Испаниядагы ташкын: бийлик күнөөлүүбү же климат өзгөрдүбү?

Испаниядагы суу ташкындын кесепети. Валенсия. 30-октябрь, 2024-жыл.

Испанияда суу ташкындан набыт болгондордун саны 160ка чукулдады. Ондогон адам дайынсыз. Баарынан көп Валенсия аймагы жабыркады. 29-октябрда катуу жааган жамгырдан улам башталган суу ташкын бир нече саат ичинде көчөлөрдү каптап, автоунааларды, турак жайларды агызып кеткен.

Жергиликтүү тургундар убагында чара көрүп, эскертүү бербегени үчүн бийликти күнөөлөп жатат. Испаниянын өкмөтү мунун себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрүүдө.

Куткаруучулар биринин үстүнө бири минип калган автоунаалардын арасынан, суу каптаганда кыйраган үйлөрдүн урандысынын алдында аман калгандарды издешүүдө.

Жергиликтүү тургундар талкаланган турак жайлардан эң зарыл буюм-тайымдарын чыгаруу аракетин көрүп жатышат. Табият кырсыгынан өмүрү кыйылгандардын көбү Валенсия аймагынын тургундары.

29-октябрдын кечинде башталып, эртеси күнү таңга чейин жааган нөшөрдүн кесепетинен аймакта 155 адам набыт болду.

Валенсия калаасынын көчөлөрүнөн учурда тамыры менен жулунган бактарды, үзүлгөн электр зымдарын, үйлөрдөн суу агызып чыккан эмеректерди, үстү-үстүнө домино сыяктуу минип калган автоунааларды көрүүгө болот. Алардын баары баткакка чыланган.

Ондогон адамдын дайыны чыкпай жатат. Мындан улам набыт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн деген кооптонуу бар.

"Тилекке каршы, айрым транспорттук каражаттардан дагы адамдын сөөктөрү табылып жатат", - деди Испаниянын транспорт министри Оскар Пуэнте 31-октябрда.

Суу ташкындан улам көпүрөлөр талкаланып, жолдор торолду.

"Адамдын жасаты агып баратканын өз көзүм менен көрдүм. Өрт өчүрүүчүлөр адегенде улгайгандарды чыгарып кетүүгө аракет кылышты. Мен да куткаруу иштерине жардам берейин дедим. Тегеректе баары ыйлап жатышты", - деген ширетүүчү Луис Санчес. Ал бир нече адамды куткарууга жардам берген.

Суу ташкындын кесепети. Валенсия шаары. 30-октябрь, 2024-жыл.

Куткаруу иштерине жалпы миңден ашуун адам тартылды. Арасында полиция кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр дагы бар.

"Башкы максатыбыз - каза болгондордун сөөктөрүн жана дайынсыз жоголгондорду табуу", - деди Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес Валенсиянын жергиликтүү бийлиги жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү менен жолукканда.

31-октябрдан баштап Испанияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Өкмөттүк имараттардын баарында туу ылдый түшүрүлдү.

Жергиликтүү тургундар бийлик убагында чара көрүп, эскертүү берген эмес деп нааразы. Маалыматка караганда, Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы эскертүүнү 30-октябрдын кечинде гана жиберген. Ал маалда Валенсиянын бир нече району суу алдында калган. Испаниянын падышасы Филипп VI калкты этият болууга чакырып, нөшөр дагы жаашы мүмкүн экенин эскертти. Бийлик табият кырсыгынын себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрөт. Окумуштуулар дагы ушундай эле ойдо.

Дагы караңыз Экологдор эскерткен коркунуч: Аба булганган сайын ташкын күчөйт

Испаниядагы Жер ортолук деңизинин жээгинде күз мезгилинде катуу жаандан улам суу ташкын көп эле катталат. Анткен менен бул жолку баарынан катуу жана күтүүсүз болду.

Глобалдык жылуулуктун ролун иликтеген ондогон окумуштуунун башын бириктирген World Weather Attribution уюмунун ыкчам анализинин жыйынтыгына караганда, адам ишмердүүлүгүнүн кесепетинен улам башталган климаттын өзгөрүүсү катуу нөшөр ыктымалдыгын эки эсе жогорулатты.

Куткаруучулар суу ташкындан жабыркагандарды жетелеп баратышат. Летур шаары. Испания. 30-октябрь, 2024-жыл.

Испанияда эки жылдан бери өкүм сүргөн кургакчылыктан улам, жер кыртышы катып калган. Нөшөр төккөндө суу сиңбей, сел жүргөн.

Испаниянын Улуттук метеорологиялык кызматы Валенсия аймагынын Чива шаарында сегиз саат ичинде соңку 20 айда жаабаган нөшөр төккөн.

Европанын баардык аймактарына жер-жемиш экспорттогон күнөсканалар жана дыйкан чарбалар жабыркады.

Дагы караңыз Европа: аптап жүздөгөн кишинин өмүрүн алды, учактар коно албай калды

Табият кырсыгынан улам көптөр таза суусуз жана тамак-ашсыз калды. Мындан улам айрымдар талкаланган дүкөндөргө кирүүгө аргасыз болушту.

Улуттук полиция шаршембиде талап-тоноочулук үчүн 39 кишини кармаган. Алардын айрымдары уурдоого аргасыз болгонун айтышууда.

"Биз ууру эмеспиз. Бирок бизге тамак-аш керек. Эмне алып баратканымды көрүп турасыңар - бул балдардын тамагы. Электр жарыгы жок болсо балама эмне берем?", - дейт кароосуз калган дүкөндөн азык-түлүк көтөрүп бараткан жергиликтүү тургун.