Шаардын курамына кошулган 20 жаңы конуш Биринчи Май районуна караса, 16сы Свердлов районунун карамагында. Жетөө Ленин районуна, алтоо Октябрь районуна карайт.
Мындай конуштар 1988-1989-жылдардан тартып 2013-жылга чейин пайда болгон. Алардын көбү 2005 жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөрдөн кийин басып алынган.
Жыйынтыгында ал конуштардагы жер тилкелердин көбү үч-төрт адамга сатылган учурлар катталып, талашка түшкөн. Жол, суу, мектеп, бала бакча сыяктуу инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөр толук чечилбей турат.
Расмий маалыматка таянсак, 2023-жылдын 1-ноябрына карата Бишкек шаарындагы калктын саны 1 млн 162,4 миң кишиге жеткен. Анын 200 миңден ашууну жаңы конуштарда жашайт.
Жарык жана таза суусу жок Ак-Жар
Ак-Жар конушу "Дордой" базарынын жанында, шаардын түндүк тарабында жайгашкан. Аянты жалпысынан 150 гектарга чукул. Туруктуу жашаган калкынын саны 10 миңден ашат.
Бул жерде мектеп, оорукана, бала бакча маселеси чечилген эмес. Жер тилкелери толук мыйзамдаштырыла элек болгондуктан, жашоочулар жарык жана таза суудан жашоочулардан кыйналып келет.
Ак-Жар конушунун тургуну Бүбүайым Эсенбаева жолдошу экөө бул жактан 2017-жылы жер алып, убактылуу жашап туруу үчүн чакан там салышкан. Ошол жылы эле анын жанына алты бөлмөлүү эки кабат үйдүн пайдубалын тургузушкан. Ал үйүнүн дубалы көтөрүлүп, бир нече бөлмөсүнө эшик-терезе коюлганы менен, азыр деле толук бүтө элек.
Бүбүайым апанын абышкасы быйыл январда оорудан улам каза болду.
"Убагында бул жерди 120 миң сомго сатып алганбыз. Анан балдарга бизден эстелик болсун деп там салдык. Абышкам уста эле, үйдү өз колу менен тургузду. Мен жардамчы болдум. Үйдүн эшик-терезесин салып, эки бөлмөсүн бүтүрүп, былтыр ноярбда көчүп киргенбиз. Толук бүтө элек. Көчүп киргенден көп өтпөй эле абышкам каза болуп калды. Эми бул тамды өзүм бүтүрөм деп максат койдум. Биз келгенде Ак-Жарда суу жок эле. Ар кайсы жактан ташып келип, үй куруп аттык. Азыр ар бир үйдүн эшигинин астына суу келди. Абышкам үйдүн ичине суу түтүгүн орнотуп, бирок суу чыгарганга үлгүрбөй кетти", - деди ал.
Бүбүайым Эсенбаеванын кошунасы Нурбүбү Кенебаева 15 жылдан бери Ак-Жарда жашайт. Ал жаңы көчүп келген күндөрүн минтип эскерип отурду:
"Ак-Жар пайда болгондон бери жашап атабыз. Башында свет, суу жок болчу. Ар кайсы жерде бирден-экиден үй бар эле. Сууну маршрутка менен ташып келишчү, ошолордон сатып алчубуз. Азыр суу ар бир үйдүн короосуна кирди. Жолубуз оңдолбой келет. Мектеп, бала бакча жок, балдар кыйналды. Менин балдарым ар кайсы мектепте окуп, жакшы деле билим алышкан жок. Мурун таштанды жайдан (Бишкектин мурдагы таштанды полигону конушка жакын - ред.) жыт келип, түнү бою көк түтүн каптачу. Астма менен ооруйт элем, аябай кыйналдым. Былтыр таштанды талаасы жабылгандан бери жакшы дем алып калдым. Былтыр үйүбүздүн да документтерин алдык. Эми мындан ары жакшы болот деген үмүт менен жашап атабыз".
Ак-Жар - 2005-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда жер басып алуудан пайда болгон конуштардын бири. Мындан улам көпчүлүк тургундар үйүнө документ ала албай, мыйзамсыз жашап келген.
2021-жылы жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынып, Ак-Жардагы үйлөргө да кызыл китеп бериле баштаган. Конуш жакында Бишкек шаарынын курамына киргени турат.
Мындан улам Ак-Жарда жер тилкеси беш эсе кымбаттап кеткен. Мисалы, эки жыл мурун бир участоктун баасы 4 миң долларга сейин сатылса, азыр 17 миңден 20 миң долларга чейин бааланат.
Ак-Жарда жер тилкеси кымбаттаганы менен, жашоо-шарт, жолдордун абалы дагы деле кейиштүү абалда. Транспорт көйгөйү курч. Шаарга чейин эки маршруттук каттам кирген. Эртең менен коомдук транспортко батпай калган балдар мектепке жөө-жалаңдап барат.
Ак-Жар конушунун азыркы абалын фотобаяндан көрө аласыз.
Мурас-Ордогу балдарга кооптуу көлмөлөр
Бишкектен 35 чакырым алыс жайгашкан Мурас-Ордодо жер тилкелери жашоочуларга Ак-Жарга салыштырмалуу мыйзамдуу эле берилген. Бишкек шаарына караштуу бул конушта 2 миңден ашык түтүн жашайт.
Мурас-Ордо 2005-жылы негизделген. Ошол жылы өкмөт мугалимдерге, дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине жер бөлүп берген. Кийинчерээк конушка республиканын бардык аймагынан келген эл отурукташа баштаган.
Тажикстандан көчүп келген кайрылмандардын айрымдары да ушул конушту байырлайт.
Алардын бири Жаннатай үй-бүлөсү менен 10 жыл мурун Жерге-Талдан көчүп келгенин айтып отурду:
"Жер сатып алып, эки бөлмөлүү үй салып, бир бөлмөсүн эптеп эле бүтүрүп кирип жашаганбыз. Ал кезде конуштун абалы такыр башкача, жолдорубуз баткак болчу. Балдарыбыз Озерное айылынын мектебинде окучу. Мектепке бара жатып баткакка батып же жыгылып, үстү-башы ылай болуп кайра келишчү. Кар же жамгыр жааганда, мектепке бара албай калышчу. Кыйналып эле жашадык. Азыр башкы көчөбүз асфальтталган. ФАП эми эле иштей баштады. Бирок анда гинеколог жок, боюнда бар аялдар шаарга барып каттоого турабыз. Жолдорубуз оңдолуп, жол чырактар орнотулуп, суу келгени менен, агынды суу боюнча өтө чоң көйгөй бар. Ажатканаларыбызга жайында суу толуп, үйлөрүбүз ным тартып көктөп кетет. Жайкысын сасык жыт уруп турат".
Мурас-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылганына бир гана жыл болду. Анда учурда 2 миңге жакын бала билим алат. Учурда мектептин жанына бала бакча да курулууда. Мындан 10 жыл мурда бул конуштун тургундары суу чыгарып берүүнү, электр жарыгын киргизүүнү талап кылып митингге чыгып, жол бууган учурлар да болгон.
Мурас-Ордо саздак жерде жайгашкан, 20дан ашуун көлмө бар. Жергиликтүү тургундар аларды тосууну талап кылып бир нече ирет жергиликтүү бийликке кайрылган. Азырынча майнап чыга элек.
2-мартта бул көлмөлөрдүн биринде беш бала муз тээп жатып сууга түшүп кеткен. Үчөө аман калып, куткаруучулар суудан 9 жана 11 жаштагы эки бир туугандын сөөгүн алып чыгышкан. Андан бир ай мурда беш жаштагы бала көлмөдөгү ылайга тыгылып чыга албай, чарчап калган.
Мурас-Ордо жаңы конушунун азыркы абалын төмөнкү сүрөт баяндан көрө аласыз.
Жер чырынан арылбаган Ак-Ордо
Бишкек жана Сокулук району чектешкен тилкеде жайгашкан Ак-Ордо конушу Ак-Ордо 1, Ак-Ордо 2 жана Ак-Ордо 3 деп үчкө бөлүнөт. Бул конуштун бир бөлүгү шаарга карап, газ, суу жеткирилип, жолдору оңдолсо, Сокулук районуна кирген бөлүгүндө көйгөй чачтан көп.
Конуш 2005-жылы пайда болгон, ошондон бери салынган үйлөр көбөйүп, аймагы жыл сайын кеңейүүдө.
Ак-Ордо-1, Ак-Ордо-2 жана Ак-Ордо-3 конуштары жалпысынан миң гектардай жерди ээлейт. Акыркы эки конуштун тургундары жайкысын суу тартыштыгынан кыйналышат. Таштандыны жеке компания жумасына бир ирет чогултуп кетет. Конуштун тургандары ал үчүн ай сайын 150 сомдон төлөйт.
Ак-Ордодо айрым жер тилкелери эки-үч кишиге сатылып кеткен учурлар болгон. Мындан улам жер тилкесине байланыштуу талаш, соттук териштирүүлөр токтой элек.
Бир жыл мурда Ак-Ордо конушунун тургуну Марал Шаболотованын үйү соттун чечими менен түрттүрүлгөндө, ага президент өзү көңүл буруп, тамын кайра курдуруп берген. Бирок ошондон кийин деле тургундар утур-утур нааразылыкка чыгып келет. Алар бийликтен там салынган жерин тезирээк мыйзамдаштырууну талап кылууда.
Ак-Ордо жаңы конушундагы 15 миңдей жер тилкесинин 5 миңдейи гана мыйзамдаштырылган. 722 тилкедеги үй электр зымы өткөн жерге салынып калганынан улам аларга кызыл китеп берүү маселеси жаралганы маалымдалган.
Ак-Ордо конушунун азыркы абалы тууралуу төмөнкү сүрөт баяндан көрө аласыз.
Мектеби жок Эркин-Тоо
Ак-Ордо 3 конушуна жанаша турган мурда Ала-Тоо 3 деп аталып келген дагы бир конуш жакында эле Эркин-Тоо болуп өзгөртүлдү. Бул жерде да таза суу, таштанды, жол маселеси курч.
Эркин-Тоонун тургуну Максат Маткеримов бир айдан бери конуштун кире беришинде көмүр сатып тиричилик кылат.
"2013-жылы келгенде бул жактын баары, азыркы Ак-Ордо 3 конушу да кызгалдак баскан талаа эле. Эки-үч эле үй бар болчу. Көйгөйүбүз көп, суу түтүгү тартыла элек. Светти кырылышып жүрүп мамыга, зымга акча чогултуп жатып киргизгенбиз. 229-маршрутка жаңы эле жүрө баштады. Ал мектеп тарапка каттабайт. Балдар жайы-кышы мектепке жөө барат. Мен жерди убагында 3 миң долларга, балама 5 миң долларга алгам. Азыр ошол эле жерлер 20 миң долларга көтөрүлүп кетти. Азыр эми шаарга караганы жатат. Жакшы болуп калар. Ансыз деле кыйла жакшырып калды. Келечеги кең конуш десем болот. Саз эмес, чымын-чиркей жок, абасы таза", - деди Максат Маткеримов.
Ал сууну короосунан кудук казып өзү эле чыгарып алганын айтты.
Жаңы конушта мектеп, бала бакча, ФАП жоктугунан бул айылдын балдары кошуна Ак-Өргө, Ново-Павловка, Ак-Ордо 1 конуштарына барып окуп келсе, ооруп калган тургундар түз эле шаардагы ооруканаларга кайрылышат экен.
"Эки жыл мурда Садыр Жапаров өзү келип, биз менен жолугуп, "конуштун кире беришине мектеп салып берем, эмки жылы курулушу башталат" деп убада берип кеткен. Андан бери жыл айланды. Мектептен дайын жок. Мен өзүм Садыр Жапаровду абдан колдойм. Ал камалган учурда аны жактаган митингдерге күндө жумушка баргандай эле барчумун. Бирок бул конушта баарын эл өз күчү менен эле кылууда", - деди конуштун атын атагысы келбеген тургуну.
