Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Сириядагы согуш: Путин кандай кадамга барат?


Владимир Путиндин жана Башар Асаддын сүрөтүн көтөргөн тарапкерлери. Архив сүрөт.
Владимир Путиндин жана Башар Асаддын сүрөтүн көтөргөн тарапкерлери. Архив сүрөт.

Сирияда акыркы төрт жылда дээрлик унутулган жарандык согуш кайрадан күчөдү. Өткөн аптада козголоңчулардын коалициясы Алеппону басып алган. Бул макалада Орусиянын ролу кандай жана Сирия жаңжалындагы козголоңчулар кимдер экенин түшүндүрөбүз.

Алепподогу соңку кырдаал, жергиликтүү элдин абалы

Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарында козголоңчу топтордун чабуулу күчөп, миңдеген тургундар коопсуз жайларга кетүүгө аргасыз болгонун 2-декабрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Журналисттердин маалыматында, айрым козголоңчулар мамлекеттик мекемелердеги мүлктү талап-тоноп, кызматкерлерди коркуткан.

"Өкмөткө каршы күчтөр аймакты көзөмөлгө алгандан бери башка жакка качкан да кооптуу болуп жатат. Көзгө атардын бутасына илинип калышың мүмкүн. Бизди ушундай коркунуч тооруп турат", - деди шаар тургундарынын бири.

Согушкерлер Алеппонун көчөлөрүндө.
Согушкерлер Алеппонун көчөлөрүндө.

Дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Сириянын Идлиб жана Алеппо провинцияларынан жалпы жонунан 48 500 адам үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун билдирди. Гуманитардык жардам фондунун кызматкерлери Алеппо шаарынын тургундарына 36 миң бөлкө нан таратылганын, жакында бул калаада наабайкана жана ысык тамак берилүүчү ашкана ачууну көздөп жатканын кабарлашты.

30-ноябрда Reuters агенттиги Сирия армиясындагы эки булагына таянып, орусиялык жана жергиликтүү авиация өкмөткө каршы топтордун Алепподогу турумдарына сокку урганын кабарлаган.

2-декабрда “Ак каскачандар” жарандык коргонуу бирикмеси Орусиянын Идлибдеги ооруканаларга жасаган чабуулунан үч жайкын тургун каза болгонун билдирди. Ал эми 1-декабрда Сирия өкмөтүнүн жана Орусиянын аба соккуларынан кеминде 25 киши набыт болгонун маалымдады.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алганын үч күн мурда кабарлашкан. Алар Алеппо провинциясынын көпчүлүк бөлүгүнө дагы көзөмөл орноткон. 1-декабрда Алепподо жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн тартып коменданттык саат киргенин жарыялашкан.

Сирия оппозициясынын лидери Хади ал-Бахра козголоңчулар өкмөттү алар койгон талаптарга макул болууга мажбурлоону көздөп жатканын билдирди:

Хади ал-Бахра.
Хади ал-Бахра.

"Биз бул чабуулдарды токтотуунун бир жолу бар экенин билебиз. Бул маселе негизинен сокку уруп жаткан райондорду бошотуудан көз каранды."

Сириянын Коргоо министрлиги өкмөт козголоңчу күчтөргө каршы чабуулга даярданып жатканын билдирди. Мекеменин Фейсбук баракчасына жарыяланган билдирүүсүндө Сириянын аскердик учактары Орусиянын Аскердик-космостук күчтөрүнүн колдоосунда Идлиб провинциясынын түштүгүндө жана Хама провинциясынын түндүгүндө оппозициячыл согушкерлерге абадан сокку урганы айтылды.

Ишембиде Сириянын армиясы расмий билдирүү таратып, өлкөнүн түндүк-батышындагы кагылышууларда ондогон аскерлер набыт болгонун кабарлаган.

Ушул эле күнү өлкө президенти Башар Асаддын кеңсеси ал Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Мухаммед бин Заед Ал Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана союздаштарынын колдоосу менен Сириянын аймактык бүтүндүгүн, туруктуулугун коргой турганын айтканын маалымдаган.

