Чек арада кармалгандардын жакындары жардам сурашты

Тажикстанда кармалган жакындарын бошотууну талап кылып келген жарандар. Баткен шаары. 2021-жыл 22-февралы

22-фервалда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө Тажикстанда кармалып турган 5 адамдын 350дөй жакындары чогулду.

Алар менен облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жолугушуп, Тажикстанда мыйзамсыз чек араны кесип өткөн деген кине менен кармалып тургандардын жакындарын укук коргоо кызматкерлеринин коштоосу менен коңшу мамлекетке алып барууну уюштуруп бермей болду.

Быйыл жыл башынан бери Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жарандар үчүн жаза катаалдашкан болчу.

Бир апта мурда Кыргызстандын 5 жараны Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Тажикстан менен чектешип турган жеринен кошуна өлкөнүн чек арачыларына кармалган болчу. Андан бери ырасмий маалымат тарай элек эле.

Чогулгандар Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, товарды аткезчилик жол менен ташыган деп кармалып тургандарды бошотууга жардамдашуу талабын коюшту.

Дагы караңыз Ташиев: Чек ара чыры митинг менен чечилбейт

Баткен районунун тургуну Каламбек Мергеновдун баласы 20-февралда Россияга кетмек. Бирок Тажикстанда кармалып калгандыктан эми кошуна өлкө мыйзамдарына ылайык 300 миң сомдой айып пулду төлөш керек болот, сот качан болоору да белгисиз.

“Баламдын 20-февралга билети бар болчу. Кетээрде үйгө кой сатып берейин, багып тургула, деген. Анан 2 күн өтсө да дайыны жок болгонунан өзүм издеп чыгып, ошол аймакка барып, Тажикстанда унаасы да кармалып турганын билдик. Жолдун эки тарабы эки өлкөгө карайт экен. Бурула турган жерге чек ара деп, же эскертүү, деп белги да коюлган эмес. Белги болбосо билбей өтүп кетет да ар бир эле киши. Биз өзү миграциянын эсебинен жан багып жатсак, анан айып пулун үч жүз миң сом болсо - кантип төлөйбүз? " - деди Каламбек Мергенов.

Айпаша Орозованын да экинчи топтогу майыптыгы бар баласы Тажикстан менен чек арадагы базардан мал алып келүү үчүн кеткен бойдон бир жумадан бери дайынсыз. Айпаша Орозова кошуна өлкөнүн чек арачылары кармап кеткенин божомолдоп, бийликтен жардам сурап келген:

“Баламдын бир колу иштебейт. Эптеп жан багып келебиз. Эми мен баламды кантип бошотуп алам? Ал азыр кандай абалда кармалып турат? Бийлик жардам бербесе биз өз алдыбызча кантип бошотуп алабыз?”

Чогулгандар менен облус башчысы, күч кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, кармалган кыргыз жарандарын чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканыг маалымдашты. Кармалгандардын абалын билүү максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда Тажикстанга сапар уюштурулмай болду.

Өмүрбек Суваналиев

"Мыйзам чегинде колдоо көрсөтөбүз, бирок тартип, эрежени сактаганды үйрөнүш керек", дейт облус башчысы Өмурбек Суваналиев:

“Биз күч кызматтары менен жыйын куруп маселени талкуулап жатабыз. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр да болуп жатат. Кармалгандар боюнча маалымат алып турабыз. Биз алардан кабар алууну уюштуруп беребиз. Укук коргоо кызматтарынын коштоосунда жакындарынан алып барып жеринен көрүп келишет. Анан чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таркатуу туура эмес. 22 адам барымтада кармалып турат, деген чындыкка дал келбейт. Өзүбүз да чек арадан мыйзамсыз кесип өтүүнүн жоопкерчилиги бар экенин унутпай, эрежени сакташыбыз керек. Тажикстан да азыр бул администртивдик бузуу үчүн жазаны күчөтүп койгон. Айып пулун эселеп көбөйткөн".

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөнүн жарандары чек араны мыйзамсыз кесип өтсө 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айып пул төлөйт. Өткөн жыл ичинде Кыргызстандын аймагына чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Тажикстандын жарандары 7 миллиондой сом айып төлөшкөн.

Тажикстандын күч кызматкерлери кыргызстандык жарандарды барымтага алышты деген маалымат жалган экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Атайын кызматтын маалымдашынча 16-февраль күнү Кыргызстандын 5 жараны Тажикстандан 900 кг металлды, 2 бодо малды, 3 койду мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жеринен бул мамлекеттин чек арачылары тарабынан кармалган.

Маалыматка ылайык кармалган 5 кишинин экөөнүн үстүнөн Тажикстандын күч кызматтары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда кыргызстандык жарандарды кайтарып алуу максатында Тажикстандын бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын УКМК билдирген эле.