Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Чек арадагы кырдаалды парламент жабык карады


Баткен, Достук айылы. Сүрөт 21-сентябрда тартылган.
Баткен, Достук айылы. Сүрөт 21-сентябрда тартылган.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кооптуу кырдаал боюнча маалыматын жабык жыйында укту. Анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен коргоо министри Бактыбек Бекболотов баяндама жасады.

Анда Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорундагы, Ош облусунун Чоң-Алайындагы чек ара айылдарынын коопсуздугу жана тынчтыкты орнотуу чаралары тууралуу маалымат берилди. Баяндама аскердик коопсуздукка жана мамлекеттик жашыруун сырга байланыштуу маалыматтарды камтыгандыктан, анын негизги өзөгү ачык айтылган жок. Бирок айрым депутаттар кырдаал жөнгө салынгандан кийин аскердик коопсуздукту камсыздоодо кетирилген кемчиликтер боюнча маселе көтөрүлө турганын айтышты.

"Улуттук коопсуздук үчүн" деген жүйө менен баяндама угууну, талкууну жабык өткөрүүнү президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытов сунуштады. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов муну колго салып, маалыматты жабык тартипте кароо чечими кабыл алынды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кооптуу бойдон калып жаткан кырдаалды караган парламенттин жабык жыйынында кандай чечим кабыл алганы белгисиз бойдон калды. Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булак депутаттар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун маалыматтарын угуп, коопсуздукту камсыздоого байланыштуу айрым бир суроолорду берүү менен чектелгенин билдирди. Жыйында аскердик коопсуздукка, ишенимдүү тынчтыкты орнотууга жана эл аралык мамилелерге багытталганы тууралуу үстүрт маалымат гана айтылды.

Жогорку Кеңештин "Ыйман Нуру" фракциясынан депутат Султанбай Айжигитов маалыматтар мамлекеттик жана аскердик сырды камтыгандыктан, көп нерсе ачык айтылбай турганын билдирди.

"Өзүңүздөр түшүнөсүздөр, бардыгы жабык болгондон кийин жыйында талкууланган маселелердин негизги өзөгү дагы ачыкка чыгарылбайт. Эч кимге эч кандай маалымат бербөө үчүн бул маселе жабык каралды. Эгерде керек десе, Министрлер кабинети өзү айтып чыгат. Ошондуктан мен азыр эч нерсеге комментарий бере албайм".

Парламенттин айрым депутаттары былтыр 29-апрелдеги оор жоготууларга алып келген куралдуу кагылыштан бери Тажикстан менен мамиле курч бойдон калып келгенин мисалга алышты. Алар кандуу калаба экинчи ирет кайрадан кайталанып, оор жоготуулар орун алганы аскердик коопсуздукту чыңдоонун абалын көрсөтөт деген ойдо.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев азыр өкмөттү сындай турган учур эместигин айтып, бирок кийин териштирүүлөр болуп, бир катар аскер жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы мүмкүн экенин кыйытты.

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Мен азыр көп нерсени айткым келбей турат. Себеби азыр анын бардыгын айта турган мезгил эмес. Бирок кырдаал жөнгө салынып, абал тынчыган соң айта турган сөздөр көп. Эмне үчүн бардыгын билип туруп ушуга чейин жеткирдиңер деген жөнөкөй эле суроо бар. Коопсуздук кеңешинин катчысы "биз билгенбиз" деп мактанып жатпайбы. Билишсе, анда эмнеге буга жол беришти? Азыр биз өтө опурталдуу учурда жашап жатабыз. Ошондуктан азыр биздин аскер жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу маселе бир аз майдараак болот. Бирок кийин аларга дагы кезек келет. Азыр ал жактан аргасыз көчүрүлгөн 140 миң адамдын акыбалы эмне болот деген маселе турат? Алар кайра үйлөрүнө кайтып бара алышабы? Кайтып барышса каякта жашайт? Жакында кыш түшөт. Ошол маселелерди чечүү зарыл".

Ошол эле кезде аскер адамдарынын арасында да чалгын кызматтарынын чабалдыгы жана бекем коргонууну уюштуруу үчүн чек арага өз учурунда кошумча күчтөр жеткирилбегени боюнча аскердик-тактикалык кемчиликтер кеткени тууралуу сөз болууда.

"Биздин чалгын жана контрчалгын кызматтары, УКМК жана жергиликтүү акимчиликтер олуттуу жаңылыштык кетирген деп эсептейм. Кандай жаңылыштык? Алар согушка даярданып, мурдатан эле жайгашып, даярдык көрүп жатканын кантип байкашкан эмес? Бул жасалган иштин бардыгы биздин чалгындын чабалдыгы. Биз "депутаттардын колун сындырам" деп коркутуп, бул жерде согушпай, ошол түзүмдөрдү күчөтүшүбүз керек болчу. Тажиктер ошондон пайдаланып кетишти. Биз болсо бардык жагынан алсыздыгыбызды көрсөтүп койдук",-дейт аскердик эксперт Мурат Бейшенов.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрь күндөрү болгон ири кагылыштарда бир канча айылдар, чек ара бекеттери өрттөлүп, ок атышуу ондогон адамдардын өмүрүн алды. Кыргызстандын расмий маалыматы боюнча, кыргыз тараптан 59 адам, анын ичинен 40 аскер кызматкери набыт кетип, 200гө жакыны жаракат алды. Чек арадагы айылдардан орун которгондордун саны 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды. Бул маалыматты көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG