Климаттык өзгөрүүдөн улам алдыдагы 25 жылда Борбор Азияда беш миллион адам жер которот деген божомол бар.
Глобалдык жылуулук маселеси дүйнөлүк саясаттын чордонунда турат. Кыргызстан эл аралык коомчулукту тоолорго көңүл буруп, мөңгүлөрдү сактап калууга чакырууда. Кыргызстандын экологиясы үчүн эл аралык уюмдар бөлүп жаткан миллиондогон долларды ким көзөмөлдөп, ким бөлүштүрөт? Мамлекеттин бул багыттагы саясаты кандай болушу керек?
Климаттык каржылоо борборунун мурдагы директору, ноябрда Дубайда өткөн COP28 саммитинин катышуучусу Дастан Абдылдаевди кепке тарттык:
- 2023-жылы дагы глобалдык климат өзгөрүп, абанын температурасы көтөрүлүп жатканы дүйнөдөгү негизги көйгөйлөрдүн сап башында болду. Декабрдын башында Дубайда өткөн климат боюнча дүйнөлүк саммитке сиз да катыштыңыз. Ал жерде 198 өлкө атайын макулдашууну жактырды. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Кыргызстан өзүнө кандай милдеттемелерди алды?
- Илимий изилдөөлөргө ылайык, быйыл тарыхтагы эң ысык жыл болду. Айрыкча июнь, июль, август айларында абанын табы рекорддук даражада көтөрүлдү. Климат канчалык өзгөрүп жатканын жана анын күнүмдүк жашообузга таасирин көрө алдык.
Дубайдагы жыйын - Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттык өзгөрүү боюнча эл аралык конференциясы.
28-жолу уюштурулду. Буга чейин башка мамлекеттерде өткөрүлгөн. Дубайдагы жыйында "Консенсус" деген чечим кабыл алынды. Анын биринчи багыты - Климаттык өзгөрүү тарыхында глобалдык жыйынтык чыгаруучу документ кабыл алынды. Анда "эгер азыркы саясат менен кете берсек, глобалдык температураны туруктуулукка алып келе албайбыз" деген чакырык камтылган. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөр климатка байланыштуу саясатын кайрадан карап чыгып, максатын жогорулатышы керек деген чечим кабыл алынды.
Бийик чечимдердин дагы бири катары мунай жана көмүр колдонуудан баш тартуу сунушталды. Баарыбызга белгилүү болуп калгандай, глобалдык деңгээлде да, Кыргызстандын шартында деле климаттык өзгөрүүгө шарт түзүп жаткан себептердин бири мунай жана көмүрдүн көп жагылышы болууда.
Жыйында көтөрүлгөн дагы бир маселе - каржылоону көбөйтүү. Азырынча конкреттүү бир сумма же сан тууралуу кеп жок. Бирок көбөйтүү жагы каралды. Каржыга байланышкан чечимдердин алкагында "Кыйроолордон кийин калыбына келтирүү фонду" түзүлдү. Ал климатка аялуу өлкөлөргө климаттын өзгөрүүсүнүн айынан тарткан зыяндарды калыбына келтирүүгө жардам берет. Анын ишмердиги түздөн түз баштала элек, бирок чечим кабыл алынды. Азырынча Дүйнөлүк банктын структурасында иштейт. Кыргызстан да бул фондго көңүл бурушу зарыл.
Маалымат үчүн: 2009-жылы XV Климаттык конференциянын катышуучулары өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн 2020-жылдан баштап жыл сайын 100 миллиард доллар бөлүүнү макулдашкан.
- Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө келгенде аялуу өлкөлөрдүн катарында. Глобалдык алкактагы программалар, эл аралык долбоорлордун биздин мамлекет үчүн кандай пайдалуу жактары бар?
- Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, деги эле кыргыз делегациясынын сунушу менен кабыл алынган чечимдердин бири катары глобалдык климаттын күн тартибине тоолор маселеси кирди. Мен муну Кыргызстан үчүн өтө маанилүү деп ойлойм.
Климаттык өзгөрүүнүн тоолорго, тоолуу экосистемага таасири, анын кесепетинен тоолорду, мөңгүлөрдү коргоо маселеси эл аралык деңгээлде көтөрүлө баштады. Жыйынтыкка жетишүү үчүн көптөгөн эмгек жана жылдар керек. Биринчи кадам ташталды.
Дубайдагы жыйын алкагында Кыргызстандын демилгеси менен "Тоолор кызматташтыгы" деген тайпа түзүлдү. Ага тоолуу өлкөлөр - Непал, Андора, Бутан сыяктуу мамлекеттер кошулуп, алгачкы аракеттер башталды.
Ал эми Кыргызстандын өзүнө түздөн-түз милдет арткан чечимдер жөнүндө айтсак, 2030-жылга чейин дүйнө коомчулугуна калыбына келүүчү энергиянын көлөмүн үч эсе көбөйтүү сунушталды. Кыргызстан да ушуга көңүл буруп, мунайдан жана көмүрдөн арылууга көңүл бурушу керек деп ойлойм. Кыргызстандын шартында карасак, калыбына келүүчү энергия булагы – бул суу ресурстары. Андан тышкары, шамалдан жана күндөн энергия алуу керек. Биринчи кадамдарды жасап, дагы да көбөйтсөк болот.
- "Тоолуу өлкөлөрдүн кызматташтыгы" деген тайпанын максаты кандай?
- Климаттык кызматташуу же сүйлөшүүлөрдө ар кандай тайпалар иштейт. Мисалы, Араб өлкөлөрүнүн, Африка мамлекеттеринин өз тайпалары бар. Алар жалпы көйгөйлөрдү алга сүрөп, аны чечүү жолдорун чогуу издешет. "Тоолуу өлкөлөрдүн кызматташтыгы" тайпасы тоолуу экосистеманы, анын ичинде мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн күрөшүп, дүйнөлүк масштабда чечим кабыл алууда роль ойнойт. Мисалы, мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн фонд түзүү маселеси өтө маанилүү. Бирок фонд түзүү да оңой эмес, айрымдар буга 20 жылдай убакыт коротот. Эгер ушундай фонд түптөлүп калса, тоолуу экосистеманы коргоого чоң өбөлгө болот.
- Президент Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун бийик трибунасынан жана бир катар эл аралык жыйындарда чөлкөмдөгү климаттын өзгөрүүсүн, айрыкча мөңгүлөрдүн эрип жатканын көтөрүп жүрөт. Өлкөнүн бул багыттагы саясаты кандай жүрүшү керек? Кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин кандай баалайсыз?
- Ооба, тоолор маселеси БУУнун трибунасында көтөрүлдү. Анын жыйынтыгы менен 2023-2027-жылдар аралыгында тоолордун экосистемасын коргоого багытталган беш жылдык программа кабыл алынды. Кыргызстан көтөргөн бул демилгени ишке ашырууда эми дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен биргеликте эбегейсиз чоң жумуштар аткарылышы кажет. БУУнун климаттык өзгөрүү боюнча кезектеги жыйыны эмки жылы Бакуда өтөт. Ал жакка да барып мурдагы көтөрүлгөн демилгелерди кайталап калбоо үчүн эки жыйын ортосунда иштер жасалышы керек. Ошондо гана максатка жетебиз.
- Кыргызстанда ушул өңдүү эл аралык жыйындарды уюштуруу, маселелерди чечүүгө аянтча түзүп берүү мүмкүнчүлүгү кандай азыр?