Башар Асад.
Башар Асад.

"Асад Сирия өзүнүн туруктуулугун жана аймактык бүтүндүгүн террористтерден жана аларды колдогондордон коргоону улантарын белгиледи. Ал Дамаск террордук топторду союздаштардын колдоосу менен жеңип, жок кыла аларына ишенерин айтты", - деп билдирди мекеме.

Асаддын режимин Иран, Орусия жана АКШда террорчу деп таанылган ливандык “Хезболла” радикал тобу колдойт.

Козголоң башталган күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандагы жана Түркиядагы кесиптештери менен телефондон сүйлөшкөн. Министрлер Сириядагы абалды стабилдештирүү аракетин күчөтүүнү макулдашкан.

Ал тапта Америка Кошмо Штаттары сириялык топтордун Асаддын армиясынын позицияларына жасаган чабуулдарына тиешеси жок экенин билдирди.

2024-жылдын 30-ноябры. Сириянын түндүгү.
2024-жылдын 30-ноябры. Сириянын түндүгү.

"Биздин жалпы саясатыбыз мурдагыдай эле. Биз бул жарандык согушту БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясына шайкеш келген саясий жөнгө салуу менен биротоло токтото ала тургандай олуттуу жана ишенимдүү саясий процессти көргүбүз келет. Белгилүү болгондой, бул резолюция БУУ көмөктөшкөн, сириялык режим жана оппозициялык топтор Сирия үчүн алдыга карай жолду сүйлөшө турган процессти талап кылат", - деди 2-декабрда АКШнын Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер.

Сириянын эки аймагын кимдер басып алды?

Сириянын түндүк-батышындагы күтүүсүз чабуулду президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы чыккан ири топтордун бири "Хаят Тахрир аш-Шам" жетектеп жатат.

27-ноябрда АКШ террордук уюм деп атаган уюм жана анын өнөктөштөрү Сириянын экинчи чоң шаары Алеппону басып алып, өлкөнүн түштүк тарабына жылып баратат.

"Хаят Тахрир аш-Шам" тобу

Бул негизинен салафит, сунни жана ашынган радикал мүчөлөрдөн турган согушкер топ. Ал Сирияда ислам динине негизделген мыйзамдар менен башкарылган мамлекет түзүлүшү керек деп эсептейт. Аталган топ Сирияда жарандык согуш башталгандан бир жылдан кийин, 2012-жылы пайда болгон.

Алгач ал "Ал-Каида" террордук тобунун сириялык бир бутагы катары негизделген жана "Жабхат ан-Нусра" же “Фронт ал-Нусра” деп аталчу. Абу Мухаммад ал-Жулани жетектеген бул топ “Ал-Каиданын” Ирактагы лидери Абу Бакр ал-Багдадинин буйругун аткарганы маалымдалат. Кийинчерээк Багдади өзүн “Ислам мамлекети” (ИМ) деп атап алган экстремисттик топту түзүп, Жулани ага кошулуудан баш тарткан.

“Фронт ал-Нусра” жанкечтилер аркылуу жардыруу уюштуруу, колго жасалган жардыргычтарды колдонуу тактикасы менен Асадга каршы күрөшкөн эң кандуу топтордун бири болуп калды.

2017-жылы бул топ Сириянын түндүк-батышындагы башка оппозициялык топтор менен биригип, "Хаят Тахрир аш-Шам" түзүлгөн. АКШнын чалгын кызматы бул топтун беш миңден он миңге чейин мүчөсү бар деп эсептейт. 2018-жылы АКШ аны террордук уюм катары "кара тизмеге" киргизип, лидери Жулани тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар сыйлык убада кылган.

"Хаят Тахрир аш-Шам" Сириянын президенти Асадга каршы күрөшкөн согушкерлер менен козголоңчулардын альянсын жетектейт. Ал "Файлак ал-Шам", "Жейш ал-Изза", "Харакат Ахрар ал-Шам" жана "Түркстан бригадасы" (бул топтун курамында Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөру бар) сыяктуу майда топтор менен кызматташат.

Путин Сирияны колдон чыгардыбы?

Ошентсе да Сирия бийлиги Алеппонун басымдуу бөлүгүн жана башка бир катар калктуу конуштарды көзөмөлдөп турат. Айрым маалыматтарга караганда, президент Башар Асад чабуул башталгандан көп өтпөй Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктары боюнча обсерватория (SOHR) билдиргендей, орус армиясы козголоң чыккан аймактарга бир нече жолу абадан сокку урган.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдан бери уланууда. Алеппо 2016-жылга чейин козголоңчулар таянган аймак болуп, 2015-жылы алар менен күрөштө Асад Путинден жардам сураган. Орусиянын Асаддын армиясына абадан көрсөткөн күчтүү колдоосунан кийин согушкерлер 2016-жылы Алеппону алдырган.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Ирак Башар Асадга Алеппону кайтарып алуусуна жардам берүү үчүн Сирияга өз аскерлерин жөнөттү. ТАСС агенттиги билдиргендей, Асадга Иран да көмөктөшүүдө. "Коммерсантъ" басылмасы "Алеппо үчүн кармаш кайрадан жанданган соң, Асад Москвага келди" деп жазды. 1-декабрда Орусиянын Коргоо министрлиги "орусиялык аба-космостук күчтөр сириялык армияга Сириянын түндүгүнө бастырып кирген оппозициялык согушкерлерге каршы күрөшүнө жардам берип жатканын" маалымдады.

Аскердик аналитик Давид Гендельмандын айтымында, Сириядагы азыркы чабуул көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду, анткени 2020-жылдан кийин согушкерлердин басымдуу бөлүгү деэскалация аймагына кеткенден кийин олуттуу аскердик операциялар болгон эмес.

"Сирия армиясы менен өкмөтү кырдаалга көз салууну бошоңдотуп ийишти. Эки ай мурун Ирандын чалгын кызматы согушкерлер күтүүсүздөн күчөшү мүмкүн деп эскерткенине эч кандай реакция болгон эмес. Чындыгында, Сирия өзү тынчсызданбаса, Орусиянын ал жакта аскердик контингентин кармоосуна эч кандай негиз жок болчу. "Хмеймим" базасы акыркы мезгилде негизинен Африкадагы орусиялык контингент үчүн жүк ташуучу база катары гана колдонулуп келген", - деди эксперт "Свобода" радиосуна курган маегинде.

Украинага басып киргенден эки айдан кийин орус телеканалдары сириялык аскерлер бул согушка ыктыярчы катары катышууга катталып жатканын көрсөткөн. Ошол кездеги коргоо министри Сергей Шойгу Путинге Жакынкы Чыгыштан 16 миңден ашык ыктыярчы табылганын билдирген.

Орусиянын Украинадагы согушу Асаддын жана анын каршылаштарынын ортосундагы мамилеге кандай таасирин тийгизди? Бул суроого жооп берип жатып Давид Гендельман азыркы кырдаалда "Орусияга ресурс бөлүштүрүү жагынан күч келип жатканын" айтты. Анын белгилешинче, мурда "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун бөлүктөрүн жөнөтө койсо болот эле, ал эми азыр алар Сирияда иштебейт:

"2022-жылы Сириядагы орусиялык контингентти эч убарасыз эле көбөйтө коюу мүмкүн болчу. Азыр андай кылуу кыйла оор. Себеби күчтүн баары Украинага каршы фронтко салынууда. Орусия Сириядагы аскерлеринин санын авиация жагынан гана көбөйтө алат, анткени бул дайым оңоюраак".

Куралдуу топтордун чабуулу 27-ноябрда Алеппо жана Идлиб провинцияларында башталган. 30-ноябрда алар Алеппонун көпчүлүк бөлүгүн жана Идлибди толук көзөмөлгө алышкан.

Бул козголоңчулардын Сирия режимине каршы 2016-жылдан берки биринчи чабуулу болуп калды.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG