Түзөтүүлөрдүн негизги пункттары базанын аянтын кеңейтүү жана жерди ижарага алуу боюнча болду.
Эмесе сөз башынан болсун. Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар:
- Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы;
- Каракол шаарындагы сыноо базасы,
- Чалдовар кыштагындагы байланыш түйүнү,
- Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.
Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан. Азыркы учурда орус базасы деп ушул төрт объектинин баары эсептелет. Бул тууралуу документ «Бирдиктүү орус аскер базасынын статусу жана Кыргыз Республикасынын аймагында турушунун шарттары жөнүндө Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашуу» деп аталат.
2019-жылдын 28-мартында тараптар бул макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго кол коюшту. Документке ылайык Орусия Чалдовардагы байланыш түйүнүнүн аянтын 811,2 гектардан 851,2 гектарга чейин, ошондой эле Караколдогу сыноо базасынын аянтын 55 гектардан 73,3 гектарга чейин кеңейтет. Жалпысынан бирдиктүү орус базасынын аянты 58,3 гектарга (же 583 миң чарчы метрге) кеңейет. Мындан тышкары 2012-жылдагы биринчи макулдашууга ылайык Орусия жер аянтынын ар бир чарчы метри үчүн жылына 50 цент же 0,5 доллар төлөйт. Ошентип, кошумча 58,3 гектар үчүн жылына алына турган сумма 291 миң долларды түзө турган болду.
Бүгүнкү күнгө чейин ижаранын жалпы суммасы жылына 4,5 млн. долларды түзүп келген. Жаңы макулдашуу боюнча ижара акысы өзгөргөн жок, бирок бирдиктүү базанын жалпы аянтын 58,3 гектарга чейин кеңейтүүнүн эсебинен ижаранын жалпы суммасы 4,5 млн. доллардан 4,79 млн. долларга чейин көтөрүлдү.
Документ мындан тышкары учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануунун эрежелерин жана Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкесин модернизациялоону камтыйт. Бирдиктүү орус базасы тууралуу макулдашууга киргизилген өзгөртүүлөр эки өлкөнүн тең тиешелүү ички мамлекеттик жол-жоболорунан өткөн соң күчүнө кирет.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. 2013-жылы расмий Бишкек Транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) жайгаштыруу жөнүндө АКШ менен макулдашууну денонсациялаган, андыктан 2014-жылдын 11-июлуна чейин Вашингтон бул объектини толугу менен чыгарып кетүүгө мажбур болгон. Америкалык базаны өлкөдөн чыгаруу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убадаларынын бири болгон. АКШ ТЖБнын ижарасы үчүн жылына 60 млн. доллар төлөп келген.
Кыргызстандын жетекчилиги Орусияны өлкөнүн негизги стратегиялык өнөктөшү деп жарыялаган. Кыргызстан менен Орусия Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) сыңары уюмдарга кирет.
Азыркы бирдиктүү аскер базасын кеңейтүү жөнүндө Кыргызстанда экинчи орус базасын ачуу боюнча талкуулардын шартында белгилүү болду. 1-февралда ТАСС маалымат агенттиги Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен болгон маекти «Кыргызстандын Орусиядагы элчиси: Бишкек экинчи орус базасынын ачылышын жокко чыгарбайт» деген тема менен жарыялаган. Маек кеңири талкууларга жем таштаган. Жекшенкулов 4-февралда бул талкууларга комментарий берип жатып анын сөздөрүнүн мааниси бурмаланганын билдирген жана маектин текстин жакшыраак окууга үндөгөн. Бирок бир нече күндөн кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров экинчи база ачуу жөнүндө кеп-сөздөрдү орус тарап «биринчи жолу укканын» айткан.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын декабрындагы басма сөз жыйынында «Кыргызстанда экинчи орус аскер базасын ачуу жөнүндө кеп болбогонун» билдирген. «Орусиянын президенти Владимир Путин Канттагы орус базасынын бекемделишине жана кеңейтилишине өзгөчө көңүл бурат. Менимче бизге бир эле орусиялык база жетиштүү», - деп кошумчалаган Жээнбеков.
(Макаланын орусча түп нускасы бул жерде).