- Бул маселе талкууланып жүрөт. Дубайдагы жыйынды мисал келтирейин. Ал жакка дүйнө жүзүнөн 198 өлкөнүн өкүлдөрү келди. Жалпысынан 97 миң киши жеринде, 3 миңден көбүрөөк адам онлайн катышты. Демек, 100 миңден ашуун кишинин башын бириктирген конференция болду. Бул үчүн инфраструктуралык да, каржылык да мүмкүнчүлүктөр зарыл. Ошондуктан ири конференцияларды өткөрүүгө Кыргызстанда азырынча шарт бар деп айта албайм. Бирок БУУнун климаттык багыттагы иш-аракеттеринин алкагында бүткүл дүйнөлүк иш-чаралардан тышкары аймактык иш-чаралар да бар. Мисалы, 2023-жылы Азия жана Тынч океан чөлкөмүнө таандык жыйындардын бири Малайзияда болду. Мен ага да катыштым.
Дубайда БУУнун өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Кыргызстанда Carbon market же көмүр кычкыл газынын базарын талкуулаган жыйын өткөрүүнү, ага Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн адистерин чакырууну демилге кылдым. БУУнун жардамы менен Кыргызстанда бир жумалык иш-чара өткөрүүнү сунуштадым.
Себеби, Carbon market - азыр дүйнөлүк масштабдагы чоң жараян. Бишкекте мамлекеттик органдар менен да муну талкуулап жатабыз. Этап-этабы менен, кичинеден баштап аракет кыла берсек, убагы келгенде чоң жыйындарды да өткөрүшүбүз мүмкүн.
- Кыргызстандын калкынын көбү элетте жашап, айыл чарбасы менен алектенет. Климаттын айынан тургундар жер которууга мажбур болуп, башкача айтканда, экологиялык миграция агымы күчөбөйбү?
- Мындай коркунуч бар жана ал жараян башталганын ырастаган көрсөткүчтөр да бар. Дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнө таянсак, 2030-2050-жылдар аралыгында Борбор Азияда климатка байланыштуу 5 миллион адам жер которот. Азыркы шарттан алып караганда, бул боло турган иш. Ошондуктан тиешелүү чечимдерди кабыл алып, аракеттерди көрүү абзел.
- Климаттын айынан жер которгондор өлкөнүн кайсы аймактарында көп болушу мүмкүн? Ушул өңүттө карта түзүлүп, же бир прогноз жасалганбы?
- Иштер жүрүп жатат, азырынча жыйынтыгы менен тааныш эмесмин. Баштапкы маалыматтарга караганда, экологиялык миграция өзгөчө Фергана өрөөнүндө актуалдуу болот. Буга өрөөндө элдин жыш жайгашканы, айыл чарба жерлеринин азайып баратканы жана суу тартыштыгы себеп. Бирок муну экологиялык миграция Фергана өрөөнүнө гана таандык деп түшүнбөш керек. Мындай көйгөй Борбор Азиядагы дээрлик бардык аймактарга таасирин тийгизет.
- Кыргыз өкмөтүнүн мындай ыктымал коркунучтардын алдын алуу планы барбы?
- Тармак-тармактарга тиешелүү иш-чаралар, пландар бар. Алардын бири - Жашыл климаттык фонд менен чогуу даярдалып жаткан Улуттук адаптациялык план. Анда аялуу аймактарды эске алган бир багыт бар.
- Калкты климаттын өзгөрүүсүнө оңтойлоштуруу же жаңы шарттарга адаптация кылуу үчүн кандай иштер аткарылышы зарыл?
- Адаптациялык планда бир нече тармакка көңүл бурулууда: айыл чарбасы, өзгөчө кырдаал жана медицина. Азыркы тапта Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына басым жасалып, анализ жасалууда. Себеби бул үч облус Фергана өрөөнүнө кирет. Документ келаткан жылдын ортолоруна барып толук кабыл алынары айтылып жатат. Ошондо биз иш-чаралардын жана максаттардын чыныгы багыттарын көрө алабыз.
- Жакында эле БУУнун Жашыл климаттык фонду Кыргызстанда 10 миллион долларлык долбоорду каржылайт деген маалыматты окудум. Бул кандай долбоор, анын алкагында эмне жумуштар жасалат? Ошондой эле жалпы климаттык деңгээлдеги каржы маселеси кандай абалда азыр?
