Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Ооган кыздары - намыс же өлүм


31-августта Гор провинциясында балак жеген кыз
31-августта Гор провинциясында балак жеген кыз

Ооганстанда турмушка жаңы чыккан келин нике кыйылган түнү таза экенин далилдей албаса өмүр бою кемсинтүүгө дуушар болуп, түрмөгө түшүп, ал тургай катаал жазага кириптер болушу мүмкүн.

Жарым кылымдай согушту баштан кечирген элдин салты боюнча жаңы келиндин намысы жубайларды гана эмес, жалпы тууган-урукту түйшөлткөн маселе. Бул айрым учурда аялды өмүр бою запкыга салып, тагдырын талкалаган окуялар менен коштолот.

Жаңы эле болочок күйөөсүнүн босогосун аттаган оогандык жаш келиндин үй-бүлөлүк турмушундагы эң олуттуу окуя - алгачкы нике түндө өзүнүн кыз экенин далилдөө.

“Азаттык” радиосунун ооган кызматына атын атагысы келбеген аял нике кыйылган түндүн эртеси жигиттин туугандары жубайлардын шейшебин текшерген салт азыр да күчүндө экенин айтып отурду.

Босогону аттаган жаш келиндин таза экени далилденбей калса, андан кийинки тагдыры таптакыр бузулат. Кээде алган жарынын актыгынан күмөн санаган жигит келинчекти төркүнүнө кайра кайтарып, анын ордуна сиңдисин бергиле деген талапты коёт. Ал эми кыз экенин далилдей албаган аялды түрмөгө камап, шылдыңдап, кыйнаган учурлар да арбын:

- Кээде келиндин кулагын, мурдун кесип салышат. Кир кийим кийгизип ата-энесинин үйүнө кайра алып барып беришет. Чачын кырышат. Кыздын үй-бүлөсүн уяткарып, атургай өлтүрүп, сөөгүн карматкан учурлар да болгон, - деп эскерет ооган аял.

Ооган коомунда аялдарды кемсинткен бул көйгөй ачык талкууланбайт. Акыркы мезгилде эркек менен никесиз мамиле курду деп айыпталган аялдар кабылган зомбулуктар ириңдеп турган жарааттын оозун тырмагандай жарылды.

Ноябрдын этегинде Гор провинциясында 26 жаштагы кызга үйүнөн качып кеткени үчүн элдин көзүнчө балак урулуп, ал алган жараатынан эсине келбей жан берген. Андан бир ай мурда 19 жаштагы Рухсананы талиптер никесиз бирөө менен жашаган деп ташбараңга алып өлтүрүшкөн. Август айында ошол эле Гор аймагында жигит менен кызды эл алдында никесиз ымаласы бар деп катуу сабашкан.

Үй-бүлөнүн "намысын" коргогон кылмыштар

Ооганстандагы дал ушундай үрөй учурган жазалоонун артында көбүнчө кыздын үй-бүлөсү турат. Алар кызды бийлик органдарына да тапшырып берет. Эң жаманы, кыздын жакындары үй-бүлөнүн намысы үчүн кызды өлтүрүп тынат.

- Намысы булганган кызды өз үйүнө кайтаруу жөрөлгөсү бар. Эл алдында шерменде болуудан качкан үй-бүлө башка кызы болсо анын ордуна берет. Айрым аймактарда аялдарды жөн эле өлтүрүп коюшат. Кээде күйөөсү “намыссыз” келген аялын адам чыдагыс азапка салат, - дейт Ооганстандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын өкүлү Мариам Зумрати.

Марзия аттуу Парван провинциясынын тургуну бир тууганын көп жылдан бери күйөөсү жаңы турмуш курганда намысы жок келди деп эле шектенгени үчүн азапка салып, кыйнаганын кеп кылды:

- Алгачкы нике түндө эжемдин шейшеби булганбаптыр. Күйөөсү аны урат, денесинин баары көгала. Бир топ жыл чогуу жашаса деле “бузулган” деп аны кордоп жүрөт.

Айрым жерлерде тойго чейин эле күйөөгө кетчү кыздар милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтөт. Мамлекеттик бейтапканалардагы догдурлар болочок келиндин кыздык белгиси бузулбаганын тастыктайт. Эл аралык укук коргоочу уюмдар мындай текшерүүлөр адам укугун бузуп, кыз жыныстык байланышка барган-барбаганы боюнча акыркы тыянакты чыгара албасын ырастап келатышат.

Ооганстандын мыйзамдары боюнча жубайынын көзүнө чөп салган, никесиз эркек менен байланышкан же үйдөн качып кеткендерди аялдарды өз алдынча жазалаган, өлтүргөн учурлар “үй-бүлөнүн намысы” үчүн деген жүйө менен кылмыш деп эсептелбейт. Жүздөгөн кыз-келиндерди динчил соттор “үй-бүлөнүн намысына шек келтирди” деген айып менен түрмөгө каматып коюшат.

Ооганстандын Конституциясында “бир да мыйзам куттуу ислам дининин шарттары менен талаптарына каршы чыга албайт” деп жазылган. Бирок ушул эле мазмунга Конституциядагы башка беренелер кайчылаш жазылып калган.

Талиптер үстөмдүк кылган айрым элет жерлеринде тургундар мамлекеттик органдарды ашыкча жемкор жана адилетсиз деп санап, өз ара талаш-тартышты чечүү үчүн талип сотторго кайрылышат. Ал эми талип соттор шарияттын жол-жобосун бузбай сактап, никесиз байланышка барган деп айыпталган аялбы же эркекпи эл алдында жазалап, өлүм жазасына чейин тартып келет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG