Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Багы ачылбаган бала бакчалар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт бала бакчалардын жетишсиздигин менчик бакчалар менен кызматташуу аркылуу же мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде жоюуну көздөп жатат.

Ушул тапта Кыргызстандагы 2-6 жаштагы 800 миңдей баланын 24% гана бала бакчага барат. Адистер балага ымыркай кезинен баштап инвестиция салуу Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуунун ишенимдүү жолу экенин айтышууда.

Бишкектеги №26 бала бакча 120 орундуу. Учурда анда 190го жакын наристе тарбияланып жаткан учуру. Нормадан ашык бала кабыл алган көрүнүш дээрлик бардык, өзгөчө чоң шаарлардагы бакчаларда бар. Андыктан наристени бала бакчага киргизүү дагы эле орчундуу маселелердин бири.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, республика боюнча 1390 бала бакча иштеп жатат. Анын 1248и мамлекеттик жана муниципалдык, жеке менчик бала бакча ачууга 432 лицензия берилген.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нуризада Касымованын айтымында, Бишкекте 14 700 орундуу бала бакчада 33 миңден ашуун бала тарбияланып жатат. Балдардын санын мамлекеттик стандартка туура келтириш үчүн жана кезекте тургандарды кабыл алууга Бишкектин өзүнө эле 200дөй бала бакча куруу зарыл.

Нуризада Касымова.
Нуризада Касымова.

- Бишкектеги бала бакчанын санын мамлекеттик стандартка келтириш үчүн, андагы балдардын саны 30га түшүрүш үчүн баш калаага эле 162 бала бакча керек, - дейт адис. - Бул азыр барып жаткан балдар үчүн эле. Азыр бир тайпада 80-100гө чейин балдар бар да. Республика боюнча муктаждыкты эске алып, 1800дөн ашуун бакча курууну сунуш кылганбыз. Анын баарын бир күндө салыш кыйын. Ошентсе да альтернативалуу жолун өзүбүз издеп жатабыз.

1990-жылдан кийин ондогон бала бакчалар менчиктештирилип кеткен. Союз убагында курулган бала бакчалардын имараттары айрым чет өлкөлөрдүн элчиликтерине, Мамлекеттик салык кызматына, айыл өкмөттөргө, фельдшердик пункттарга, китепканаларга, сотторго жана басмаканаларга берилген.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2013-жылдан бери республика боюнча 209 имарат кайтарылса, алардын 177си бала бакча катары ишке киргизилген. Айрымдарын мамлекетке өткөрүп алуу боюнча сот иштери бүтө элек, кээ бирлери ремонтко муктаж болсо, имараты талкаланып, жер тилкеси гана калгандары да бар.

Тарбиячыга жана усулдук материалдарга муктаждык

Менчигине карабай бала бакчаларда тарбиячылар жетишпейт. Расмий маалыматка караганда, бул чөйрөдө 10 927 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 7 141 тарбиячы бар. Орточо айлык 13 824 миң сомду түзөт. Арасында 5 миң сомдон айлык алгандар да бар. Бул тууралуу Бишкектеги бала бакчалардын биринде усулчу болуп эмгектенген Салима Темирова билдирди:

- Мен 25 жылдык стажым менен 10 700 сом айлык алам, үстүнө 1500 сом кошулат. Жаны келген, стажы жок тарбиячылар 5-6 миң сом эле алат. Тарбиячынын жардамчыларынын айлыгы аз. Эртеден кечке идиш жууйт, тазалыкты да карашат. Айлыгы 5 500 сом.

Дээрлик бардык бала бакчаларда кыргыз тилинде усулдук материалдар жетишсиз. Көп учурда мектептердегидей эле ата-энелер демөөрчү болуп келишет.

- Эмне керек болсо өзүбүз жасайбыз. Кыргызча китептер жетишпейт, аларды өзүбүз которобуз. Орус тилиндеги китептер көп эле. Эки кыргыз кенже тобу ачылган. Аларга китептерди которуп жатабыз. Сабатка үйрөтүү, математика китеби жок. Ошолорду даяр кылып чыгарып беришсе жакшы болот эле. Көп учурда ата-энелер жардам беришет, - деди Салима Темирова.

Жеке менчик бала бакчалардагы кыйынчылыктар

2018-жылдан тартып аймактарда кыска мөөнөттүү 120 бала бакча иштей баштады. Мында балдар үч саатка гана келип, бала бакчада өтүлгөн программаларды окуп кетишет. Мектептердин базасында бош калган класстар бала бакча топторуна айлантылып, кошумча 10 миң бала тарбияланып жатат. Бул аркылуу мектепке чейинки билим берүү программасы менен камсыз болгон балдардын саны 39% жетти. Муниципалдык бала бакчалар чыныгы муктаждыкты канааттандыра албай калды.

2015-жылы Жогорку Кеңеш менчик бала бакчаларды салыктын бир нече түрүнөн бошоткон мыйзам кабыл алган. Натыйжада менчик бала бакчалар кошумча нарк салыгынан, жер салыгынан, сатуудан түшкөн жана пайдадан түшкөн киреше салыгынан бошотулган.

Кыргызстанда менчик бала бакчалар көбөйгөнүнө жараша алардын шартына, мамилесине, тарбиясына, ийкемдүү графигине артыкчылык берип ушул жакка баласын берген ата-энелердин катары калыңдады.

Анткен менен баласын жеке менчик бакчадан мамлекеттик бакчага которуп алгандар да кездешет. Алардын бири Кундуз Азарбекова өз чечимин жеке менчик бала бакчада коопсуздуктун талапка ылайык келбегени, тарбиячылардын токтобогону менен түшүндүрдү:

- Мага жакпаганы, мени кооптондурганы жеке менчик бала бакчалардын имараты болду. Дээрлик бардыгы «особняк» үйлөрдө болгондуктан полу сыйгалак, тепкичтери тик, бийик болуп балдардын коопсуздугуна туура келбейт. Бөлмөлөрү, короолору тар. Бала эми көнүп келатканда тарбиячылары улам-улам алмашып, бизге бир топ кыйын болду.

Аймира электрондук кезеги узак болгондуктан жана жумушуна жараша жер которуп, баласын 5-6 бала жеке менчик бакчага берүүгө туура келген. Бирок андагы тарбиячылардын мамилеси, тарбия берүүнүн натыйжасы жок болгондуктан Орусияга кетүүгө мажбур болгон.

- Электрондук кезек боюнча 150-160-болуп катталдым, - дейт ал. - Администрациядан сурасам кезек жакын арада келбей турганын, балдар көп экенин айтышты. Мамлекеттик бакчаларга кирип карасам горшоктору да тазаланбайт экен, ошон үчүн да ал жакка берген жокмун. Менчиктин деле өзүнүн кемчиликтери бар. Баасы 10-15 миң сом болгон, ошого жараша жакшы карагандары да бар. Бирок көп учурда тарбиячылар - баласы жок жаш кыздар, тажрыйбасы жок. Эч нерсе үйрөтүшпөйт. Карап турганына эле ыраазы болосуң. Өзү дааратканага барганды, кийингенди, эшикке чыкканда кандай жүрүш керек экенин Орусияга келгенде үйрөндү. Мисалы, Ошто «жеке менчик бала бакча» деп коюп тайпаларга бөлүшпөйт экен. 10 баланы чогултуп алып, бирөө алты ай жөрмөлөп жүрсө, бирөө 4-5 жашта чуркап жүрөт. Бишкекте деле бала бакчалардын көбү 17:30-18:00гө чейин иштейт. Жумуштан ошол убакта чыксаң алганга да жетишип бара албайсың. Барсаң тарбиячылар балаңды кароолчуга же ашпозчуга таштап кетишкен болот.

Аймира Кыргызстанда, өзгөчө менчик бала бакчаларда балдарды эч кандай текшерүүдөн өткөрбөй туруп ала берген көрүнүштөр кездеше тургандыгын, тарбиячылардын бала менен иштөө жагынан тажрыйбасы жок экендигин кошумчалады:

- Такыр тарбия бере алышпайт. Орусияда бир жыл жүрүп кайра Кыргызстанга барууга туура келди. Кайра менчик бакчага барып калдык. Бирок эки күндөн кийин буюмдарыбызды жыйнап, колубузга карматып, чыгарып коюшту. «Балаңыз оюнчук талашып ыйлай берет экен, башка балдарга күн көрсөтпөйт» дешти. Башкасына берсек, ал жакта да күндө кечинде барганда «балаңыз ыйлап атат, минтип атат, тигинтип атат» деп эле арызданышат. Ошентип батпай койдук. Кайра Орусияга келүүгө туура келди. Балам бул жакта деле ыйлайт, бирок бизди чыгарып салышкан жок. Бул жакта бала бакчалар менчиктин түрүнө карабай бир реестрде катталыптыр. Районуна карап кирип, тандап алсаң болот экен. Келгенде толугу менен балам да, мен да медициналык текшерүүдөн өтүп, анан кирдик.

Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аттестациялоо башкармалыгынын башкы адиси Фаризат Солтогулованын айтымында, декабрь айында менчик бакчаларга рейд жүрүп, талапка ылайык келбеген алты бакчага эскертүү берилди. Муну менен катар бизнес өнүгүп, балдардын коопсуздугу, тамак-ашы, тарбиячылардын даярдыгы сыяктуу маселелер күн тартибине чыгып, «менчик бакчалар көзөмөлсүз калды» деген сын-пикирлер айтыла баштады. Мекеменин адиси Нуризада Касымова мыйзамсыз иштеп жаткандарды аныктоо жүрүп жатканын билдирди:

- Азыркы учурда текшерүүдөн өтпөй, үйлөрүнө менчик бала бакча ачып алгандар да бар. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында 500дөн ашуун бала бакча бар экенин айтышат. Бирок бүгүнкү күндө 129 гана бакча лицензия алган. Жакында эле өкмөттөн ар бир аймактагы лицензиясы жок иштеп жаткан бакчаларды аныктап, ага лицензия алуунун жол-жобосун үйрөтүү, окутуу боюнча протоколдук тапшырма түштү. Муну менен мыйзамсыз иштеп жаткандарды жоюуга аракеттенип жатабыз.

Мындан сырткары, министрлик билим берүү стандартына өзгөртүү киргизүүнү көздөп жатат. Ага ылайык, тарбиячы балдар менен иштеген адис болушу керек. Эгер педагог болсо атайын курстан өтүү талап кылынат.

Бакчадагы тамак-аш көйгөйү

Бала бакчалардагы дагы бир маселе тамак-ашка байланыштуу көтөрүлгөн. Жарандык активист Анара Дауталиева бала бакчаларда стандартка туура келбеген, балдардын ден соолугуна зыян сүт азыктары берилип жатканы боюнча сотко 2016-жылы арыз берген. Дауталиеванын айтымында, И.И. аттуу жеке ишкер «Даамдуу сүт», «Ак белек» фирмалары аркылуу бала бакчаларга май алып келүү боюнча тендерге катышып, утуп алган. Бирок аталган фирмалар ташыган азыктар лабораториядан текшерүүдөн өтүп, стандартка туура келбегени аныкталган. Буга байланыштуу сот былтыр ноябрда башталган.

- Ким кандай кааласа, мүмкүнчүлүгү болсо ошондой тамак берет, - деди жарандык активист. - Нормалар жок, калориясы каралбайт. Ушул жакта да коррупциялык схема бар. Муниципалдык бала бакчада ушундай болуп жаткан соң менчик эмне болуп жатканы белгисиз. Аларды текшере да албайсың. Жеке менчик бакчанын баасы 15 миңге чыкты. Сапаты кандай, меню туурабы, жокпу - эч ким көзөмөлдөбөйт.

Бул маселе буга чейин парламентте да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова бул маселеге көңүл бурулбай жатканын мунун артында аткаминерлер турганы менен байланыштырды:

Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

- Мектеп, бала бакча жетишпегени аз келгенсип анын тамак-ашына да кайдыгер мамиле кылып жатабыз. Коом өзү да ушундай: бирөө ажырашса талкуулап жатып калабыз дагы, «балдарга каймак майдын ордуна маргарин берип жатышат» десе эч ким көңүл бурбайт. Азыр жеке менчик бала бакчалар да көп. Алар да көп маселени көтөрүп жатышат. Көбү лицензия алган эмес, талапка ылайык келбейт, балдарды кимдер тарбиялап жатканы белгисиз. Мамлекеттик бала бакчада ар бир кызматкер медициналык текшерүүдөн өтөт. Жеке менчик бакчалардын артында бийликте отургандардын аялдары, карындаштары, эже-сиңдилери, кыздары отурат. Ошондуктан алар да бул боюнча маселе көтөрбөйт.

