Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Сирия: Козголоңчулар эки провинцияны ээледи


Сирия

Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алды. Сириянын армиясы Алеппонун көпчүлүк аймактарын ээлеп алган козголоңчулар менен кагылышууда оор жоготууларга учураганын билдирди.

Алепподогу кырдаал

Ишембиде Сириянын армиясы расмий билдирүү таратып, өлкөнүн түндүк-батышындагы кагылышууларда ондогон аскерлери набыт болгонун билдирди.

"Террористтердин көптүгү биздин куралдуу күчтөрдү чабуулдун мизин кайтаруу, карапайым калктын жана аскерлердин өмүрүн сактап калуу жана контрчабуулга даярдануу үчүн коргонуу линияларын бекемдөөгө түрттү", — деп айтылат армиянын командачылыгынын билдирүүсүндө.

Сириянын телеканалдарындагы маалыматка ылайык, 30-ноябрга карата куралдуу кагылыштан армиянын 150дөн ашуун жоокери каза болду.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алганын 30-ноябрда Reuters өз булактарына таянып жазган.

Алар Алеппо провинциясынын көпчүлүк бөлүгүнө дагы көзөмөл орноткон.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктары боюнча обсерватория (SOHR) билдиргендей, козголоңчулардын чабуулу башталгандан бери 300дөн ашуун адам, анын ичинде 20 жайкын тургун набыт болду.

30-ноябрда сириялык оппозициячыл согушкер Алеппонун борборунда асманга ок чыгарган.
30-ноябрда сириялык оппозициячыл согушкер Алеппонун борборунда асманга ок чыгарган.

1-декабрдан тартып Алепподо жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн баштап коменданттык саат кирери кабарланды.

Алепподо 2016-жылдан берки эң масштабдуу кармаш болууда.

Reuters ишембиде тараткан тасмада Алеппонун тургундары жана оппозициячыл согушкерлер Башар Асаддын күчтөрү он жыл бою көзөмөлдөп турган аймакка кайтып келатканын көрүүгө болот.

"Кудайга шүгүр, он жылдан кийин Алеппого кайтып келдик. Биз армиянын өткөрмө бекеттеринен качып, бул жакка кирдик. Чынын айтсам, Сириянын бардык аймактарына, айылдарыбызга кайтып келатканыбызга кубанабыз”, - деген Алеппонун тургундарынын бири.

Катардын “Аль-Жазира” телеканалы билдиргендей, Алеппонун аэропорту куралдуу топтун көзөмөлүнө өткөн. Бардык каттамдар токтотулуп, шаарга барчу жолдор жабылган.

Сириянын маалымат каражаттары өкмөткө каршы топтор Алеппонун чыгышында жайгашкан, өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнө таандык Куверайс аэродромун да ээлеп алганын билдирүүдө.

Ишемби күнү кечинде Башар Асаддын билдирүүсүн анын кеңсеси таратты. Маалыматка караганда өлкө башчы Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө буларды айткан:

"Сирия өзүнүн туруктуулугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо террористтерге жана аларды колдогондорго каршы күрөшүн улантат. Ал өзүнүн достору менен союздаштарынын жардамы менен террордук чабуулдар канчалык күчтүү болбосун, аларды жеңип, жок кыла алат".

2024-жылдын 29-ноябрында Зарбах аймагында жихадчылар басып алган имараттын алдына согушкерлер Сириянын президенти Башар Асаддын сүрөтүн өрттөштү.
2024-жылдын 29-ноябрында Зарбах аймагында жихадчылар басып алган имараттын алдына согушкерлер Сириянын президенти Башар Асаддын сүрөтүн өрттөштү.

Орусиянын катышы

Асаддын режимин Иран, Орусия жана АКШда террорчу деп таанылган ливандык “Хезболла” радикал тобу колдойт.

Reuters агенттиги сириялык армиядагы эки булагына таянып, орусиялык жана сириялык авиация 30-ноябрда өкмөткө каршы топтордун Алепподогу позицияларына сокку урганын кабарлады.

30-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иран жана Түркиядагы кесиптештери менен телефондон сүйлөштү. Министрлер Сириядагы абалды стабилдештирүү аракеттерин күчөтүүнү макулдашты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 29-ноябрда Сириядагы кырдаал боюнча Орусиянын позициясын билдирген.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

"Биз Сирия бийлигинин аймакта тартипти орнотушун, конституциялык тартипти мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтиришин жактайбыз", - деди ал.

Ал ортодо Иран 30-ноябрда куралдуу топтор Алепподогу консулдукка кол салганын айтып, муну "террордук агрессия" деп атады.

Америка Кошмо Штаттары сириялык топтордун Асаддын армиясынын позицияларына жасаган чабуулдарына тиешеси жок экенин билдирди. Axios сайты куралдуу топтордун чабуулу Ак үй үчүн күтүүсүз болгонун жазды.

Куралдуу топтордун чабуулу 27-ноябрда Алеппо жана Идлиб провинцияларында башталган. 30-ноябрда алар Алеппо провинциясынын көпчүлүк бөлүгүн жана Идлиб провинциясын толугу менен көзөмөлгө алышкан.

Бул козголоңчулардын 2016-жылдан бери Сирия режимине каршы биринчи чабуулу. Төрт жылга созулган жарандык согуштан кийин, 2020-жылы алар Асаддын армиясы көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кеткен.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG