Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

ЕБ АКШнын Иран санкциясынан коргонот


Еврокеңештин президенти Жан-Клод Юнкер менен Еврокомиссиянын президенти Дональд Туск Софиядагы басма сөз жыйынында.
Еврокеңештин президенти Жан-Клод Юнкер менен Еврокомиссиянын президенти Дональд Туск Софиядагы басма сөз жыйынында.

Евробиримдик АКШнын Иранга каршы санкцияларынын өзүнө карата таасирин жумшартуу жараянын баштайт. Бул тууралуу биримдиктин лидерлеринин соңку саммитинен кийин айтылды. Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыккан АКШ ага каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирмекчи болгондуктан күн тартибине ушундай маселе коюлууда. Буга байланыштуу айрым европалык ири компаниялар Ирандан кетүүнү көздөп жатышканын да жарыялай башташкан.

Евробиримдик Иранда иш жүргүзгөн европалык фирмаларга АКШнын санкцияларынын тийгизе турган таасирин жумшартуучу эрежеcин кайра жандандырууга 18-майдан тартып киришет. Бул тууралуу Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер Евробиримдиктин лидерлеринин Болгариядагы жыйынынан кийин бейшемби күнү​ билдирди.

Евробиримдиктин тосмо эрежеси адегенде 1996-жылы АКШнын Кубага каршы санкцияларына жооп чара катары иштелип чыккан. Ал эреже Евробиримдиктин компанияларына биримдиктен сырткары тараптын мыйзамдарын сактабай коюшуна уруксат берет.

- Биз компанияларыбызды, Иранга инвестиция жумшаган орто жана чакан ишканаларды коргошубуз керек, аларды жалгыз калтыра албайбыз. Биз ошондой эле Европанын инвестиция банкына европалык ишканалардын Ирандагы инвестициясына көмөктөшүүгө уруксат берүүнү да чечтик. Еврокомиссия Иран менен кызматташтыкты сактайт, - деп кошумчалады Жан-Клод Юнкер.

Евробиримдиктин соңку саммитинде Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгуу жөнүндө АКШнын чечими талкууланды жана биримдиктин буга чейин айтылып келген туруму дагы бир жолу ырасталды:

Эммануел Макрон.
Эммануел Макрон.

- Биз 2015-жылы июлда кол коюлган келишимдин пайдасын Европа үчүн да,
Иран үчүн да сактоого умтулаарыбызды, ошондой эле биздин компаниялардын мыйзамдуу укугун коргоорубузду чогуу ырастадык. Менимче, биздин ролубуз - бул аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу. Биздин башкы кызыкчылык - коммерциялык же компаниялардын кызыкчылыгы эмес. Бул аймакта тигил же бул тарапка тартуу эмес, туруктуулукту камсыз кылуу, - деди Франция президенти Эммануэл Макрон Софиядагы басма сөз жыйынында.

Ал өкмөт француз ишкерлерин Иранда калууга мажбурлабай турганын айтты. Макрондун пикиринде, АКШнын келишимден чыгышынан улам Иран менен болгон ишкерликте Батыш компанияларынын ордуна Кытай менен Орусиянын ишканалары пайда табат. Бирок Европа өлкөлөрүнүн лидерлери азыркы кыйынчылыктарга карабай, трансатлантикалык байланыштардын сактоо маанилүү экенин да баса белгилешти.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин айтымында, Иран келишими боюнча АКШ менен, анын ичинде Вашингтон тынчсызданган жагдайлар жөнүндө, мисалы Тегерандын баллистикалык ракета программасы тууралуу сүйлөшүүлөр улантылат.

Европа лидерлеринин Софиядагы саммитин утурлай өткөн аптада АКШнын Финансы министрлиги европалык компанияларга Иран санциялары кайра күчүнө киргенге чейин 90 күн калганын эскерткен. Мындан улам 2016-жылы санкциялар жоюлгандан кийин Иранга биринчилерден болуп кирген Франциянын энергия гиганты - "Total" компаниясы эгер АКШнын санкцияларынан жеңилдик ала албаса Ирандан кетерин билдирген.

"Total" беш миллиард долларга чейин инвестиция жумшап, Ирандын эң ири Түштүк Парс газ кенин өздөштүрмөк болгон.

Ирандан кетээрин Германиянын камсыздандыруу секторунда иш жүргүзгөн "Allianz" жана Даниянын контейнер ташуучу "Maersk" компаниялары да билдиришкен.

"Maersk" компаниясынын жүк тарткан танкери. 2012-жылы тартылган сүрөт.
"Maersk" компаниясынын жүк тарткан танкери. 2012-жылы тартылган сүрөт.

Санкциялар жоюлгандан кийин былтыр Евробиримдик менен Ирандын ортосундагы сооданын көлөмү 21 миллиард еврого жакындап, 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе көбөйгөн.

АКШнын санкциялары америкалык жана чет элдик компаниялардын Иран менен иш жүргүзүшүнө жолтоо кылууга багытталып, алар бул үчүн америкалык долларды же каржы институттарын колдонуусуна тыюу салат.

Ал арада Иран британиялык консорциум менен макулдашууга жетишкени маалым болду. Тегерандан түшкөн маалыматка караганда, Лондондо жайгашкан "Пергаз" компаниясы алдыдагы 10 жылда Керанж кенинде 655 миллион баррел мунай казмакчы. Долбоордун акчалай наркы бир миллиард доллар.

"Пергаз" менен келишим 16-майда британ элчисинин катышуусунда түзүлгөнү менен расмий Лондон аны жактырган-жактырбаганы белгисиз.

Вашингтон 8-майда 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда, президент Дональд Трамп Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирүүнү караган документке да кол койгон.

Иран баллистикалык ракета сынаган учур. 9-март, 2016-жыл.
Иран баллистикалык ракета сынаган учур. 9-март, 2016-жыл.

АКШнын президенти 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыгуу тууралуу чечимин "Ирандын бийлиги баллистикалык ракеталарын сынап, Жакынкы Чыгышта террордук ишмердикти каржылап, ал макулдашуунун маңызын бузганы" менен түшүндүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG