Иран-АКШ тирешинин Борбор Азияга таасири

Ирандын желеги.

Иран авиа чабуулдан каза болгон генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн АКШдан өч аларын жар салды. АКШ президенти Трамп Ирандын кол салуусуна сөзсүз жооп болорун эскертти.

Геосаясий жаңжалга кыргызстандык эксперттердин баасы

Акыркы күндөрү АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалган кырдаал Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасири этиши мүмкүн, геосаясий кызматташтыкта кандай кадамдарды жасоо керек деген суроого "Арай көз чарай" берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков жана саясий илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев чакырылды.

“Азаттык”: Орозбек агай, Америка менен Ирандын көп жылдан бери минтип кырды бычак болушунун тарыхы качан башталып, себеби кайда катылган?

Орозбек Молдалиев.

Орозбек Молдалиев: АКШ менен Ирандын жаңжалынын тарыхы “Кансыз согуштун” (1970-жылдар) мезгилине барып такалат. Ал кезде АКШ баштаган НАТО блогу СССРдин айланасына өзүнүн аскер базаларын жайгаштырууга кызыкдар болгон. СССРди курчап, аны угуу үчүн орнотулган радиоэлектрондук чалгындоо борбору Иранда да орнотулган.

Кыскасы, Иран Батыштын эң ишенимдүү өнөктөшү болгон. Ошол кезде Ирандагы динге жана диниятчыларга каршы бир топ туура эмес иштер болуп кеткен. Ирандын саясий чөйрөсүнүн бир бөлүгү батышчыл көз караштагы адамдардан турган.

Ушул жана башка факторлор улутчул-диний күчтөрдүн көтөрүлүп чыгышын шарттаган, Батышта аларды “фундаменталисттер” деп аташкан. Алар жалпы элди көтөрүп, Ирандагы батышчыл шахтын бийлигин кулатууну көздөшкөн. Акыры шахтын бийлиги 1979-жылы кулап, АКШнын Ирандагы элчилиги курчоодо калган, жаңжалдын башы ошондон башталат.

Дагы караңыз Иран: Шахтын заманын самагандар көп

“Азаттык”: Талант мырза, Барак Обама АКШнын президенти болуп турганда Америка - Иран сүйлөшүүлөрү башталып, мунаса табыларына бүт дүйнө ишеним артты эле. Көп узабай эле мамиле кайра бузулуп кетти, ага эмне себеп болду?

Талант Кушчубеков.

Талант Кушчубеков: Мамилелердин бузулуп кетишине өзөктүк (ядролук) программалар себеп болгон. АКШ президенти Трамп “мен президент болуп турганда Иран эч убакта өзөктүк куралга ээ боло албайт” деп айтты. Маселенин ток этер жери ушул.

Дегеле, дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырган нерсе – ушул өзөктүк программа тынчтык үчүн колдонулабы деген суроо жаралат. Батыш Роухани Иранга президент болуп келгенде ага прогрессивдүү саясатчы катары карап, мамилелердин жылышына бир топ үмүттөрдү артышты. Европанын ири мамлекеттери Иран менен экономикалык ж.б. кызматташтыгын арттырууга көп аракеттерди көрүп жатышкан. Европа менен Ирандын ортосунда кызматташтык уланып жаткан мезгилде АКШга Барак Обама бийликке келип, мамилени жылытууга аракеттер башталганы чын.

“Азаттык”: Орозбек агай, Америка тарап Иран генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүн моюнга алды. АКШ мындай жолго Ирандын аймактагы таасирин азайтуу үчүн барды десек болобу? Кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү кандай болот деп ойлойсуз?

Касем Сулейманинин өлүмү Иранды алсырат деп айта албайм. Иранда таасирдүү, күчтүү башка топтор көп.
Орозбек Молдалиев.


Орозбек Молдалиев: 2019-жылы Америка жана анын бир топ союздаштары Касем Сулеймани башташаган “Кутус” тобун террористтик уюм катары тааныган. Демек, алар генерал баштаган топко террордук күч катары мамиле кылышты. Ошондон улам Багдаддын аэропортунан дрон аркылуу аларга кол салуу болду. Ооба, Касем Сулеймани таасирдүү генерал болчу. АКШ мындай операцияларды Усама бен Ладенге, Ал Багдадиге карата жасаган. Кыскасы, ушундай жол менен жок кылынган таасирдүү адамдардын өлүмү көп. Чеченстандын биринчи президенти деле ушундай жол менен өлтүрүлгөн. Касем Сулейманинин өлүмү Иранды алсырат деп айта албайм. Иранда таасирдүү, күчтүү башка топтор көп.

Идеологиялык жактан өтө бекем өлкө. Иранды жеңил эле ары-бери козгоп коем деген жаңылыштык.
Талант Кушчубеков.


Талант Кушчубеков: Бир адамдын өлтүрүлүшү менен Ирандын саясаты өзгөрөт деп айтуу кыйын. 1979-жылкы Иран менен азыркы Иранды салыштырып болбойт, айырмасы асман менен жердей. Ирандын системага салынган өз саясаты бар. Мамлекеттик институттар калыпка салынган. Идеологиялык жактан өтө бекем өлкө. Иранды жеңил эле ары-бери козгоп коем деген жаңылыштык. Менимче, Ирандын бул убакка чейинки саясаты өзгөрбөйт, өзгөчө Жакынкы Чыгыш аймагындагы саясаты бузулбайт. Себеби, Иран бул аймакта өзүн держава катары сезет…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"АКШ-Иран чыры Борбор Азияга чейин тутанбайт"

Аскердик жактан кубаттуу, таасир талашта дымактуу эки мамлекеттин чатагы Каспийди жээктей конгон, Борбор Азияны ортолой толгон өлкөлөргө кандай таасир этиши мүмкүн?

Ниуша Бограти.

«Азаттыктын» перс редакциясынын башчысы, ирандык Ниуша Бограти Иран менен АКШнын бул чыры Каспий боюндагы жана борбор Азиядагы өлкөлөргө чейин тутанбайт деген ойдо.

- Жакынкы Чыгыштагы кырдаал акыркы 40 жылда мынчалык ырбаган эмес, - деди ал. - Бул абал Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине чынында эле кооптуу. Бирок АКШ да, Иран да согушту тутантуунун кесепетин түшүнүп турушат. Сулейманинин өлүмү чыр-чатаксыз эле калат дегенге болбойт. Чоң эмес согуш болушу мүмкүн. Ал согуштар Араб жарым аралдарында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө гана жайылат. Ал чатактан Каспий боюндагы өлкөлөр дээрлик жабыркабайт. Бирок бул чатак Каспий боюндагы жана Борбор Азиядагы өлкөлөргө экономикалык жактан гана таасир этиши мүмкүн.

Дагы караңыз Трамп: Иранды өзөктүк державага айлантпайм

Иранда маркум генералды узатуу зыйнаты дагы эле уланып жатат. 7-январда бул иш-чарада кеминде 50 адам тепсендиде калып өлсө, дагы 200дөй адам жабыркаган. Ушундан улам Иран бийлиги генералды жерге берүүнү башка күнгө жылдырды.

Ал арада миңдеген ирандыктар «АКШга өлүм!» деген кыйкырыктар менен көчөгө чыгып, Американын байрагын өрттөөнү улантышууда. Ирандын лидери аятолла Хаменеи АКШдан өч аларын ачык жарыялады. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп өч алуу аракетине жооп катары Ирандын бутада турган 52 объектисин талкалай турганын билдирди. Ниуша Богратинин сөзү боюнча, Трамп айткан обьектилер кайсылар экенин Иранда эч ким так билбейт.

Муну тек гана бири-бирине айбат көрсөтүү десек болот.

- Иран АКШдан кантип өч аларын так айткан жок, - деди ал. - Айрымдары Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы базаларына чабуул коюшу мүмкүн экенин айтып жатат. АКШнын президенти Трамп да Ирандын өтө маанилүү 52 обьектисине сокку ура турганын жарыялаганы менен кайсы объектилер экенин ачык айткан жок. Социалдык тармактарда ал объектилер тарыхый эстеликтер болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Айрымдары Ирандын телекоммуникациялык борборлору болушу мүмкүн дешет. Муну тек гана бири-бирине айбат көрсөтүү десек болот.

Касем Сулеймани Ирандын тышкы иштерин 20 жылдан бери өзү чечип келген. Бүт армияны көзөмөлдөп турган. Ал өлкөдөгү эң популярдуу саясатчылардын бири болгон. Ирандын лидери аятолла Хаменеи Касем Сулейманинин тажиясында эл алдында ыйлап турду. Иран эли акыркы он жылда өлкө башчы эл алдында көз жашын төккөн окуяны көргөн эмес.

Дагы караңыз Иран Ирактагы АКШ аскерлерине сокку урду

Ирандын лидери генерал Сулейманинин ордуна Исмаил Каанини дайындады. Каани генералдын эң жакын жардамчысы жана орун басары болгон.

Ниуша Богратинин айтымында, Иран элинин көпчүлүгү Батыш маданиятын алууну, Батыштагыдай жашоо образына өтүүнү каалашат.

Иран бийлигинин бул саясатын элдин баары колдойт деп айта албайм.


- Ирандыктардын көпчүлүгү «өч алабыз», «согуш кылабыз» деген чакырыктарга каршы, - деди маектешибиз. - Мындай ураандарды бийлик жана бийликтин тарапкерлери гана колдоп жатышат. Ирандын азыркы режими бийликти колдон чыгарбаш үчүн душманды сырттан издейт. Бир туруп Сауд Арабиясы, бир туруп Англия, бир туруп Израил менен касташып турат. Иран акыркы 40 жылдан бери АКШны душман тутуп келет. Бирок Иран бийлигинин бул саясатын элдин баары колдойт деп айта албайм. Көпчүлүгү АКШ менен, Батыш менен мамиле курууну, Батыштагыдай жашоо образын күтүүнү жакташат. Бирок Ирандын баары эле антип ойлобойт. Учурда көчөгө чыгып аткандар - азыркы режимдин жактоочулары.

Касем Сулеймани Иранда «Кудс» деп аталган атайын даярдыктагы аскер бөлүгүн 1998-жылдан бери башкарып келген. Бул аскердик бөлүк Ирандын сыртында, тагыраагы кошуна мамлекеттерде жашыруун аскердик операцияларды жүргүзүү менен алектенчү.

Ал негизинен Ирандын сыртында Ливанда, Йеменде, Сирияда жана Иракта аракеттенген. Өзү да Ирактын борбору Багдад шаарында АКШнын авиа чабуулунан курман болду. Касем Сулеймани тууралуу ирандыктар арасында пикирлер бир кылка эмес. Аны кошуна өлкөлөрдөгү чатактарга аралашып, Ирандын элин шорлоткон адам катары көргөндөр да, тескерисинче улуттук баатыр деп эсептегендер да көп.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​