Чек ара: шалаакылык, жоопкерчилик маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусунда. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңеште чек арадагы окуялар үчүн жоопкерчилик маселеси көтөрүлүп, бийликке кескин сын айтылды.

Депутат бийликти шалаакылыкка айыптады

Парламенттин 28-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо чек арадагы окуяга байланыштуу атайын кайрылуу менен чыгып, бийликти сындады.

"Урматтуу кыргызстандыктар, ар бир суроого жооп алышыңар керек. Анткени, "бүт милдетти өз мойнуна алып, жооп берет" деп президенттик башкарууну тандагансыңар. Демек, кечээги Баткендеги шалаакылыктын, кайдыгерликтен окко учкан кырчындай өмүрлөргө, күлү көккө сапырылып, каңырыгы түтөгөн калкка, кырчындай өмүрлөргө, карегинен кан, жүрөгүнөн зар өтүп, ботодой боздогон энелердин көз жашына, аталык мээриминен ажырган бөбөктөргө, бараарга багыты жок, башпаанек издеп, жонуна жүгүн артынып, жолго чыккан жарандарыбыздын тагдырына, чек аранын чечилбеген чырына, мындан аркы бүдөмүк, божомолдорго сөзсүз жооп берилиши керек", - деди депутат.


Мирлан Самыйкожо президент Садыр Жапаровго кайрылып, “адам өмүрү кыйылган чек арадагы окуяларга ким жоопкер?” деген суроону кабыргасынан койду:

Мирлан Самыйкожо.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, чындык ачуу болот, чыдагыла! Парламент өз милдетин аткарып, аскердик абалыбызды чыңдоо жана алдын алуу иштери үчүн оңой эмес акча бөлдүрүп берген. Кана ошол каражаттардын дайын-дареги? Алардын натыйжалуу же натыйжасыз пайдаланылганы боюнча эч ким жооп бере элек. Баткен окуясын алдын алуу боюнча бир жарым жыл мурун токтом чыгарып, учурдагы зарылчылыктарды камтып, аткарууга жөнөтпөдү беле. Кана ошонун аткарылышы? Ушунун баарына ким жооп берет? Чаржайыт иш алып барган чалгындоо ишинин чабалдыгына ким жооп берет? Биздин өлкөдө “төшөк чалгын”, “кустур чалгын” жана “контрабанда чалгын” эле жакшы иштейби?

Жогорку Кеңешке эмнеге курал алып келинген?

Эл өкүлү 22-cентябрдагы Жогорку Кеңештин жабык жыйындагы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен айрым депутаттардын пикир келишпестиги жөнүндө дагы кеп козгоду. Аткаруу бийлиги парламентке басым көрсөтүп жатат деп сынга алды:

“Парламенттин үстүндө эл менен кудай гана турат. Азыркы турушубузда парламенттин кудайлары көбөйүп бара жатат. Парламенттин төрүндө тайраңдап өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда жоо менен эмес, парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Аны азыр бир кесиптешибиз ачыктап айтып берди. Урматтуу эл өкүлдөрү, сөзүмдү жыйынтыктап жатып, “колум сынса сынсын, оюм сынбасын”, “парламентаризм деген жолум сынбасын”, “бутум сынса сынсын, духум сынбасын” деп иштейличи!” - деп депутаттарга кайрылды.

Жалын чулгаган Достук, жарактан чыккан жаңы үйлөр


Ага чейин ушул эле жыйында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал алып келгенин айыптап, анын аракетине укуктук баа берилиши керектигин айткан. Мадумаров муну күн тартибине коюу үчүн төрагага кайрылды.

Адахан Мадумаров.

“Өлкөдө эле эмес, биздин Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал жеңил эмес. Коопсуздук кызматынын жетекчиси (Камчыбек Ташиев - ред.) эки жашик автомат көтөрүп парламенттин ичине кирип келгени - бул өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катары ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна сөзсүз түрдө баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак анда Жогорку Кеңеш өз ишин аткара албады деп билишибиз керек".

Дагы караңыз

Чек арадагы кырдаалды парламент жабык карады

Жогорку Кеңеште 22-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну жабык караган жыйында чыр чыкканы белгилүү болгон. Айрым ишенимдүү булактардын билдиришинче, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев чек арадан улам сын айткандарды Баткенге барууга чакырып, депутаттарга курал тараткан. Ал отурумда кайым айтышуулар орун алып, жакалашканга чейин барышкан. Спикер Талант Мамытов ошол жерден кызматын убактылуу өткөрүп берерин билдирген жана төрага баштаган бир топ депутат Баткенге жөнөп кеткен.

Жыйынга катышкан депутаттардын көпчүлүгү пикир келишпестиктер эмнеден улам чыкканы, эмне курал алып келингени жөнүндө ачык айткысы келбеди. Депутат Исхак Масалиев ал чогулушка катышкан эмес, бирок кесиптештеринен уккандары боюнча буларды билдирди.

"Менин угушум боюнча мындай деп айткан: "ушунча күйүп аткан киши болсоңор жүргүлө, биз менен бирге атышасыңар" деген. Бул аракети эч кандай мыйзамга дал келбейт", - деди ал.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Ташиевдин парламентке курал алып барганын төгүндөп жатат.

Дагы караңыз Баткен сапары: Нес болгон дипломаттар...

Чек ара протоколдорунан баш тартуу сунушу

27-сентябрдагы жыйында Жогорку Кеңештин "Ыйман Нуру" фракциясынан депутат Султанбай Айжигитов дагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча атайын билдирүү менен чыкты. Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган акыркы протоколду жокко чыгаруу керек деп эсептейт.

Султанбай Айжигитов.

“Аскердик агрессия менен ачыктан ачык коркутуу. 39-протоколго да, 42-протоколго да кол коюу мажбурлоо алдында болгон. Аскердик агрессия жана кадимки кеңири согуш коркунучу менен койдурду. Агрессиясын дүйнө алдында ачык эле айтып жатат. Ошондуктан мен алардын бул протоколдорду шылтоо кылып, чагым жасап жатканын териштирели, комиссия түзүп, системага салалы жана ал протоколдорду толук бойдон жокко чыгарып салышыбыз керек деп сунуш кылам. Себеби аларга кол коюлганы менен эч кандай процедуралык жолду өткөн эмес, ратификация болгон эмес”.

Айжигитов акыркы жылдары кабыл алынган протоколдор тажик тараптын басымы менен кабыл алынганын, андан тынчтык орнобошун жана Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү тилкелер тажик тарапка өтүп кетүү коркунучу бар экенин айтып кооптонууда.

Өткөн аптада айрым депутаттар Баткенге барып келгенден кийин парламентте жабык жыйын өттү.

25-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов эки тараптан чек арадагы төрттөн постту алууну макулдашкан.

Ташиев чек арадагы постторду алуу чечими чыр-чатактарды болтурбоо максатын көздөй турганын, ал өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунуч туудурбай турганын билдирген.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: талкууга түшкөн протокол

Президенттик аппарат, Улуттук коопсуздук комитеттин башчысы депутаттардын акыркы сын-пикирине жооп бере элек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейбуктагы баракчасында депутат Мирлан Самыйкожонун билдирүүсүн өлкөдөгү демократиянын көрсөткүчү катары баалаган пикирин жазды. Ал “саясий дискуссия, талаш-тартыш парламентте болушу керек жана ага жалпы элибиз дагы, бийлик дагы кызыкдар” экенин белгилеген.

Байсалов чек ара окуясын “шалаакылык, кайдыгерлик” деп атоо туура эмес экенин белгилеп, ынтымакта болууга чакырды.

Эдил Байсалов.

“Мамлекет жетекчилиги коңшу менен ар кандай конфликтти сүйлөшүү жолу менен чечкенге кызыкдар жана аракет кылууда. Болбосо чек ара коргоп жан берген уулдарыбыздын уучу кур эмес. Бирок согуш жолу Кыргызстанды гана эмес, жалпы регионду дестабилизацияга алып келип, көп миңдеген курмандыктарга себеп болот. Парламент эң маанилүү чек ара маселесинде акыркы сөздү айта турган бийлик бутагы. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча дагы, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча дагы ратификацияны парламент кылат. Бул маселелерге келгенде тарыхый жоопкерчиликти сезе билүү азыркы бийлик бутактарына бирдей түшкөн патриоттук милдет”, - деп жазды Байсалов.


Кыргызстан куралдуу кагылыштан 63 жаранынан айрылды, алардын 50гө жакыны аскер кызматкери экени айтылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.