Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Иранда кулаган учакта жети өлкөнүн жарандары болгон


Тегерандагы Имам Хомейни аэропортунда кулаган «Боинг 737-800» үлгүсүндөгү украиналык учактагы кеминде 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү мерт болду.
Тегерандагы Имам Хомейни аэропортунда кулаган «Боинг 737-800» үлгүсүндөгү украиналык учактагы кеминде 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү мерт болду.

8-январдын таңында Ирандын борбору - Тегерандагы Имам Хомейни аэропортуна жакын жерде кулаган учак Киевдеги Борисполь аэропортуна багыт алган.

Иранда украиналык учак кырсыкка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00


Тегерандагы Имам Хомейни аэропортунда кулаган «Боинг 737-800» үлгүсүндөгү украиналык учакта бараткан 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү мерт болду. Бул тууралуу Ирандагы мамлекеттик каражаттарына таянып «Reuters» агенттиги жазып чыкты.

Тегерандагы авиа кырсыкта курман болгондордун арасында 7 өлкөнүн жарандары болгон. Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко учакта ирандык 82, канадалык 63, украиналык 11 киши, андан тышкары Швециянын, Германиянын, Ооганстандын жана Британиянын жарандары болгонун «Твиттерге» жазды.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык «Боинг 737-800» шаршембиде эртең менен Тегерандан учуп чыгары менен кулаган. Бортунда 176 киши, анын ичинде экипаждын 9 мүчөсү бар болчу. Ирандын Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Касем Бинаиздин айтымында, моторлордун бирин өрт чалгандан кийин пилот учакты башкара албай калган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бардык жарандык учактарды текшерүү тапшырылганын билдирди.

Курман болгондордун жакындарына көңүл айткан президент Омандагы эс алуусун токтотуп, Киевге жөнөдү.

«Фейсбуктагы» комментарийинде Зеленский ар кандай жоромолдордон, айың кептерден карманууга чакырды.

Ичинде 170тен ашык жүргүнчү жана экипаж бар «Боинг 737-800» үлгүсүндөгү учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:15та аэропорттон учуп чыгышы керек болчу. Учак көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган.

Ирандын расмий жана жарым-жартылай расмий маалымат каражаттары кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Кырсыкка кабылган «Боинг 737-800» - абдан көп колдонулган бир моторлуу, эки кыймылдаткычы бар лайнер. Ал көбүнесе кыска жана орто аралыктагы каттамдарга учат. Дүйнөдө мындай үлгүдөгү миңдеген учактар учуп жүрөт.

Аймактагы курчуган кырдаал

Украиналык учактын кулашы Иран менен АКШнын мамилеси кескин курчуп, аймакта кырдаал чыңалып турган учурда болуп отурат.

8-январда Иран баллистикалык ракета атып, Ирактагы бир канча аймакка сокку урду. Пентагон анын ичинде АКШнын аскерлери жайгашкан эки база бар экенин кабарлады.

Коргоо министрлигинин өкүлү Жонатан Хоффман «ракеталар Ирандан атылганы анык» деп билдирди. Анын айтымында, Айн-Асад жана Эрбил аскердик базаларына сокку тийген.

Бул базаларда АКШнын жана «Ислам мамлекети» террорчул тобуна каршы операция жүргүзгөн коалициянын аскерлери жайгашкан.

«Биз учурда аскердик чыгым боюнча алгачкы талдоо жүргүзүп жатабыз. Кырдаалды баалаганга жараша америкалык персоналды, өнөктөштөрдү коргош үчүн керектүү чара көрөбүз», деп айтылат АКШнын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө.

Ал эми Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына чыгым эсептелип жатканын билдирип, «азырынча баары жакшы» деп жазды.

«Биздин армия дүйнөдөгү эң кубаттуу жана эң жакшы жабдылган» деп айтылат президенттин «Твиттердеги» эки саат мурунку постунда.

Ошондой эле Трамп кырдаал боюнча АКШ убактысы боюнча эртең менен билдирүү жасай турганын белгилеген.

Бир нече саат мурун Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлү аскердик базага коюлган чабуулду генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу деп баалаган.

Иран тарап бул операция «Шейит кеткен Сулеймани» деп аталарын жана анын максаты мындан ары адам өлүмүн көбөйтпөш үчүн аймактан АКШ аскерлерин чыгаруу экенин билдирүүдө.

Ирандын мамлекеттик телеканалы Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактагы америкалык базаларды аткылаганын маалымдады.

Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулаймани 3-январда Багдадда америкалык авиациянын соккусунан курман болгон соң Тегеран менен Вашингтондун тиреши ого бетер курчуп кеткен.

Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 50дөн ашык объектисине, алардын арасында маданий жайларга «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп опузалаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG