ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы үч айында үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо максатында 2222 ордер берилген. Милиция коргоо ордери ишке киргенден бери үй-бүлөлүк зомбулук азайганын белгилесе, жабырлангандар жана укук коргоочулар ордер зомбулуктан коргой албай жатканын айтууда.
"Кайра эле баягы адатын баштайт"
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде батирде жашаган Акседеп колуна онго жакын коргоо ордерин алганын айтып берди.
"Күйөөм ичкен сайын үйдө тополоң кылып, чыр чыгарат. Мага кол көтөрөт, балдардын жүрөгү түшөт. Мен милицияга барам, алар келип, мага да, ага да коргоо ордерин беришет. Алардын көзүнчө унчукпай калып, кайра эле баягы адатын баштайт. Канча ордер бар экенин эстей албайм, он чакты бар го дейм. Ооба, ошо онунчу жолу берилгенден кийин анан сот аркылуу "кара жумушка" кесишкен. Бир айдай ошол жакта жүрүп, үйгө келгенине он күн болду. Эсине кирген окшойт бир аз, азырынча тынч".
Акседеп коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоп каларына ишенбейт. Ал үйдөгү тополоң көбүнчө каржылык муктаждыктан болот дейт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Зомбулугун уланта берсе, милиция сотко кайрылат"
Коргоо ордери 2017-жылы киргизилген. Бул ордер запкы көргөн тарапка да, зомбулукка айыпталган адамга да берилет. Мыйзамдын талабы боюнча зомбулукка айыпталган адам бир катар шарттарды аткарууга тийиш.
"Убактылуу ордердин шарты боюнча зомбулукка айыпталган адам үч күн бою түз жана кыйыр түрдө зомбулукту кайталабашы керек. Ызы-чуу кылып, тынчын албай, жабырлануучу менен мамилесин убактылуу түз жана кыйыр түрдө токтотушу зарыл. Кыйыр түрүндө дегенде телефон чалып, же билдирүүлөр аркылуу да психологиялык басым жасабашы керек. Эгер аларды аткарбай, кайра зомбулугун уланта берсе, анда участкалык милиция кызматкери аны 3 суткадан 9 суткага чейин камоону өтүнүп, сотко кайрылат", - дейт Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Алижанов.
Эгер бир эле адам бир нече жолу зомбулук аракетин кайталаса, анын коргоо ордеринин мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат.
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам "жүрүм-турумун түзөтүү" программасына жиберилет. Ал программадан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өткөрөт.
"Жеңил жазанын арты кайгылуу окуяга алып келүүдө"
Укук коргоочулар жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган активисттер коргоо ордеринин негизинде убактылуу камоо менен маселе чечилбесин айтып, жазаны катаалдаштырууну талап кылып келишет.
"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова ордер азыркы замандын талабына жооп бере албаган, алсыз чара дейт.
"Азыр адамдардын ортосундагы байланыш мурунку союз мезгилдегиден кыйла өзгөчө. Коргоо ордеринин күчү жоктугу ушунчалык, бизде бир окуя болгон. Күйөөсү сабай берген келин бизге кайрылат, биз келин менен сүйлөшүп, милицияга арыз жаздырсак, алар коргоо ордерин бериптир. Күйөө сөрөй ал ордерди "дааратканага да жарабаган кагаз" деп шылдыңдаган эле. Мындан башка кандай сөз айтсак болот эми? Айрым күйөөлөр сотко барып, коомдук ишке чегерилгени үчүн да келинчектерин күнөөлөп, кийин кайра токмогу күчөгөнүн көрүп атпайбызбы. Айрым учурларда кайгылуу окуяларга алып келүүдө".
Дагы караңыз
Зомбулуктан дагы бир аялдын өмүрү кыйылды Аялдардын укугу боюнча атайын мобилдик тиркеме иштелип чыктыОштун тургуну аялына зомбулук көрсөткөнү үчүн тогуз суткага камалды"Зомбулук көрсөткөн адам эркинен ажыратылышы керек"
Учурда укук коргоочулар Жогорку Кеңештин депутаттары менен чогуу үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, мыйзам долбоору май айынын аягында коомдук талкууга чыгарылат. Демилгечилер долбоорго зомбулук көрсөткөн адам сөзсүз эркинен ажыратылышы керек деген жаза киргизилгенин белгиледи.
Өткөн аптада Каракол шаарынын тургуну Айзат Үсөнбаева оор абалда ооруканага жеткирилген. Аны сабоого шек саналып, күйөөсү кармалып камалган. Үсөнбаева күйөөсүнүн зомбулугунан улам бир нече жолу милицияга кайрылып, бир нече ирет коргоо ордерин алганы белгилүү болду. Айзаттын сабалышы боюнча милиция алгач Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин ("Үй-бүлөлүк зомбулук") негизинде сотко чейинки териштирүү баштап, келинге коргоо ордери берилген. Кийинчерээк 138-берене да ("Уруп-сабап кыйноо") кошулган.
Дагы караңыз "Абакта жатканда сылык болчу". Күйөөсү кордогон АйзатСоциалдык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Соңку алты жылда эле жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунан каза тапкан.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.
Мындай өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.
Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 9 038 адамга коргоо ордери берилген. Анын 8 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264ү жашы жетелектерге тиешелүү. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 8 599 эркекке жана 439 аялга ордер берилген.
ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн жыл бою элди кыдырып, түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатканын айтууда.