок алар медициналык жардам алуу укугунан ажыратылган жок да. Ошондуктан абакта жаткандар да жакшы шартта толук кандуу дарыланышы керек. Бул талаптар мыйзамдарда деле так жазылган. Бирок көп учурда аткарылбайт”, - деди Илгиз Шаменовдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу.
Ушул күнгө чейин Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков, Улукбек Маматаев ооруканада операция болуп кайра абакка кайтарылды.
Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагында.
Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: Абакта отургандар президентке кайрылдыЖаза аткаруу кызматынын жообу
Абакта жаткандар “Бийлик, Жаза аткаруу кызматынын медициналык башкармалыгы аларга ооруканада дарыланууга уруксат бербей, ден соолугунан атайылап ажыратып жатат” деп эсептешет.
Жаза аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта жаткандардын абалы, алардын сын-дооматы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди:
“Бул маселе боюнча баарын карап, комиссиялык текшерүү кылып жатабыз. Ага Саламаттык сактоо министрлигинен да кызматкерлер келип катышууда. Эгерде "ооруканада дарыланышы керек" деген бүтүм болсо биз сөзсүз чыгарабыз. Жакында эле Клара Сооронкулованы, Равшан Жээнбековду дарылатып келдик. Бүгүн Улукбек Маматаев дарыланып кайра алып келинди. Биз алардын ден соолугун өзүбүз текшерип, андан кийин Саламаттык сактоо министрлигине жиберебиз. Министрликтен кызматкерлер келип бүтүм чыгарса, биз ооруканада дарыланууга шарт түзүп беребиз. Тергөө абагында ооруп аткан кишини кармап турган бизге деле жакшы эмес. Себеби, биз да жооп беребиз. Ден соолугу боюнча негиздүү чечим чыкса, Кемпир-Абад иши боюнча же башка иш менен жаткандар болобу дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз колдон келишинче алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек. Ошондуктан адам кайсы иши үчүн, эмнеге соттолуп атат айырмасы жок. Баарына тең карайбыз”.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын утур-утур чыгарып жаткан кайрылуулары Кыргызстанда жабык жайлардагы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жөнүндө талкууну күчөттү.
Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков пикири менен бөлүштү:
“Жаза аткаруу кызматынын медициналык башкармалыгы абактагыларга жетиштүү медициналык кызмат көрсөтө албай турганын бир нече жылдан бери айтып келатабыз. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор медициналык кызмат көрсөтүүнү Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү демилгесин көтөрүп келет. Ооба, Жаза аткаруу кызматы оорукана куруп, жабдууларды берип жатат. Бирок быйыл Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн изилдөөдө Жаза аткаруу кызматынын медициналык башкармалыгы министрликтин клиникалык пртоколдорун колдонбой калганы айтылды. Кызматкерлер тажрыйбасын жогорулатуу боюнча курстардан да өтпөгөнү аныкталган. Медицина болсо күн сайын өнүгүп жатат. Азыр башы көрүнүп калган адамдар абакка түшүп бул маселе тез-тез көтөрүлүп жатат. Болбосо биз маселени бир топ жылдан бери айтып келебиз. Ооба, Жаза аткаруу кызматы колунан келишинче аракет кылууда. Бирок ал жетишсиз. Жаза аткаруу кызматынын эки негизги милдети бар: биринчиси - тергөө абагында отургандарды сотко алып барып, алып келип туруу. Экинчиси - жазасын өтөп жаткандарды түзөтүү мекемелеринде кармап, тарбиялык иштерди жүргүзүү. Ал эми ооруп жаткан адамды Саламаттык сактоо министрлигине берсин да”.
Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.
Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.