Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Парламент эмнеге укуктуу? Талаш жараткан регламент мыйзамы


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарды. Президенттин соңку кадамын айрым депутаттар парламент институтунун таасирин төмөндөтүү аракети катары баалап жатышат.

Жайкы каникулдан кайтып келген Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы регламент менен иштөө планы аткарылган жок. Быйыл каникулга тарардын алдында чукул карап, шашылыш кабыл алган мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, артка кайтарды.

Президенттин мындай позициясы тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө таратты.

Анда президент мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылганы жазылган. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору мамлекет башчынын кароосун келип түшкөн соң экспертиза үчүн өлкөдөгү бардык бийлик бутактары жана тиешелүү министрликтерге жөнөтүлгөн. Аталган органдар Жогорку Кеңештин жаңы регламентинде Баш мыйзам жана өлкө мыйзамдарына карама-каршылыктары аныкталганын белгилешкен.

Президенттик администрация карама-каршылыктардын негизгилерин тизмектеди. Алардын бири мыйзам долбоорунда парламент Жогорку соттон жылына бир жолу отчет алуу укугу жазылган. Бул сот бийлигинин эркиндигине терс таасирин тийгизип, Баш мыйзамга каршы келет деп негизделген.

“Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды кабыл алып жаткан учурда Конституциянын жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынып жатканы массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыяланып, эксперттер ар кандай пикирлерин билдирип жатканын белгилөө зарыл”, - деп айтылат түшүндүрмөдө.

Мындай жол менен президент Жогорку Кеңештин жаңы регламентине ичи чыкпасын ачык билдирип, кайрадан иштеп чыгууну сунуштады. Эми бул документ боюнча макулдашуу тобу түзүлүп, өлкө башчысы көрсөткөн нормалар жаңыдан иштелип чыгышы керек.

Бирок президент Жапаровдун соңку позициясын Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары сыпаттап, сындап чыккан депутаттар болууда. Алардын бири оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиев ансыз да бир топ ыйгарым укуктарынан ажыраган парламентти бул жолу да позициясын алсыратуу аракети жүрүп жатат деген пикирде.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Жогорку Соттун отчетун угалы дегенибиз жок, жөн гана маалымат угалы деп жатабыз. Кыргызстанда сот системасы кандай иштеп жатат, эмне кемчилик бар деп маалымат угуп коюнун эч кандай маселеси болмок эмес. Биз отчет алып, анын негизинде сотту алмаштыр деген талап болгон эмес. Болбосо, биздин шайлоочулар сот системасына абдан көп сын айтып, кайрылышат да. Биз аларга маалымат берип койсок эч нерсе болмок эмес. Өкмөттү уга албасак, сотко өз сунушубузду айта албасак анда парламенттин мааниси кандай?".

Бул эмне үчүн маанилүү?

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган. Мындан улам парламенттин позициясы төмөндөп, бийлик бутактары ортосундагы тең салмактык сакталбай калат деген чочулоолор айтылып келет.

Башынан үч жолку ыңкылапты өткөргөн Кыргызстан үчүн мындай эскертүүлөргө өзгөчө маани берилет.

Парламенттеги бийликчил делген "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурлан Шакиев президенттин Жогорку Кеңештин регламент боюнча боюнча мыйзамды кайтарып берүүсү парламенттин баа-баркын төмөндөтүү аракети катары санабайт.

Бирок Шакиев парламенттин регламенти жөнүндө мыйзамды эртерээк кабыл алып, анын иштөө эрежелерин аныктоо керектигин белгилейт:

Нурлан Шакиев
Нурлан Шакиев

"Мен президенттик администрациясын жетекчисине кеп бүгүнкү парламент же администрация жөнүндө эмес, Жогорку Кеңештин аныкталган орду болуш керек деп айттым. Мыйзам чыгаруу бийлиги катары өз ыйгарым укуктарына ээ болуш керек. Бизде азыр эки бийлик ортосунда тирешүү жок. Анча-мынча Баш мыйзамга каршы келет деген нерселерди айтып жатат. Биз аны жокко чыгаруу үчүн тез арада макулдашуу комиссиясын түзүп, регламент боюнча мыйзамды кабыл алыш керек".

Жогорку Кеңештин учурдагы регламенти буга чейинки парламенттик-президенттик башкаруу маалында иштелип чыккан. Ал учурда Жогорку Кеңештин курамы 120 депутаттан туруп, баары партиялык тизме менен куралчу.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG