Сириянын премьер-министри Мухаммад Гази аль-Жалали сирия эли тандаган кандай гана бийлик болбосун, иштешүүгө даяр экенин, бийликти өткөрүп берүүгө байланыштуу бардык чараларды көрөрүн билдирди. Анын сөзүн саудиялык Al Arabiya телеканалы 8-декабрда көрсөттү.
“Сирия коңшулары, дүйнө менен жакшы мамиле курган кадыресе өлкө боло алат. Бирок эл тандаган кандай гана жетекчилик болбосун, бул маселени чечиши керек. Биз алар менен кызматташууга даярбыз жана мүмкүн болгон шарттын баарын камсыздайбыз”, - деген өкмөт башчы Фейсбук аркылуу жасаган кайрылуусунда.
Ал учурда өзүнүн үйүндө экенин, өлкөдөн чыкпай турганын билдирген.
AFP агенттиги козголоңчулардын лидерлерине шилтеме кылып, бийликти расмий өткөрүп алганга чейин Дамасктагы мамлекеттик мекемелер өкмөт башчынын көзөмөлүндө болорун жазды.
Маалыматтарга караганда, Дамасктын борборундагы башкы аянтта режимдин кулатылышына кубанган жарандар чогулду.
Социалдык тармактарга тараган видеолордон аянтта музыка ойноп, бир канча адам танкты курчап бийлеп жатканын көрүүгө болот.
Reuters маалымат агенттиги Сириядагы жогорку кызматтагы эки офицерге шилтеме кылып, өлкөнүн президенти Башар Асад Дамасктан чыгып кеткенин кабарлады.
Британияда жайгашкан Адам укугунун корголушуна мониторинг жүргүзгөн сириялык борбор (SOHR) шаардын аба майданынан учкан жеке учакта Асад болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал учак учуп кеткенден кийин аэропорттогу өкмөттүк аскерлер эвакуация болгонун кабарлаган.
Козголоңчулардын башында турган "Хайят Тахрир аш-Шам" (ХТШ) радикал тобунун лидери Абу Мохаммад ал-Жулани 7-декабрдын кечинде согушкерлер Хомсту "бошотуунун соңку мүнөттөрүндө экенин" жарыялаган. Сириянын стратегиялык саналган бул шаарында 775 миң киши жашайт. Хомс шаары козголоңчулардын колуна өтсө, баш калаа Дамаскта жол ачылат жана борбор калаанын Жер ортолук деңиздин жээгиндеги орусиялык аскердик база менен байланышы үзүлөт.
АКШ, Британия, Канада жана Евробиримдик ХТШны террордук топтордун катарына кошкон.
Эксперттер белгилегендей, Асаддын бийлиги ушул тапта кылдын кырында турат. Эгер Дамаскта режим куласа, Кремл үчүн олуттуу геосаясий утулуш болот. Москва Тегеран менен чогуу Сириядагы башкаруучу режимди көп жылдык жарандык согуш тушунда колдоп келди.
Эл аралык басылмалар жазгандай, айрым араб лидерлери президент Асадды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Анын балдары жана аялы Орусияга чыгып кеткенин, күйөө балдары Бириккен Араб Эмираттарында экенин The Wall Street Journal сириялык бийлик өкүлдөрүнө таянып жазды.
Иорданиянын бийлиги да Асадды Сириядан чыгып кетүүгө үндөгөн, бирок Вашингтондогу элчилиги бул маалыматты төгүндөдү.
Египеттин бийлик өкүлдөрү Асад менен оппозиция өкүлдөрү кире турган убактылуу кеңешти түзүүнү да талкуулаганын басылма жазды. Азырынча бул тууралуу расмий маалымат жок.
The New York Times ирандык дипломаттар жана аскерлер козголоңчулар басып кирип келе жатканда Сириядан эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жатканын жазды. Басылманын булактары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун айрым аскер башчылары өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.
Sky News Arabia жана Bloomberg басылмаларынын маектештеринин айтканына караганда, Орусия Сириядагы болуп жаткан окуяларга кийлигишүүгө кызыкдар эмес экенин Асадга билдирген.
Хама, Алеппо, Дейр-эз-Зор
5-декабрда ХТШ тобунун жоочулары жана анын союздаштары Сириядагы экинчи чоң шаар Алеппону өз көзөмөлүнө алган күндөн көп өтпөй маанилүү Хама калаасын да ээлешти.