Өкмөт быйыл бала бакчалардын тамак-ашы боюнча бирдиктүү меню киргизүүнү көздөп жатат. Учурда балдардын бир күндүк тамагына 36 сом бөлүнгөн. Анын жарымын ата-эне төлөйт.

Учурда муниципалдык бала бакчалардын баасы 1000 сомдун тегерегинде болсо, менчик мекемелерде 5 миңден 20 миң сомго чейин жетет. Анын баасын эч ким көзөмөлдөбөйт. Монополияны жөнгө салуу агенттиктин маалыматына караганда, баа атаандаштыктын негизинде коюлат.

Өкмөттүн аракети

Маселени чечиш үчүн республика боюнча 1800дөй жаңы бала бакча салыш керек. Өкмөт балдарды эрте куракта өнүктүрүү маселесин жеке менчик бала бакчалар менен кызматташуу аркылуу же мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде чечүүнү көздөп жатат. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Азаттыкка» бул багытта долбоор даярдалып жатканын айтты:

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

- Бала бакчалардын жетишсиздигине байланышкан маселени чечиш үчүн үч вариант каралып жатат. Биринчиси - мамлекет жылдан жылга бала бакча курууну улантат. Экинчиси - менчик бала бакчаларды кызматташтыкка чакырып жатабыз. Азыр ал документ даяр эмес, ошонун механизмдеринин үстүнөн иштеп жатабыз. Учурда менчик бала бакчалар абдан көп, ошолордун шарты туура келсе, алар канча бир бала алса, 20дай орун бөлүп берсе, ага көп балалуу же оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын киргизебиз. Мисалы, баасы 5 миң сом болсо, ата-энеси анын миң сомун төлөсө, калган суммасын мамлекет дотация кылып каржылап берет. Ошентип жылына 500-1000дей баланы бакчаларга жайгаштырсак жакшы болот. Дагы бир вариант - айыл өкмөттөр жер бөлүп берсе, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде инвестициялык келишимдин алкагында ишкерлер бала бакча салып, толук өздөрү айлык төлөйт, каржылайт. Мамлекет балдардын төлөмүнүн кайсы бир бөлүгүн дотация кылып берет. Азырынча бул долбоор, ошонун үстүнөн иштеп жатабыз.

Эмне үчүн балдарга эрте куракта билим берүүгө же бала бакчага көңүл бурушубуз керек?

Адамдын когнитивдик таанып-билүү, баарлашуу, жаманды жакшыдан ажыратуу көндүмдөрүнүн баары бала кезинен калыптанат. Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары, «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондунун директору Догдуркүл Кендирбаеванын пикиринде, балдардын эрте куракта билим алышын милдеттүү түрдө киргизүү зарыл.

Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

- Эң биринчи тоскоолдук Кыргыз Республикасынын Конституциясы болуп эсептелет, - деди ал. - Мен адис катары өзүм да иликтеп көрдүм. Орусиянын Конституциясынын 43-беренесинде «мектепке чейинки билим берүү милдеттүү жана акысыз» деп турат. Кыргызстандын Баш мыйзамында «ар бир бала акысыз башталгыч, орто билим алууга милдеттүү» деп турат. Балдардын эрте өнүгүүсү жөнүндө кеп жок. Бул жерде туруктуу саясий эрк керек.

Кендирбаева жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардын биринчи кабатын балдарга бөлүүгө небак мезгил жеткенин айтты. Ошол эле кезде ал мамлекет, ата-эне менчик бакчаларды көзөмөлгө алышы керек деп эсептейт.

- Эмне деген жеке менчик имараттар курулуп жатат? – деди ал. - Килейген көп кабаттуу үйлөрдүн астыңкы кабатында жалаң соода, соода, дагы соода түйүндөрү. Баланын орду жок. Же болбосо жалаң тойкана салынып жатат. Бала бакча салындыбы?! Жеке менчик бала бакчаларды өнүктүрөбүз дегенде алардын да өтө чоң жоопкерчилиги болушу керек. Киреше табыш үчүн пайдаланылган, стандартка жооп бербеген үйлөрдү көрүп жатабыз.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фонду бир канча жылдан бери «Жайлоодогу бала бакчалар» долбоорун ишке ашырып келет. Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов «Бишкекте катталгандар гана бала бакчага кирет» деген эреже коррупцияны күчөтүп жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, бала бакча же эрте куракта өнүктүрүү маселесин шаардагы жалпы балдардын эсебин эске алуу менен чечүү зарыл.

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

- Шаар тургундарын эсептеп чыгыш керек, - деди депутат. - Бизде шаар тургуну дегенде туруктуу жашагандарды гана эсептейбиз. Бирок убактылуу келип батирлерде жашап жаткандардын балдары да бар. Ошону эске албай, коррупциялык механизмдерге өзүбүз жол берип жатабыз. Алар баары бир баласын бакчага алып барат. Ошого жараша бала бакча куруп беришибиз керек.

Ал эми кошуна өлкөлөр балдарга эрте куракта билим берүү саясатын кандай жүргүзүп жатышат?

Казакстан

Кошуна Казакстанда бала бакчалар наристени 1,5 жаштан баштап эртең мененки 8:00ден кечки саат 20:00гө чейин карай алат. Күнү-түнү иштеген бала бакчалар да бар. Статистика комитетинин маалыматына караганда, мектепке чейинки 9400 мекеме иштейт. Алардын 5 миңге жакыны бала бакча, 4,5 миңдейи чакан борборлор. Аларда 807 миңден ашуун бала тарбияланат. Эки жылда 600дөй бала бакча салынган. Кезек күтүү Казакстанда да бар. Акыркы жылдары Казакстан мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде 1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын бала бакчага баруусун 64 пайызга, 3 жаштан 6 жашка чейинкилердикин 85 пайызга (658 312) жеткирди.

Өзбекстан

Өзбекстанда балдарга эрте куракта билим берүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, эки жыл мурда атайын Мектепке чейин билим берүү министрлиги түзүлдү. Өткөн жылдан декабрынан тартып бала бакчаларды керектүү материалдар менен камсыз кылуу боюнча масштабдуу иш-чаралар башталды. Бул долбоорду каржылоого 8 млрд. сум бөлүндү (951 105,54 доллар). Кийинки жылы оюнчук жана басылма, акыл-эсти өнүктүрүүчү материалдар үчүн 25 млрд. сум бөлүү пландалган.

Бала бакчалар ушул жылдан тартып акылуу кызмат көрсөтө баштады. Муну менен мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү мекемелери ата-энелерге ылайыкташкан форматка өттү. Ата-энелер эми жумуш бүткөндөн кийин, дем алыш күндөрү да балдарын бакчага таштоого мүмкүнчүлүк алышты. Мындан сырткары бала бакчанын базасында кошумча ийримдер ишке кирди. Өзбекстанда наристелердин 36 пайызы бала бакчага барат.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2018-жылы 6 бала бакча курулган. Ага 118 485,1 миң сом кеткен. Быйыл канча бакча салынарын тактаган план бекий элек. Эгер азыркыдай ыргак улана берсе бүгүнкү күндө керек болгон 1800 бакча 3 кылымда курулуп бүтөт экен.

«Азаттыктын» окурманы Бакыт Абдуллаев ушул темага кайрылып, маселенин канчалык орчундуу экенин көрсөткөн. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын бакчаларга барышы алардын интеллектин арттырып, (адаттагы мектепке караганда) бала ээн-эркин, бир калыпка салынбастан өзүнө жаккан нерсесин жасай тургандыгы белгиленген. Экономикалык тил менен айтканда бул куракта балага салынган 1 долларлык инвестиция кайра 6-8 эсе кайтарым берээрин Нобел сыйлыгынын ээси, экономист Жеймс Хекман өз изилдөөсүндө далилдеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG