Иран уран байытуу кубатын кеңейтет

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин

Иран Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигине (МАГАТЭ) уран байытуу кубатын кеңейтүүгө киришкенин кабарлады. Тегерандын мындай чечимин Израил дароо сындап чыкты. Иран бийлиги 2015-жылкы өзөктүк келишим жокко чыгып кала турган шартка даярданып жатканын айтып жатат.

АКШ Тегерандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгаарын жарыялагандан туура төрт аптадан кийин Иран чечкиндүү билдирүү менен чыкты. Бул өлкө уран байытуу кубатын кеңейтүүгө киришкени тууралуу кат Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин Венадагы баш кеңсесине тапшырылды.

Мындай маалыматты Ирандын вице-президенти жана Атомдук энергетика боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехи 5-июнда жарыялады. Ал Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишим жокко чыгып калышы мүмкүн болгон шартты эске алуу менен Нетенз аймагында жаңы центрифугаларды жасоо үчүн аракетин баштап жатканын ишара кылды.

Бирок Салехи расмий Тегеран үч жыл мурда Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон ал келишимди сактай турганын жана анын өзөктүк ишмердиги ошол келишимде каралган чекте калаарын да белгиледи.

Мындан тышкары Иранда жаңы центрифугаларды же уран байытууда колдонулуучу негизги жабдыктарды жасоого киришүү жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин көрсөтмөсүнө ылайык экенин кошумчалады.

Хаменеи 4-июнда Тегерандагы жыйында өкмөткө өзөктүк келишим иштебей калган шартта уранды байытууну кайра жандандырууга даяр турууну тапшырган эле.

Ирандын вице-президенти жана Атомдук энергетика боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехи.

- Айрым Европа өлкөлөрүнүн билдирүүлөрүн карасак, алар Ирандын эли санкцияларга чыдап, ошол эле учурда өлкөбүз үчүн маанилүү болгон өзөктүк ишмердигинен баш тартат деп күтүп жаткандай туюлат. Аларга айтаарым: "Бул эч качан ишке ашпай турган кыял.

2015-жылы Иран жана АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлмай болгон. Келишимде Ирандын уранды байытуусуна он жылдык чектөө коюлган.

Бул мөөнөт ичинде Иран уранды байытыш үчүн колдоно ала турган центрифугалардын саны 5060тан ашпашы керек, байытылган урандын өлкөдөгү өлчөмү он беш жыл ичинде 300 килограммдан көбөйбөй турууга тийиш, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,97% жогору болбошу зарыл деп белгиленген.

Келишим кабыл алынганга чейинки Иранда центрифугалардын же уран байытууда колдонулуучу негизги жабдыктардын саны 27 миң даанага жакындап барган. Алардын 19 миңи өндүрүш максатында жайгаштырылган болчу. Ал эми байытылган урандын өлкөдө топтолгон өлчөмү 12 миң килограммга жеткен.

Быйыл 8-майда АКШ президенти Дональд Трамп өз өлкөсү көп тараптуу эл аралык келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын аталган документ Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу дымагын токтото албай турганы менен түшүндүргөн. Андан көп өтпөй Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги ирандык үч уюмга жана алты жаранга каршы жаңы санкцияларды киргизген.

Келишимге кол койгон башка өлкөлөр эл аралык макулдашууну сактап калууга чакырышканы менен алар Вашингтондун чечимине тоскоол боло алышкан жок. Азыртадан эле АКШнын санкцияларынан кооптонгон компаниялар Ирандан оолагыраак турууга аракет кылып жатканы кабарланууда.

Ирандын өзөктүк келишимине баштан бери караманча-каршы болуп келген Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Парижде жүргөн жеринен Тегерандын соңку билдирүүсүн сынга алды:

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен немис канцлери Ангела Меркел, Берлин, 4-июнь 2018-жыл.

- Эки күн мурда Ирандын лидери, Аятолла Али Хаменеи Израил мамлекетин жок кылуу ниетин жарыялады. Кечээ ал муну өзөктүк бомбанын арсеналын жасап чыгуу үчүн уранды чексиз байытуу жолу менен ишке ашыраарын айтты. Мен таң калган жокмун. Биз Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербейбиз.

Ирандын өзөктүк дымагы 4-июнда Нетаньяхунун немис канцлери Ангела Меркел менен Берлиндеги жолугушуусунда талкууланган. Меркел "Германия Европадагы башка өнөктөштөрү менен бирге өзөктүк келишимден чыкпаганын эске салып, ошол эле учурда Ирандын аймактагы таасири өзгөчө Израилдин коопсуздугу үчүн кабатырлануу жаратаарына" кошулаарын айткан.

Бир катар Батыш өлкөлөрү жана Араб мамлекеттери Иранды баллистикалык ракеталарын өнүктүрүп, Йемендеги өкмөткө каршы козголоңчуларды курал-жарак жабдып жатат деп да айыптап келишет. Расмий Тегеран мындай айыптоолорду четке кагып, уран байытуу программасы толугу менен тынчтык максатты көздөөрүн билдирген.

Кантсе да үч жыл мурда АКШнын ошол учурдагы президенти Барак Обаманын ири дипломатиялык жүрүшү катары мүнөздөлгөн өзөктүк келишимдин тагдыры бүдөмүк болуп турат. Азырынча Ирандын уран байытууга кайра киришүү чечимине Батыш өлкөлөрүнөн кандай жооп болоору да белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.