- Лондондо жайгашкан Изилдөө институтунун маалыматына таяна турган болсок, 2022-жылы дүйнөлүк масштабдагы жалпы климаттык каржынын көлөмү 1,3 триллион долларга жеткени эсептелди. Ошонун алкагында бир канча фонддор иштейт. Анын арасында Жашыл климаттык фонд да бар. Андан тышкары Глобалдык экологиялык фонд, Адаптациялык фонд бар. Ошондой эле эл аралык финансылык институттар - Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү банкы бар.
Ал эми Кыргызстанда кандай иштер жасалып жатканын айта турган болсок, Жашыл климаттык фонд каржылаган 10 миллион долларлык долбоор иштеп жатат. Бул каражат грант менен берилгени кубанарлык көрүнүш. Ошол фонд каржылаган 50 миллион долларлык дагы бир долбоор бар. Ал эми жакында ишин баштаган дагы бир 10 миллион долларлык долбоорду Адаптациялык фонд колдоду. Мунун баары грант. Негизги максаттары - айыл чарбасын калыбына келтирүү, токой чарбасына жардам берүү, жайыттарды калыбына келтирүү жана элет жериндеги туруктуулуккту камсыздоо. Бул мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү. Андан тышкары транспорт, энергетика тармагында кошумча иштер аткарылып жатат.
- Сиз айткан гранттык долбоорлорду ишке ашыруу кайсы мамлекеттик мекеменин түз милдетине кирет? Каржы түздөн түз кайсы органга берилет?
- Бул маанилүү суроо. Эл аралык фонддордун эрежесине ылайык, акча алуу үчүн ошол уюмдан аккредитациядан өтүү керек. Бирок бизде азыр улуттук деңгээлде ошол уюмдардан аккредитациядан өткөн бир дагы мамлекеттик мекеме жок. Бирок аракет бар. Эки жылдан бери АРИС деген уюм Жашыл климаттык фонддон аккредитациядан өтүү аракетин көрүүдө. Жакын арада жыйынтыгы чыкса, түз каржы алганга жетишебиз.
- Азыр каражат кандай ыкмада берилип жатат?
- Азыр ошол фонддордон аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын жардамы менен иштеп жатабыз. Алар: БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН), Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), айыл чарба жана азык түлүк багытында иштеген FAO уюму, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, GZT өңдүү уюмдар. Акча аларга келип түшөт жана ошонун негизинде жумуштар жасалат.
Аны ишке ашыра турган мамлекеттик мекемелер - Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Климаттык каржылоо борбору. Долбоорлорго башка министрликтер да катышат.
- Кыргызстанда климат, экология маселеси менен алектенген, жагдайларды анализдеген адистер жетиштүүбү? Алар эмнелерге муктаж?
- Акыркы үч жылда климат, экология маселесине көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандай сезилүүдө. Эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар да коомчулукка маалымат таратууда алгылыктуу иштерди жасап жатат. Чынын айтканда, буга чейин кыргыз өкмөтүнүн курамында бул багытка жоопкерчиликтүү министрлик да болгон эмес. Эки жыл мурда министрлик түзүлүп, мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун бир көрсөткүчү болду.
Ал эми адистер жөнүндө айта турган болсом, климат - бул аябай чоң багыт. Анын келечеги да, максаттары да комплекстүү маселе болгондуктан, Кыргызстанда адистер толук жетиштүү эмес. Ал үчүн коомчулуктун маалыматын жогорулатуу жана адистерди даярдоо зарыл. Анын баары билим берүүгө, эл аралык тажрыйбага көз каранды. Мектеп прогаммасына экология, климатка байланыштуу предметтерди кошуп, жогорку окуу жайларда тиешелүү факультеттерди көбөйтүү, жаштарды кызыктыруу менен максатка жете алабыз.