Эркин-Тоо конушунун азыркы абалын төмөнкү сүрөт баяндан көрө аласыз.
Калыс-Ордодо кыш куйгандар
2002-жылы негизделген Калыс-Ордо конушунда башка конуштарга караганда жолу оңдолуп, суусу чечилип, шарты кыйла жакшырып калган. Бишкектеги айланма жол жакта жайгашкан бул конуштун жалпы аянты 135 гектарды түзөт. Учурда конушта 10 миңге жакын киши жашайт.
Былтыр Бишкек мэриясы бул конушка эки автобус каттамын киргизген. Конуш газдаштырыла элек. Мурун таштанды талаасынан чыккан түтүн конушту каптап калчу. Азыр ал полигон жабылып, конуштун абасы тазара түшкөнү байкалат. Бул конуш да "Дордой" базарына жакын болгондуктан, тигүү цехтери көп. Жайкысын конуш четинде ылайдан кыш куйгандар да көбөйөт.
Калыс-Ордо конушу акыркы жылдары маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда болуп келди. 2018-жылы Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште экс-президент Алмазбек Атамбаевге кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылып, 2022-жылы ал кайра акталган.
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана аны менен катар дагы эки иште айыптуу деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Албек Ибраимов 2020-жылы октябрда болгон бийлик алмашууда абактан чыгып, ошол бойдон кайда жүргөнү белгисиз. Учурда издөөдө.
Калыс-Ордо жаңы конушунун азыркы абалын төмөнкү сүрөт баяндан көрө аласыз.
Суудан өксүгөн Арча-Бешик
Арча-Бешик - 1991-жылы негизделип, кийин кеңейип отуруп, азыркы учурда аянты 795 гектарга жеткен борбор калаанын эң чоң конушу.
Конуш тургуну Жазгүл Абдыназарова жолдошу экөө 1999-жылы Арча-Бешиктин Түштүк Магистралдын өйдө жак тарабынан жер алып, үй курушкан. Алардын төрт баласы ушул жерде төрөлгөн.
"Биз келгенде көчөдө төрт-беш эле үй бар болчу. Бах (азыркы Дооронбек Садырбаев - ред.) көчөсүнө чейин барып суу ташып келчүбүз. Андан кийин жакын жерден кошунабыз жер астынан суу казып чыгарып, түйшүгүбүз кыйла жеңилдеген. Короого арыктан аккан суу келчү. Азыр арыктын үстүнө үйлөр курулуп, суу келбей калды. Свет да жок эле. Акыркы көчөдөн узун-узун мамыларды орнотуп, зым тартып свет алып келгенбиз. Кышкысын кээде карды эритип суу кылат элек. Азыр жолдор оңдолуп, автобустар каттап, суу ар бир үйгө жеткени менен, жайкысын суу чыкпай кыйналып жатабыз", - деди Жазгүл Абдыназарова.
Былтыр жайында Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда суу тартыштыгына нааразы болгон ондогон адам акцияга чыгып, кыска убакытка жолду тосуп, кайра ачкан. Конуштун тургундары анда бир канча күн бою суу берилбей жатканын сынга алып, маселенин чечилишин талап кылышкан. Кийинчерээк суу талап кылып жол тоскону үчүн бир нече адам кармалып, үч киши камалган.
Жазгүл Абдыназарова Арча-Бешикте кышкысын да суу бирде чыгып, бирде чыкпай жатканына даттанды.
Арча-Бешик жаңы конушунун азыркы абалы менен төмөнкү сүрөт баяндан көрө аласыз.
2023-жылы август айында Peshcom долбоору Кыргызстандын борбор калаасы 25 жылда кандай кеңейгенин талдаган. Жыйынтыгында “муниципалитет Бишкектин, анын ичинен жаңы конуштардын өсүү темпине жетише албай жатат”, андыктан “курулушту көзөмөлдөө менен инфратүзүмдү пландоого көбүрөөк көңүл буруу керек” деген корутундуга келишкен.