Чагылгандай тездик менен жасалган чабуул Сирия президенти, 2011-жылы согуш башталгандан бери негизги союздаштары Иранга жана Орусияга таянып келген Башар Асад үчүн катуу сокку болду.
Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча Вашингтон институтунун илимий кызматкери Аарон Зелин белгилегендей, Хаманын колдон чыгарылышы "бул чабуул күчкө ээ экенин жана жөн гана блицкриг эмес экенин көрсөтүп турат".
Хама - Сириянын баш калаасы Дамаскта коргоодо негизги ролду ойногон, өлкөнүн жээкке жакын тилкесинде жайгашкан шаарларына кирүүчү дарбазадай болгон калаа. Ал жерде Асад өзү жана анын көптөгөн тарапташтары кирген шии исламдын бир багыты болуп эсептелген алавиттер отурукташкан. Жээкте стратегиялык мааниге ээ болгон орусиялык авиабаза жана аскердик-деңиз базасы жайгашкан.
"Бул аларга [согушкерлерге] Дамаск шаарын ээлеп алышына жакшы мүмкүнчүлүк берет", — дейт Зелин.
Ирандын прокси күчтөрү жана шии кошуундары боюнча эксперт Филлип Смиттин пикиринде, Хаманын алынышы "бурулуш учур" болуп калды, анткени козголоңчулардын чабуулунан кийин түзүлгөн абал "Асаддын аскердик машинасы жөн гана сырткы көрүнүш болгонун" айгинеледи.
Ошентсе да, бир апта ичинде негизги эки шаарын козголоңчуларга алдырганына карабастан, талдоочулардын айтымында, Асад азырынча таптакыр жок болууга алып келүүчү коркунучка кабыла элек.
Зелин согушкерлер өлкөнүн түштүгүнө, "режимдин негизги аймагына" жылган сайын катуураак каршылыкка дуушар болушарын айтууда.
Москва жана Тегеран
Асад өзүнүн аскердик күчтөрүн бекемдөөдө негизинен Тегеранга жана Москвага таянары белгилүү. Бирок Иран да, Орусия да азыр өз көйгөйлөрү менен алек болуп жаткан чагы.
2013-жылдан бери Иран "Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун" жүздөгөн офицерин Сирияга жөнөтүп, ал жактагы он миңдеген жергиликтүү жана чет өлкөлүк шии согушкерлерин азгыруу жана даярдоо иштерин жүргүздү.
Дагы караңыз Сириядагы согуш: Путин кандай кадамга барат?2015-жылы Орусиянын абадагы аскердик күчтөрүнүн жардамы менен сириялык армия жана Иран колдогон куралчан топтор козголоңчулар ээлеген аймактарды кайра кайтарып алышкан.
Москва бүгүнкү күндө Украинадагы согушу менен алек. Ирандын көңүлү Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинен Ливандагы жана палестин аймактарындагы кармаштарга бурулуп турат.
Сирия маселесиндеги дагы бир маанилүү оюнчу, расмий Дамасктын союздашы, Ливандын аймагындагы Иран колдогон "Хезболла" куралчан тобу Израилдин бир жылдан берки соккуларынан кыйла алсыраган абалда.
Асад азыркы учурда Москва менен Тегерандан олуттуу колдоо көрө албай турат. Орусия козголоңчулар кирген райондордогу аба чабуулдарын күчөттү, ал эми Иран колдогон шии жоочулары фронт тилкесин көздөй бет алышты. Бирок алардын мындай жардамы АКШда террордук уюм деп жарыяланган ХТШнын жана анын союздаштарынын мындан ары алдыга жылуусун токтото алабы, азырынча белгисиз.
"Ирандын жоочуларына жана жаңы жалданмаларына абадан жардам зарыл болууда. Бирок Украинага байланыштуу Орусиянын андай колдоосун көрсөтүүсүндө көйгөй жаралып жатат. Анын үстүнө, Израилдин ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган топ) жана "Хезболла" менен согушу Ирандын Сириядагы "Хезболлага" таянган командалык-көзөмөл аппараты үчүн өтө эле кымбатка турууда. Бул мурдагыга караганда жайыраак процесс болот", — деди Смит.
Макаланын автору Frud Bezhan