Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

НАТО Грузияга эшигин ачканы калды


Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Крцанисидеги жолугушууда. Тбилиси. 25-март, 2019-жыл.
Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Крцанисидеги жолугушууда. Тбилиси. 25-март, 2019-жыл.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Грузия Орусиянын каршылыгына карабай альянстын курамына кошуларын, Москва ага бут тосо албай турганын билдирди. Ушу тапта Тбилисиде жүргөн баш катчы Грузиянын НАТОго киришине байланыштуу биргелешкен аракеттер улантыларын белгиледи.

Йенс Столтенберг 25-мартта Грузиянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Сапардын жүрүшүндө ал Грузияда өтүп жаткан НАТОнун аскердик машыгууларын көрүү максатын көздөйт.

Дүйшөмбүдө баш катчы грузин премьер-министри менен машыгуулардын алкагында сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин басма сөз жыйынын өткөрүп, өлкөнү уюмга кабыл алуу аракеттери улантыларын айтты:

"Грузия - НАТО үчүн өзгөчө макамдагы өнөктөш. Уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн лидерлери былтыр жайында Брюсселде Грузиянын НАТОго кириши боюнча Бухарест саммитинин чечимин дагы бир ирет ырасташты".

2008-жылы Бухаресттеги саммит учурунда НАТО Грузияны мүчө катары кабыл алууга макул болгон. Орусия буга каршы чыккан. Орус президенти Владимир Путин өз өлкөсү НАТОнун курамы Грузия жана Украина менен кеңейишине каршы экенин айтып, альянс бул эки мамлекетсиз эле иштей аларын билдирген.

Ошол жылдын август айында Орусия менен Грузиянын ортосунда беш күндүк согуш болгон. Куралдуу жаңжал Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетиянын айынан тутанган. Москва Грузиянын карамагындагы дагы бир жикчил республика – Абхазияны колдоп жүрөт, эки чөлкөмдү тең эгемен өлкө деп тааныган. Москванын аскердик кийлигишүүсү аймактагы чыңалууга түрткү берген.

Грузия өлкөнүн бир бөлүгүн оккупациялагандыгы үчүн Орусияны айыптап келет. Йенс Столтенберг Тбилисидеги сапары маалында НАТО Грузиянын аймактык бүтүндүгүн толугу менен колдорун белгиледи:

"Биз Орусияны Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануудан баш тартууга жана аймактан аскердик күчтөрүн чыгарууга чакырабыз. НАТОнун саясатына бир дагы өлкө таасир эте албайт".

Столтенберг грузин президенти Саломе Зурабишвили менен да сүйлөшүп, өлкөдөгү реформаларды кубаттады. Расмий Тбилиси быйыл НАТО менен мамилесинде алга жылуу болот деп үмүт артып жатат.

Премьер-министр Мамука Бахтадзенин пикиринде, баш катчы Столтенбергдин сапары муну далилдеди:

"Грузин кооомчулугунун басымдуу бөлүгү өлкөнүн НАТОго мүчө болушун колдойт. Бул - Грузиянын аракети жөн гана саясий кадам эмес, өзүбүздүн баалуулуктарга негизделген тандоо экенин айгинелейт".

Грузия НАТОго расмий качан мүчө болот, азырынча так датасы белгилене элек. 4 миллионго чукул калкы калкы бар Грузия азыр уюмга кирүү үчүн эки баскычтан өттү.

2011-жылдан тарта Грузияда жыл сайын НАТОнун машыгуулары да өтүп турат. Бул жолку аскердик машыгуу 18-марттан бери Тбилисинин жанындагы Крцаниси Улуттук окуу борборунда уланууда. Марттын этегинде аяктай турган иш-чарага альянска мүчө жана өнөктөш болгон 24 мамлекеттен 350гө чукул жоокер катышып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG