Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, кызматкерлери катышты. Мамлекет башчысы соңку кездери милицияга олуттуу көңүл бурула баштаганын айтып, өлкөдө акыркы төрт жылда кылмыштуулук дээрлик 50% азайганын билдирди. Деген менен айрым серепчилер милиция элге жакындап, оңоло баштады деп бүтүм чыгарууга эрте экенин белгилешет.
"Техникасы жаңырып, айлыгы көтөрүлдү"
Садыр Жапаров борбордук аянтта ички иштер кызматкерлерин куттуктап жатып, азыркы бийлик милицияга колдоону күчөткөнүн айтты. Анын негизинде материалдык-техникалык базасы жаңырып, социалдык колдоо көбөйгөнүн белгиледи. Мунун негизинде оң жылыштар бар экенин, соңку төрт жылда кылмыштуулук дээрлик 50% азайганын жарыялады.
"Акыркы төрт жылда кыргыз милициясында мыкты шарттар түзүлүп келе жатат. Биз адегенде эле өздүк курамдын төрт мезгилге төп келген сырткы кийиминен баштап, бардык материалдык-техникалык базасын чыңдап бердик. Жалпы республика боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогоруласа, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады. Ошондой эле атайын күжүрмөн санарип технологиялар ишке киргизилип, коопсуздукту камсыздоо жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жаңы программаларды, кибер-коопсуздукка байланышкан техниканы колдонуп, адамды жүзүнөн таанып, ошол жерден аныктай турган заманбап технологиялар менен иш алып барууга толугу менен өттү. Жакында эле “Коопсуз шаар” долбоорун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүү жарлыгын чыгарып, бир катар тапшырмаларды бердим. Азыркы учурда Ички иштер министрлиги бул долбоорду “Коопсуз өлкө” долбооруна айлантып, жалпы республикага жайылтууга бел байлап турат. Мунун баары элибиздин коопсуздугуна, кылмышы жана укук бузуусу жок өлкөнү курууга карата жасалган мамлекеттик деңгээлдеги кадамдар экенин баса белгилеп кетейин. Жакынкы келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга Ички иштер министрлигинин толук мүмкүнчүлүгү бар", - деди Жапаров.
Жапаров милиция жүз жыл аралыгында татаал жолду басып өткөнүн белгиледи. Соңку 30 жылда өлкөдөгү ыңкылаптарда кыргыз милициясы коомдук коопсуздукту сактоодо чоң роль ойногонун, эгер ички иштер кызматкерлери болбогондо бул окуялар башка өңүттө уланарын айтты.
Кыргыз милициясынын күнү менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дагы куттуктоо жолдоду. Анда бул тармактагы коррупцияны азайтуу багытында дагы көп иштер жасалышы керектигин белгиледи.
"Албетте тармакта кемчиликтер да жок эмес. Бирок мекенин сүйүп, берген антын бекем сактаган кызматкерлерибиздин каарман аракети менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук үстөмдүгүн коргоо иши мындан ары да жигердүү уланат деген ишеничтемин! Анткени, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана коомго коркунуч келтирген кылмыштуу аракеттерди жоюу багытында көп иштер жасалышы керек. Коомчулук дагы деле ички иштер органдарынын кызматкерлеринен кесипкөйлүктү күтөт. Себеби, катардагы жарандар менен түздөн-түз иштеп, жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишенимди жогорулатууда милиционерлердин салымы зор", - деп жазылган куттуктоодо.
"Милиция бийликке курал болбосо..."
Өлкөнүн эгемен тарыхындагы ири нааразылык акцияларда, бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылап, төңкөрүштөрдө жана саясий тирештердеги эл менен кагылыштарда бир нече милиция кызматкери набыт болгон, айрымдары оор жараат алган жана катуу сабалган учурлар катталган.
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев ар бир келген бийлик милицияны курал катары колдонгон адаттан кетиши керектигине токтолду.
"Биз кайсы бир белгилүү адамдарга эмес, эң биринчи элге кызмат кылышыбыз керек. Мына, белгилүү бир адамдарга кызмат кылып жүрүп, эмне деген акыбалга келдик. Бүгүн ошонун баарын милициянын жетекчилери ойлонушу керек".
Айрым серепчилер кыргыз милициясы элге жакындады деп бүтүм чыгарууга эрте экенин белгилешет. Ички иштер органдары боюнча эксперт Урмат Казакбаевдин пикиринде, ириде эл менен тыгыз иштеген кызматтарга көңүл бурулушу керек.
"Биринчиден, милициянын материалдык-техникалык базасы, жабдуулары, атайын каражаттары, машиналары жаңырып, имараттар оңдолуп, курулду. Бул жагы жакшы. Бирок милициянын ишин мындан дагы жакшыртуу үчүн буга чейин башталган, азыркы күндө токтоп калган иштерди улантыш зарыл. Мисалы азыр мурдагы эле МАИ кызматкерлери болуп калды. Биз патрулдук, кайгуул-күзөт милицияны алып келишибиз керек. Анткени жол коопсуздугун көзөмөлдөө жагында мурдагыдай эле акча алган, коррупциялык иштер бар. Андан сырткары аймактык тескөөчүлөрдүн, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун кадыр-баркын көтөрүп, айлыгын жогорулатуу керек. Кээ бир чоң райондордо, айыл аймактарында милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү зарыл. Милициянын эле айлыгын көбөйтүп, аларга шарт түзө бергенден кылмыштуулук азайбайт. Бул жерде сот системасына дагы көңүл бурулушу керек. Милиция кылмышкерди кармайт, эртең ал сот аркылуу чыгып кетсе бул дагы терс натыйжасын берет. Сот системасы коррупциядан, кемчиликтерден арылбаса, кылмыштуулук менен күрөшүү аягына жетпейт".
Дагы караңыз Сооронбай Жээнбеков генерал кылгандар наамынан ажырады
Милициянын 100 жылдык мааракеси Жогорку Кенеште ички иштер органдарынын кызматкерлерин сүрөт-видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору каралып, талаш-талкуу жараткан маалга туш келди. Урмат Казакбаев мындай мыйзам кабыл алынса, элдин милицияга ишеними дагы азаят деп эсептейт.
"Азыр эми милиция кызматкерлерин сүрөт-видеого тарткандарды жазалаш керек деген мыйзам каралып жатпайбы. Бул өтө туура эмес. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, анда эртең эл менен милициянын ортосундагы ажырым чоңоюп, ишеним жоголот. Бүгүнкү бийликтин милицияны оңдоо аракеттеринин баары текке кетет".
"Милициянын иши оңолгон жок"
Ал эми талдоочу Төлөгөн Келдибеков милицияга элге жакындады деп эсептебей турганын айтты:
"Кыргыз милициясы оңолуп кетти деп айта албайм. Анткени мисалы уюшкан кылмыштуу топтор менен ириде ушу милиция күрөшүүгө тийиш болчу. Тилекке каршы, соңку бир-эки жылдан бери мындай топтор менен атайын кызмат күрөшүп жатат. Министр Улан Ниязалиев башында турган милиция аны ишке ашырган жок. Азырынча милиция оңолуп кетти, өнүгүп жатат деп айтууга эрте".
Талдоочу Адил Турдукулов болсо 100 жылдык мааракенин өткөрүүнүн өзүн сындады. Кыргыз милициясынын тарыхында кара тактар бар экенин, эгемендик жылдардагы окуялардан сабак алынышы керектигин белгиледи.
"Мен 100 жылдык деп майрам-маараке өткөрүлүп жатканы туура эмес деген ойдомун. Чындыгында биздин азыркы мамлекеттик институттардын тарых-таржымалы 1991-жылдан тартып каралышы керек. Өзүбүздүн абалыбызды, ички-тышкы саясатыбызды аныктаган жагдай ошондо гана келген. Ага чейин Москванын гана буйругун аткарган бийлик бутактары болгон. Азыркы мааракелерди дагы деле советтик менталитеттен, ошол маалдагы репрессиялык аппараттан ажырай албай жатканыбыздын белгиси деп айтсак болот. Кыргыз милициясы көптөгөн кыйынчылыкты башынан өткөрдү. Азыр дагы деле милицияга ишеним аз. Мунун көптөгөн себептери да бар".
Соңку жылдары кыргыз милициясына сын-дооматты күчөткөн бир катар окуялар дагы орун алды. Ички иштер органдарында айрыкча аялдарга, үй-бүлөдөгү зомбулукка карата, адам өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуяларга жол берген учурлар болду.
Журналисттердин камалышы, тынч жыйындардын митингдердин чектелишинде милицияга нааразылык айтылды.
Быйыл май айында Бишкекте жана ага жакын Чүйдүн аймактарында болгон тополоңго байланыштуу азыркы министр Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселеси дагы көтөрүлдү.
Самат Курманкулов 2019-жылы Чүй облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда, 42 жашында Кой-Таш окуясында башына таш тийип, оор жаракат алган жана 40 күн эс-учуна келе албай жаткан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.