Таластын Көпүрө-Базар айылынын тургундары 2020-жылдын сентябрь айында элдин 29 баш жылкысын Казакстанга уурдатып жибергенин айтышууда. Алар малды кошуна өлкөдөн издөө мүмкүн болбой жатканын, ага кыргыз чек ара кызматы менен облустук милиция көңүл бурбай жатат деп эсептешет.
Талас районунун тургундары Адилет Дөөлөт уулу менен Калкожо Эстебесов айылдаштарынын малын акыга багып күн көрүшөт. Алар өткөн жылдын сентябрь айынын этегинде элден чогулткан 29 баш жылкыны таппай калышкан.
Алар бир апта бою жок издеп, мурда мал жайып жүргөн аймакты түрө кыдырат. Жоголгон жылкылардын изи көп өтпөй Талас району менен чектеш коңшу Казакстандан табылгандай болот.
Адилеттин тааныштары жылкылар казактын Селимбай деген айылында камалып турганын тасмага тартып жөнөтөт.
«Биз жылкыны жоготкондон төрт күн өтүп Казакстанда беш баш кулундуу бээлер сатылып жатканын тааныштарым көрүп калышкан, - деди ал. - Бул жарнама видеого тартылып, Интернетке чыккан. Биз жылкыларды тааныдык. Биздики экен. Видеону милицияга алып барып, арыз жазганбыз. Андан бери 3,5 ай өттү. Бирок алар «ана-мына» деп убакытты созуп жүрүп алышты. Бирде «Казакстандан уруксат сурап жатабыз» дейт. Кайра «уруксат келди, эми башка кагаздар келиши керек» деп жооп беришет. Жалпылап айтканда аракет кылбай жатышат. Андан бери жарнамага чыккан беш кулундуу бээ деле жок болсо керек».
Жоголгон 29 баш жылкынын 17син кароо милдети Калкожо Эстебесовдун мойнунда эле. Калган 12син Адилет Дөөлөт уулу багып жүргөн. Калкожо Эстебесов уурулар атайын уюштуруп, жылкыларды Кыргызстандын чек арасынан Казакстанга чейин айдап барып берген деп боолголоп жатат.
«Буга чейин мал жоголчу эмес, - деп түшүндүрдү ал. - Тоонун аркы бетине айдачу эмеспиз. Аны бирөөлөр эле атайын айдап барды. Биз деле толук билбей жатабыз. Казакстандагы тааныштар «милиция менен келсеңер, биз кошо жардам берип, ууруларды таап беребиз» деп айтышкан. Айрым тааныштарыбыз «милиция, чек арачылар уурулар менен байланышы бар, ошон үчүн кыймылдабай жатышат» дешет».
Жоголгон жылкылардын ээлери учурда малчыларга «жылкыларыбызды төлөп бересиңер» деп айта баштаган экен.
«Ар бир жылкы 80-90 миң сомдон болуп жатпайбы. Жоголгон жылкылардын баасы 1 миллион сомдон ашат. Биз аларды кантип төлөп беребиз? Милиция жардам кылса эле барып таап келет элек», - деп кейиди Адилет.
Малчылардын айтымында, алар мал жайган аймакта чек араны аныктаган атайын белгилер коюлганы болбосо атайын чек ара тосмолору жок.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, милицияга арыз 2020-жылдын 29-сентябрь күнү келип түшкөн. Арыздануучулар Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын Агышай сайында жайылып жүргөн жалпы 29 баш жылкы, анын ичинен 20сы чоң бээ болгонун маалымдашкан.
Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде сотко чейин териштирүү башталган.
Облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева кылмыштын бетин ачуу аракети жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, иш 2001-жылдын 9-августундагы «Казакстандын Жамбыл, Алматы облустарынын жана Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын прокуратуралар ортосундагы кызматташтык жөнүндө» Тараз келишиминин негизинде жүрүп жатат.
«Тергөөнүн жүрүшүндө жоголгон жылкылардын өзгөчө белгилери жана түстөрү көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын облустарынын ички иштер башкармалыктарына, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына жана Казакстан Республикасынын Турар Рыскулов районунун полиция бөлүмүнө жана Жамбыл облусунун полиция департаментине багыттамалар жөнөтүлгөн», - деди ал.
Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева жылкысын жоготкондор мекемеге эки айдан кийин гана кайрылганын айтты:
«Эгер ошол окуя болгон күндөн көп узатпай кайрылышканда алардын малын издөө оңой болмок. Бирок бизге 2020-жылдын аягында, тактап айтканда арыздануучулар малын таппай калгандан эки ай өтүп кайрылышкан. Мамлекеттик чек ара кызматынын Таластагы өкүлчүлүгү Казакстанга атайын кат жөнөткөн. Учурда казак тараптан жооп күтүп жатабыз».
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык өлкөнүн түштүк жергесиндеги чек ара аймагындагы тургундардын малы башка өлкөгө өтүп кеткен учурда 1-2 күн өтпөй кайра кайтарылган учурлар көп.
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасынын жайылып, бир өлкөнүн малы экинчисине өтүп кеткен учурлар көп катталган. Бир канча жыл мурда чек арадан өтүп кеткен мал-жандыктардын артка кайтарылышы да кыйын болчу. Кыргызстандыктар Өзбекстандын чек арачылары жүздөгөн баш малын бербей койгонуна даттанган учурлар болгон. Төрт жыл мурда эки өлкөнүн чек ара кызматтары бири-биринин аймагына өтүп кеткен малды кайтарып берүүнү да жөнгө салышкан.