Тажикстан: кыз намысы, кыйылган өмүр

Тажистанда 18 жаштагы келин күйөөсүнүн "абийири жок келген" деген айыптоосунан кийин жанын кыйды.

Бул факт боюнча анын күйөөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен иш козголду.

Тажик мыйзамдарына ылайык, турмуш курганы жаткан жарандардын баары сөзсүз медициналык кароодон өтүшү керек. Көп учурда кыздар догдурдан абийиринин тазалыгын далилдеген маалымкат (справка) да алышат.

Тажикстанда үй-бүлөдө кыз намысынын айынан чыр чыккан, ажырашкан, кайгылуу окуялар менен аяктаган учурлар буга чейин да катталган.

Тажикстандын Чорбог айылынын 18 жаштагы тургуну Ражабби Хуршедди ата-энеси ушул жылдын май айында айылдашы, 24 жаштагы Зафар Пиров аттуу жаранга күйөөгө берген. Жубайлар бири-бири менен так үйлөнгөн күнү таанышкан.

Ражабби Хуршед менен күйөөсү Зафар Пиров.

Ражабби турмушка чыгар алдында медициналык кароодон өткөн жана "ак" экенин далилдеген маалымкат алган. Тойдон көп өтпөй Пиров аялын мажбурлап дагы бир жолу медициналык текшерүүдөн өткөргөн, андан соң үйдөн кубалап, экинчи аял алууга макулдук беришин талап кылган.

Ражабби той болгондон кийин туура 40 күн өткөн соң уксус ичип алды. Оор абалда райондук ооруканага жеткирилип, бир нече сааттан кийин өзүнө келбей жан берди. Анын күйөөсү Зафар Пиров "Азаттыктын" тажик кызматына аялы "кыз эмес" болгону үчүн ата-энесине кайра жөнөткөнү жатканын моюнуна алды. Аялын абийири тууралуу калп айткан, алган маалымдамасы жалган болчу деп күнөөлөдү:

Зафар Пиров

- Эгер мен күнөөлүү болсом кудай алдында жазага тартылууга даярмын. Жанын кыяр күнү мен ага "сени ата-энеңдикине жеткирем" деп айткам. Мен бир нерсеге алаксып короого чыгып кеткенде уксус ичип алыптыр. Азыр аябай кыжалат болуп жатам. Жубайым менен акыркы жолу сүйлөшкөндө "эгер сен мага чындыкты айтсаң жашай беребиз, айтпасаң ажырашабыз" дегем. Эгер мен эртең же эки-үч жылдан кийин дагы үйлөнөм десем, анын ата-энеси "кызыбызда эмне күнөө?" деп суроо беришмек. Ал өзүнүн арызында "мен Ражабби Хуршед, нике түнү кыз болуп чыкпаганым үчүн күйөөмдүн дагы үйлөнүшүнө каршы эмесмин" деп жазып берген.

Маркум келиндин туугандарынын айтымында, Ражабби өлөрүнө жакын нике түнүнөн баштап эле күйөөсү кысымга алып жатканын, мындай кордукка чыдай албасын айткан.

Келиндин энеси Фазиля Мирзоева кызы турмушка чыкканга чейин бир дагы эркек менен жакын мамиледе болбогонун, актыгын далилдеген бир эмес эки маалымдамасы да бар экенин айтып сыздап отурат:

- Менин кызым каралоо менен зомбулуктун курмандыгы болуп калды. Анын өлүмүнө күйөөсү гана күнөөлүү. Аны түрмөгө камашсын. Мен аны көргөн сайын азап-муңга баткым келбейт. Анын энеси дагы мен сыяктуу сыздасын. Баласын жоготуу кандай оор экенин түшүнсүн.

Маркум Ражабби Хуршеддин ата-энеси тажик президенти Эмомали Рахмон баштаган өлкө жетекчилерине кайрылып, кызынын намысын коргоого, анын каралоону токтотууга жардамдашууну өтүнүп жатышат.

Зафар Пировго аялын "өзүн өзү өлтүргөн абалга жетирүү" деген айып менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Сот анын баш коргоо чарасын караган жана жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тил кат алган. Пировдун айыбы далилденсе, ал сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тажик коомчулугунда никеге чейинки жыныстык катнаш тууралуу ачык сөз кылуу мүмкүн эмес. Актыгы шек жараткан келиндер өмүр бою кодуланып, басмырланып өткөн учурлар арбын кездешет.

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Тажикстанда турмуш курганы жаткан жарандардын милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү тууралуу мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Бул ВИЧ/СПИД өңдүү жыныстык жол менен жуга турган илдеттердин жайылышына каршы күрөштүн бир чарасы катары сыпатталган. Анда "кыздык белгинин" бар-жогун текшерүү кадимки көрүнүшкө айланган.

Медициналык кароо тууралуу маалымдама болбосо жубайлар никесин каттата алышпайт. Мындай маалымдаманы ар кандай коррупциялык айла-амал менен сатып алса да болору да айтылып жүрөт.

Тажикстанда "кыздык белгинин" айынан үй-бүлөдө чыр чыккан учурлар көп кездешет. Мисалы 2014-жылы сотто 600дөй иш каралган. Көп учурда келиндер шек санаган күйөөлөрү менен соттошкон.

Дүйшөмбүдөгү Республикалык соттук жана криминалистикалык борбордун башчысы Яхьо Одинаев биринчи нике түнүндө эркектер тажрыйбасынын жоктугунан же башка дагы психологиялык жагдайлардан улам жубайлык милдетин тыңдап аткара албай, күнөөнү аялына оодара салган учурлар да кездешерин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.