Кемпир-Абад ишинин алкагында камалган саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага жаңы айып коюлганын анын адвокаты билдирди. Үч айдан ашуун тергөө абагында отурган саясатчыга "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган" деген негизде айып угузулду. Милиция Сооронкуловага жаңы айып тагылганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Адвокат Чынара Жакупбекова билдиргендей, Клара Сооронкуловага дагы бир кылмыш иши мындан туура бир жыл мурда активист Мирлан Ураимовду колдогон Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн козголду. Саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") негизинде иш козголуп, айыбы угузулду.
"Клара Сооронкулова бир жыл мурда Ураимовду коргоо максатында "Камасаңар баарыбызды камагыла" деген аталыштагы флешмоб акциясынын алкагында билдирүү жасаган. УКМК ага экспертиза жасап, бирок иш козгобоптур. Экспертизада "чакырыктар бар" деп белгиленген. Биз буга байланыштуу сотко арызданабыз. Анткени билдирүүдөгү Сооронкулованын сөзүн "Мен Ураимовго болушуп жатам" дегенди алып коюп эле бөлүшкөн сөздү аныкы кылып чыгарып коюшуптур. Биз тексттин бардыгына экспертиза кылгыла деп айтып жатабыз. Ал билдирүүнүн алдына эле "мен атайын жазып жатам, Ураимовго болушуп жатам, бөлүшкөн үчүн камалабайт" деп дагы жазган. Сооронкуловадан сырткары ал билдирүүнү бир топ адам бөлүшкөн экен", - деди жактоочу.
Жакупбекова Фейсбуктагы баракчасына "Кемпир-Абад ишине байланыштуу эч нерсе таппай, бир жыл мурдагы билдирүүнү козгоп жатат", - деп жазды.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сооронкулованын адвокатынын бул билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.
Былтыр 8-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет активист, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыпталып, эки айга камалган. Андан кийин сот тилкат менен үй камагына чыгарган.
Фейсбукта Ураимов жазды делген билдирүүнү активисттер "Камасаңар баарыбызды камагыла" деген аталышта флешмоб өткөрүп бөлүшкөн. Сооронкулова бөлүштү деген билдирүүдө бийлик башында турган адамдарга сын айтылган.
Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жерин Өзбекстанга өткөрүп берүү макулдашуусуна каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бир жыл мурдагы билдирүүгө байланыштуу "иш козгоого мотив" жок деп санайт.
"Бирөө билдирүү жазса жок дегенде беш-он киши бөлүшөт да. Канчалаган адамдар колдогонун билдирип бармак басат. Анда ошолордун бардыгын чакырыш керек болот. Мунун өзү туура эмес. Биринчиден, канча убакыт өттү? Экинчиден, кылмыштын аракети болсо дагы азыр анын коркунучу жок. Киши өлтүргөн жок, бийликти алмаштыруу тууралуу жазса дагы бир жыл өттү андан бери. Жазган киши өзү тергөө абагында отурат. Эркиндикте жүрсө дагы бир жөн эле. Иш козгордун алдында бардыгын салыштырып караш керек да. Мотив дегенди такыр эле унутуп калдык", - деди эл өкүлү.
Сооронкулова бир жыл мурда Фейсбукта бөлүшкөн билдирүүнүн астына "Мирлан Ураимовго таандык деп, бийликти басып алууга чакырык деген шылтоо менен иш козгоп, жаап коюшту. Чынында атайын уюштурулган кылмыш, болгондо да аккаунтту бузуу аркылуу. Мындай ыкма кеңири колдонулуп калды. Ошондуктан өзүңөргө сак болгула. Коргонууну унутпагыла", - деп жазган.
"Тил кесмей жок"
Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айтканынын эски видеосун жайгаштырганы үчүн кармалган.
Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон.
Былтыр июнь айында УКМК тергөө абагында каза тапкан саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берген. Ага чейин Фейсбуктагы баракчасына бийликти сындаган постторду жазып жүргөн блогер Бакмурат Токтогулов атайын кызматта сурак берип, эскертүү алган.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова пикир билдиргени үчүн жоопкерчиликке тартууну "бийликтин коркутуусу" деп эсептейт жана бул бийликтин өзүнө зыян алып келерин эскертет.
"Бардыгыбыз эле комментарий беребиз, пикирибизди айтабыз. Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп ишенебиз. Ар бир айтылган сөзүбүздү бир жылдан кийин, беш жылдан кийин көтөрүп чыгып, ошонун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тарта берсе, анда эмне кылышыбыз керек? Анда биз таптакыр сүйлөбөй калышыбыз керекпи, бизди ошого алып баратабы? Чакырык жасаган болсо ал эмнеге бир жыл бою социалдык тармакта турду, эмнеге алып салышкан жок, эмнеге соттун чечимин чыгарган жок? Анан бүгүн колдонуп жатат. Кыргыздар "тил кесмей жок" дегендей принцип менен жашайбыз да. Биздин ар бирибиздин сүйлөгөн сөзүбүз бар", - деди укук коргоочу.
Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Кыргызстанда сөз эркиндигине олуттуу коркунуч жок деп эсептейт. Ал муну социалдык тармактардын эркин иштеп жатканы, анда ар кандай пикирлер жарыяланып жатканы менен байланыштырды.
"Биздин Конституция жана башка мыйзамдарыбыз боюнча соттун чечими чыкмайынча бир дагы адам күнөөлүү деп саналбайт. Бир дагы журналистти же башканы соттун чечими жок күнөөлүү деп санай албайм. Жеке пикиримде сөз эркиндигине Кыргызстанда олуттуу деле коркунуч жок деп эсептейм. Фейсбук иштеп жатат, интернет иштеп жатат. Ар ким өзүнүн каалаганын жазып жатат. Аша чапкандары дагы бар, ачык айткандары дагы бар. Бул жаатта укуктук чөйрөдөн чыкпашыбыз керек".
Өткөн айда Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган активист Атай Бейшенбек уулуна Октябрь окуяларынан улам дагы үч кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Бейшенбек уулу 2020-жылы шайлоодон кийинки тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык акцияларында "мэрияны басып алууга аракет жасаган" деген айыптоо негизсиз экенин айткан.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына ачык нааразылык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта калтырган.
Буга чейин ИИМдин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимканов Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындарынын суроолоруна жооп берип, буларга токтолгон:
"Массалык башаламандыкка даярдык көрүү" деген негизде иш козголгон. Экспертизалар дайындалган. Адамдар кармалып, сот тарабынан анын баары мыйзамдуу деп табылган".
Ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну "саясий куугунтук" деп сыпаттап жатышат.
Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан. Ушул эле сөзүн былтыр декабрдын соңунда мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде дагы кайталаган.
“Кечээ жакында кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесине толук чекит койдук. Ошол маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок, себеби эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду”, - деген президент Жапаров.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө жаткырылганы ишембиде белгилүү болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Эркин Булекбаев "Азаттыкка" билдирди.
Январдын соңунда экс-депутат Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Абакта отурган Равшан Жээнбековдун, Перизат Суранованын, Рита Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кеткени тууралуу маалымат тараган.