Буга чейин мыйзамда бала бакчалардагы тамак-аш чыгымын толугу менен ата-энелер төлөйт деп көрсөтүлгөндүктөн, ага айрым нааразылыктар болуп, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган. Өкмөт өкүлдөрү үнөмдөлгөн каражатка бала бакча салынарын айтууда.
Бишкек шаарынын тургуну Махабаттын эки баласы мектепке, бир баласы бала бакчага барат. Күйөөсү гана иштегендиктен, айрым төлөмдөр аларга оор келип каларын айтууда.
"Толугу менен ата-эне төлөсө, кымбат болуп калат го. Андан сырткары бала бакчанын фондуна деп 1000 сом төлөйбүз. Бул даараткана бузулса, крандар иштебей калса ошого кетет дейт. Бир тайпада бери дегенде 20 бала болсо, айына 20 миңден чыгым кетпесе керек? Мындан сырткары оюнчукту, кеңсе буюмдарын өзүбүз алып беребиз. Биз өзүбүз чоң үй-бүлөбүз, жолдошум жалгыз иштейт. Муну айтсам, балаңарды башка каалаган бала бакчаңарга бергиле дегенге чейин барышкан".
"Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президент артка кайтаргандан кийин коомчулукта кайрадан талкуу күчөдү.
Мыйзамда "бала бакчаларда балдардын тамагын толугу менен ата-энелер же баланын мыйзамдуу өкүлү төлөйт" деп көрсөтүлгөндүктөн, аны өзгөртүү аракети болгон.
Жогорку Кеңештин 19-июндагы жалпы отурумунда финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев өзгөртүүлөр боюнча мыйзам артка кайтарылганын ырастады.
“"Билим берүү жөнүндө" былтыр августта кабыл алынган мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүндө "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамактануу мамлекет тарабынан эмес, ата-энелер тарабынан каржыланат" деп жазылып турат. Бирок ага Жогорку Кеңештин депутаттары каршы чыгып, "балдардын тамагын жергиликтүү бийлик менен ата-энелер тең бөлүп төлөйт" деп өзгөртүү киргизген. Президент буга каршы болуп, мыйзам долбоорун артка кайтарды. Эми акча бөлүнбөйт”.
Аманбаевдин айтымында, былтыр бала бакчалардагы наристелердин тамагы үчүн мамлекеттик бюджеттен 800 млн сом бөлүнгөн.
Министрдин орун басары балдардын тамагынан үнөмдөлгөн акча бала бакча курууга, бакчалардын инфратүзүмүн жакшыртууга жумшаларын белгиледи.
2023-жылы күзүндө Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда ата-энелер эсебинен тамактануу уюштуруларын билдирген.
Министрлик буга ошол жылы 11-августта "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын негиз кылган.
Дагы караңыз
Багы ачылбаган бала бакчалар
Маалымат коомчулукта нааразылык жаратып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган. Жогорку Кеңеш "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга "бала бакчалардын тамак-ашына акча мамлекеттик казынадан бөлүнөт" деп өзгөртүү киргизип, мыйзам долбоорун 11-апрелде үч окууда кабыл алган.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова бардык эле ата-энелердин буга мүмкүнчүлүгү болбой турганын белгиледи:
"Биз азыр бала бакчага барган балдар 26% түзөт деп айтып жатабыз. Бул абдан аз. Эми ушул 26% балдардын тамак-ашын мамлекет камсыз кыла албайбы? Бул жерде жөн эле тез татым эмес, туура тамактануу тууралуу сөз болууда. Азыр мыйзам 800 млн сом үчүн артка кайтарылууда. Эми президенттин ветосуна эч ким каршы чыга албайт, бирок муну ишке ашырса болот эле. Биздин тийиштүү комитеттер дагы буга аракет кылган жок. Эмнеге коомдук талкуу өткөргөн эмес? Айылдарга барганда айрым жерлерде мамлекеттик бакчалардан араң эле бирөө бар. Азыр бардыгы ата-эненин моюнуна жүктөлүп жатат, бирок бардыгынын эле ага шарты боло бербейт".
Билим берүү жана илим министрлиги балдардын тамагын толугу менен ата-эне моюнуна алат деген норма бардык аймактарда ушул жылдын аягына чейин ишке аша турганын билдирүүдө.
Министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын белгилешинче, учурда өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына субсидия берүү жолдорун караштырууда:
"Мыйзамга ылайык, бала бакчалардын тамак-ашын каржылоо ата-энелер тарабынан жүргүзүлөт. Учурда мыйзам алдындагы ченемдик-укуктук актыларды ылайык келтирүү иши жүрүп жатат. Жогорку Кеңеш ушуга байланыштуу пунктту алып салууну сунуштагандыктан, бул иштер токтоп турган. Ошол эле учурда мамлекет аз камсыз болгон, калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн субсидия берүүнү карап жатат. Билим берүү министрлиги ваучер механизми менен айкалыштырып токтом иштеп чыкты. Бул башка министрлик, ведомстоволор менен макулдашуудан өтүп жатат. Буга чейин айыл өкмөттөр 4 сомдон 18 сомго чейин каржылап, ата-энелер балдардын тамак-ашынын 80-90% төлөп келген. Дотацияда отурган айыл өкмөттөрдө ата-энелер 100% төлөгөн бала бакчалар буга чейин деле болгон. Бир гана Бишкекте 50 пайызын ата-эне, 50% мэрия төлөп, 60 сомдон 120 сом балдардын тамак-ашын каржыланган. Эми баланын билимине эмес, өзүнө сарпталган чыгымдарды ата-эне, билим берүү тармагы мугалимдердин айлыгын каржылайт, жергиликтүү органдар каражатты инфратүзүмдү жакшыртууга, кошумча имарат курууга, бала бакча менен камсыздоого жумшасын деп жатабыз".
Нурзида Касымованын белгилешинче, атайын ченемдик каржылоо боюнча токтомдун долбоору дагы талкууга коюлуп, министрликтер менен макулдашуудан өтүп жатат. Буга ылайык ата-энелер баланын өзүнө кеткен (кеңсе буюмдарын, оюнчук сатып алууга) чыгымдарды өзүнө алат. Бул болжол менен бир жылга 850 сомдой деп эсептелген. Касымова ата-энелер мындан башка каражат төлөбөй турганын кошумчалады.
Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Динара Чокоева бул мыйзам жаш үй-бүлөлөрдү кыйын абалга алып келип, бакчага барбаган балдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп эсептейт:
"Балдар биздин келечегибиз деген менен, азыр балдарга басым көп болууда. Жакында эле мамлекеттен жөлөк пул алгандар азайды деп айтылды. Бул элдин баары жакшы жашап кетти, жөлөк пулга муктаждар азайды дегенди билдирбейт да. Муздаткычың бар, телевизоруң бар деп эле жөлөк пул алгандардын санын кыскартып жатат. Азыр эми ата-энелер тамак-ашын төлөсүн дегени жаш үй-бүлөлөргө таасирин тийгизет. Анткени мамлекеттик бала бакчаларга көбүнчө жаш бүлөлөр, мамлекеттик кызматта иштегендер балдарын алып барат. Алардын айлыгы, каражаты чектелүү. Эки-үч балалуу ата-энелер үчүн бул сумма көп эле болуп калат".
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. Билим берүү жана илим министрлигинин эсебинде, бакчага барган наристелердин саны 28,3 пайызды түзөт. Өкмөт муну соңку бир-эки жылда 40% жеткирүүнү көздөп жатат.