Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги Олег Жданов «Азаттык» менен болгон маегинде Москванын бул аскердик кызматташтык багытындагы долбоорлорунун күңгөй-тескейине токтолду.
«Азаттык»: «Орусия Украинанын аймагындагы аскердик өндүрүш жайларын Кыргызстанга жана чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө көчүрөт» деген маалымат чыкты. Бул канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?
Олег Жданов: Орусия басып алган Луганск жана Донецк облустарындагы сегиз аскердик өндүрүш жайын да орустар өзүнө каратып алып, тагыраак айтканда алар чыгарган курал-жаракты ташып кетишкен. Алардын катарында Лугансктагы ок-дары чыгарган завод да бар. Ошол ишканалар Орусия менен кызматташкан, анын ичинде аскердик-техникалык келишими бар КМШ өлкөлөрүнө жайгаштырылышы мүмкүн.
«Азаттык»: Орусия Кыргызстан менен аскердик кызматташтыгын, анын ичинде торпедо сынаган долбоорун кеңейтет деген маалымат да чыкты...
Крымдагы аскердик заводдордон чыккан курал-жарак, алардын үлгүлөрүн же тетиктерин чыгаруу Кыргызстанга көчүрүлүшү мүмкүн.
Олег Жданов: Орусия Крымды өзүнө каратып алганда Керч менен Севастополдогу кеме куруучу заводдорду да басып алган. Эки аптадай мурун Севастополдо Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аскердик кемеси деңизге түшурүлдү. Орус бийлиги аны ачык жарыялабай, алтургай кеменин кимге таандык экенин жашыруу максатында анын тулкусундагы жылдызды да боёп салышкан. Мына ошол кемеде торпедо да болушу мүмкүн. Крымдагы аскердик заводдордон чыккан курал-жарак, алардын үлгүлөрүн же тетиктерин чыгаруу Кыргызстанга көчүрүлүшү мүмкүн.
«Азаттык»: Орусия эмне үчүн Борбор Азияда аскердик долбоорлорун кеңейте баштады? Буга чейин Москва Ташкент менен да бул багытта иш жүргүзө баштаганы маалым...
Олег Жданов: Орусия Украинаны толук колдон чыгарды. Иш жүзүндө Украина Батыштын юрисдикциясына өтүп жатат. Андыктан Москва Азиядагы таасирин күчөтөт. Булар Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан. Бул өлкөлөр аркылуу Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоору өтөрүн белгилей кетүү керек. Европа менен Кытайды бириктирген ошол Жаңы Жибек жолу Орусияны кыйгап кетет. Андыктан Орусиянын экспансиясы бардык тармакта, анын ичинде аскердик чөйрөдө күчөйт.
«Азаттык»: Бирок ошол эле маалда Борбор Азия чөлкөмүндө Ооганстандагы жагдайдан улам аймактык коопсуздук да көңүл чордонундагы маселе эмеспи?
Орусия силердин өлкөлөрдү Ооганстандагы кырдаалды айтып, коркутуп, өз экспансиясын жайылта берет. Ооганстандын өзүндө болсо Орусия кечикти.
Олег Жданов: Ооганстанды алсак, Кытай менен АКШнын экономикалык таасирине Орусия туруштук бере албайт. Кытай Ооганстанда жез кенин иштете баштады. АКШ болсо молибиден казууга инвестиция жумшап жатат. Молибден – ылдамдыгы үндөн тез болгон ракетага керектелчү өтө бышык металл, андан курал-жарактын жаңы мууну жасалат.
Андыктан Орусия силердин өлкөлөрдү Ооганстандагы кырдаалды айтып, коркутуп, өз экспансиясын жайылта берет. Ооганстандын өзүндө болсо Орусия кечикти. Ал өлкөнүн стратегиялык тармактарына башкалар капитал сарптап жатышат.
Орусия Азиядагы позициясын бекемдөөгө жан үрөп киришип жатканын баса белгилегим келет. Дагы бир фактор – Орусия Кавказды да көзөмөлүнөн чыгарды. Эгер Израил Грузияга абадан коргончу «темир чатыр» системасына киргизилген тыюуну жойсо, анда Кавказдын асманы орустарга жабылат. Ереван коопсуздук жагынан Грузияга кошулуп, европалык векторго ыктайт. Ошентип Москва Кавказды колунан чыгарды, эми Азия тарапка бет алат. Мына ошол жерде Орусия өз күчүн көрсөтүп, Кытайга жана анын дымактуу Жаңы Жибек жолу стратегиясына сес көрсөткүсү келет.
«Азаттык»: Украин өндүрүшүнөн чыккан курал-жабдыктын бөлүктөрү, ок-дары Сириядан, Африкадагы жаңжал жүрүп жаткан өлкөлөрдөн табылганы белгилүү. Демек бул курал-жарак аткезчилик аркылуу да сатылганын көрсөтөбү?
Ереван коопсуздук жагынан Грузияга кошулуп, европалык векторго ыктайт. Ошентип Москва Кавказды колунан чыгарды, эми Азия тарапка бет алат.
Олег Жданов: Сирияга байланыштуу маалымат жок, ал өлкөдө бизден чыккан курал-жабдык табылганы белгисиз. Африкада болсо андай фактылар бар. Мисалы, Судан. Бул өлкөгө курал ташып бараткан кеме кармалганда андагы жүктө «Украинада жасалган» деген белги аныкталган. Бирок ал көмүскө жол менен ишке ашкан келишим болгон. Анын айынан биздин өлкөдө курал-жабдык сатууда монополистке айланган «Укрспецэкспорт» компаниясы санкцияга илинген. Андан кийин ал компания ишин токтотту. Бүгүнкү күндө курал-жарак сатууну «Укроборонпром» компаниясы гана жүргүзөт.
«Азаттык»: Сирия тууралуу бекеринен айткан жокмун. Мындан жети-сегиз жыл мурун Лугансктагы ок-дары заводунан чыккан патрондор согуш жүрүп жаткан аймактан табылган. Ок-дары салынган жащиктин сыртында Кыргызстандагы «Dastan Engineering Company» ишканасы да көрсөтүлгөн. Бул далил эмеспи?
Олег Жданов: Мен билгенден Украина менен Кыргызстандын ортосунда курал-жарак сатуу жөнүндө келишим жок. Балким болсо да жашыруундур, андыктан андай маалымат айтылбайт. Ошол эле маалда офшордук компаниялар аркылуу кандайдыр бир схемалар болсо керек. Андай келишимдерди эч ким так кесе четке какпайт. Курал-жарак сатуунун көлөмүн карасак, айрыкча Украинанын чыгышындагы аскердик операцияларга чейин биздин курал саткан базарыбыз өтө эле кеңири эле. Андыктан балким Кыргызстандын аймагында жайгашкан компаниялардын да тиешеси болушу толук мүмкүн.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.