Тажикстанда террордук деп табылып, ишмердигине тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын өлкөдөн чыгып кеткен жетекчиси Мухиддин Кабиринин жакындарын суракка алуулар өткөн жыл соңунда күчөп, анын 95 жаштагы атасы да тергөөчүгө чакырылган.
Буга удаа өкмөттүк “Жумурият” гезитинин кабарчысы Харамгүл Кодир да Кабири менен жакын байланышта болгон деген шек менен суракка алынган. Ал “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде алгач аскер прокуратурасы козголоңчу генерал Назарзоданын иши боюнча тергөөнүн алкагында суракка чакырганын, кийин ал сурак тыюу салынган партиянын лидери Кабири менен жеке мамилеси тууралуу уланганын айтты.
- Менден Мухиддин Кабири менен мамилем тууралуу сурашты. Мен ал киши менен тек гана саламым түз болгонун, алакабыз ал-жай сурашкандан ары өтпөгөнүн гана айттым. Мен аны менен жакын мамиледе болгонум боюнча шектенүүлөр болгон экен. Атүгүл Кабиринин токолдорунун бири жана андан балалуу болгонум тууралуу да айың кептер чыгып кетиптир. Мен мунун баары жалган экенин айттым.
Журналист андан ары өзүнүн “актыгын” далилдөө үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө да аргасыз болгонун айтты:
- Менин кайсы бир министр же башка чиновник менен жакшы мамиледе болгонум аны менен башка да байланышым бар экенин түшүндүрбөйт да. Кабири менен мамилем жакшы болгон күндө деле, анын мамлекеттик төңкөрүш жасоо ниетине кандай тиешеси бар? Эгер бул маселе мамлекеттик коопсуздук үчүн маанилүү болсо, эгер менин жеке жашоом кандайдыр бир коркунуч туудуруп жатса, анда мен ар кандай экспертизадан, текшерүүдөн өтүүгө даяр экенимди айттым. Бул мен үчүн шылдың болсо да таза экенимди, кыз экенимди далилдөө үчүн ушундай кадамга бардым. Анын натыйжасында мен эми мамлекеттик коопсуздукка эч кандай коркунуч туудурбасымды жана кыз экенимди ишенимдүү түрдө айта алам.
Харамгүл Кодир укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мындай сунушун дароо кабыл алып, медициналык мекемеге кошо барганын, ошол экспертизанын жыйынтыгы менен алардын мамилеси өзгөрүп, урмат менен карап калышканын да кошумчалады.
Айрым мусулман өлкөлөрүнө мүнөздүү кыздык текшерүү салтынан тажик коому да кур эмес. Харамгүл бул талаштуу тажрыйба адам укуктарына каршы келгенине карабай тажик коомунда жыйырма жаштан кийин турмуш курбаган кыздарга башкача карагандар бар экенин жашырбайт.
Бул сурактан кийин журналист Харамгүл Кодир өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок ал жакында кайра мекенине кайтууну көздөөдө.
Буга чейин Борбор Азияда расмий катталган жападан-жалгыз исламчыл саясий уюм саналган Тажикстандагы оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири былтыр марттагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң партия мүчөлөрүнө кысым күчөп отуруп, акыры өлкөнүн Жогорку соту коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода баштаган топтун өткөн күздөгү козголоңунан кийин партияны террордук бирикмелердин катарына кошуп, ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ошондон кийин партиянын 20дан ашуун активдүү мүчөсү камакка алынып, сыртка чыгып кеткен лидеринин жакындарын суракка алуулар күчөгөн.
Тажикстан издөө салган Мухиддин Кабири азыр кайда экени белгисиз. Бирок ал 27-декабрда Ирандагы бир эл аралык жыйынга катышканына Тажикстандан барган расмий делегация күбө болгон. Мындан улам тажик бийлиги аны жыйынга чакырганы үчүн Тегеранга нааразылык билдирген.
“Ислам кайра жаралуу” партиясы бир кезде кадыр-баркы боюнча Тажикстандагы экинчи партия болуп эсептелген. Былтыр марттагы шайлоодо беш пайыздык босогону багындыра албай, парламентке өтпөй калган. 45 миңдей мүчөсү бар бул партия парламенттин буга чейинки үч чакырылышында төмөнкү палатадан орун алып келген эле.
Партия жетекчилиги оппозициялык көз карашы үчүн басым-кысымга кабылганын айтса, укук коргоо уюмдары да партия мүчөлөрүн куугунтуктоолордун саясий жүйөсү бардыгын билдирип келишет.