Жапондор эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн согушуп жаткан Украинаны колдоодо

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинага чабуулдары улантылып жаткан маалда Жапониянын жаңы тышкы иштер министри Такэси Ивая мырза менен Киевде жолугушту. 2024-жылдын 16-ноябры.

Адатта, Батыш өлкөлөрү Орусиянын баскынчылыгына каршы согушуп жаткан Украинанын колдоп жатышкандыгы тууралуу байма-бай айтылат. Арийне, эгемен Украинанын адилет күрөшүн колдогон кубаттуу өлкөлөр Чыгышта да бар. Алардын бири – Жапония. Тарыхчынын блогу.

Жапон тышкы иштер министри Такэси Ивая мырзанын Киевге иш сапары

Путиндик баскынчыл согуштан жапа чегип, бирок орусиялык баскынчыларга каршы айыгыша согушуп жаткан эгемен Украина – Жапониянын жаңы тышкы иштер министри Такэси Иваянын (Takeshi Iwaya) чет өлкөгө жасалган алгачкы иш сапары болуп калды.

2024-жылы 16-ноябрда ал Украинанын ордо шаарында расмий Киевдин жетекчилери менен соңку эл аралык кырдаал жана өз ара кызматташтыкты андан ары өөрчүтүү көйгөйлөрү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүздү.

Тараптар расмий Токио менен расмий Киев жакында, расмий Маскөөнүн кеңири өлчөмдөгү баскынчыл согушу улантылып жаткан шартта түндүк кореялык аскерлердин тобунун Орусияга жайгаштырылышына байланыштуу түзүлгөн “өтө кооптуу кырдаалга” байланыштуу коопсуздук маселелери боюнча коргоо жана тышкы иштер министрлеринин ортосундагы баарлашууну ого бетер чыңдоого милдеттенишкенин билдиришти.

Тасма. Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига жапониялык кесиптеши Такэси Ивая менен Киевде жолугушту. Тараптар Орусиянын баскынчыл согушун аскердик колдоого алып жаткан Түндүк Кореянын кесепеттүү саясаты тууралуу да талкуулашты. 16.11.2024. (Гроші. 18.11.24).

Такэси Ивая мырза Киевде оболу Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига (Андрій Іванович Сибіга) менен жолушугуп, биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү. Бул брифинг маалында Ивая мырза Түндүк Кореянын аскерлеринин Орусиянын 2 жарым жылдык согуш аракеттерине кошулуусу Азия континентин дагы “өтө олуттуу кесепеттерге туш кылышы мүмкүн”, – деп эскертти.

Бир аздан соң Ивая мырза Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

Президент Зеленский Ивая мырза менен “азыркы тапта Түндүк Корея Орусиянын шериги болуп калгандыгы жана бул кылмыштуу согушта Путинге жардам берип жатканы” жөнүндө талкуулашкандыгын айтты. Анын белгилешинче, тараптар "Пхеньян менен Маскөөнүн ортосундагы кызматташтыктан улам келип чыкчу бардык коркунучтар" тууралуу да талкуу кылышкан.

Дагы караңыз Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга калкан болобу?

Орусиялык аскер күчтөрүнүн жоготууларынын саны болжол менен 600,000 кишиден ашкан тапта, президент Владимир Путин өз калайыгынын басымдуу бөлүгүнө саясий жактан жакпай турган жаңы иш-чараны – аскерге кошумча жапырт чакыруунун (мобилизациянын) экинчи айлампасын болтурбоо үчүн башка бардык аргаларды издөөгө аргасыз болууда.

Дал ушул кырдаалда Орусиянын түштүк-батышындагы кан майдан тилкесине жакын аймакка Түндүк Кореянын Ыраакы Чыгыштан алынып келинген 11,000ден ашуун жоокери Курск аймагына да жайгаштырылгандыгы жоромол кылынууда.

Жапониянын тышкы иштер министри Ивая мырза Киевдеги иш сапары маалында бул соңку окуяга карата өзүнүн “терең тынчсыздануусун” билдирди жана түндүк кореялык жоокерлердин Орусиянын түштүк-батышына жайгаштырылышын кескин айыптады.

Ивая мырзанын айтымында, жапондук жана украиналык тараптар мындан ары "коопсуздук саясаты боюнча жогорку деңгээлдеги эки тараптуу баарлашууну", анын ичинде чалгындоо маалыматтары менен өз ара алмашууну улантмакчы.

Ивая 16-ноябрда оболу Буча шаарындагы орус баскынчылыгынын 2022-жылдагы курмандыктарына арналган эскерүү жайына зыярат кылды. Украиналык жана эл аралык прокурорлор Буча шаарын убактылуу каратып алган кыска мөөнөт ичинде баскынчыл орусиялык аскерлер мындагы карапайым калкка каршы кыргын жана кеңири зордук-зомбулуктар жасашкан, деп расмий Маскөөнү айыпташууда.

Дагы караңыз Жапондор менен түштүк корейлер эгемен Украинаны колдошот

Жапония – Кремлдин баскынчыл согушун кескин айыптаган өлкө

Орусиядагы путиндик режимдин 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушка өтүүсүн расмий Токио дароо эле айыптап чыкты.

Жапониянын ал кездеги өкмөт башчысы Фумио Кисида 2022-жылы 25-февралда Кремлдин согуш аракетин мындайча сынга алган:

“Статус-квону өзгөртүүгө багытталган бир тараптуу далаалат... Европада эле эмес, Азияда жана алардын чегинен тышкары (аймактарда) эл аралык тартипке олуттуу кесепеттер” тийгизет, – деген Ф.Кисида.

2022-жылы Жапон өкмөтү Орусияга каршы өз атынан да чектөөлөр жарыялаган.

Ал түгүл Украинанын баскынчыларга каршы согуш жүргүзүп жаткан аракеттерине колдоо иретинде 2023-жылы март айында Жапониянын ал кездеги өкмөт башчысы Фумио Кисида мырза Киев шаарына расмий сапар менен келип кеткен.

Жапон өкмөт башчысы Фумио Кисида жана украин президенти Владимир Зеленский. Киев. 21.3.2023. Архив.

2024-жылдын башында Жапонияга иш сапар менен келген украин өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Токиодогу басма сөз жыйыны маалында шардана кылган маалыматка караганда, Жапония тарабынан Украинага буга чейин берилген жана убада кылынып жаткан жалпы каржылык көмөктүн көлөмү – 12 миллиард доллардан көбүрөөк.

2024-жылдын январына карата Жапония Украинага 7 миллард доллардан ашуун көлөмдөгү каржылык жардам берүүгө үлгүргөн.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын башында Жапония Украинага каржылык көмөк көрсөткөн башкы өлкөгө айланды.

Жапон өкмөт башчысы Фумио Кисида Орусиянын Украинага каршы согушунда жабыр тарткан Буча шаарындагы жалпы көрүстөнгө гүлдесте койду. 21.3.2023.

Жапония Украинага каржылык көмөк гана көрсөтпөстөн, азык-түлүк, дары-дармек, автоунаалар, электр кубатын өндүрүүчү генераторлор, минадан тазалоо жабдуулары, чопкуттуу коргонуу кийимдери сыяктуу жапондук мыкты сапаттагы товарларды да жөнөтүүдө.

Азыркы тапта Жапония америкалык “Пэтриот” (“Patriot”) зениттик ракета атуу комплексине ок-дары катары колдонулуучу ракеталарды өз алдынча өндүрүп чыгаруу укугу бар өлкө болуп саналат. Соңку мезгилде жапон басма сөзү расмий Токио Украинанын куралдуу күчтөрүн ушул ракеталар менен тикелей эмес, арачылар аркылуу кыйыр жабдуу жаатын карашы мүмкүн, деген жоромолдорду жарыялады.

Кремлге карата дипломатиялык өтө сак саясий турумда болуп келген расмий Токионун Украинага ачык ылым санай башташы жана каржылык көмөгүн күчөтүшү Жапониянын өкмөтүнүн азыркы доордо Кремлдин эл аралык саясатта аскер күчүн колдонуу аркылуу мурдагы статус-квону өзгөртүү далаалатын кабыл албай тургандыгы менен байланыштуу болду.

Дагы караңыз Украина Түштүк Курил аралдарын Жапонияныкы деп тааныды

Эгемен Украина дагы жөн калбады. Ал дагы Жапонияга тилектештик билдирүүдө.

Маселен, 2022-жылы октябрда Украинанын Жогорку Радасы кабыл алган бир токтомдо Курил аралдарындагы мурдагы Советтер Биримдигинин, азыркы Орусиянын карамагында калган жана Кремл менен Токионун өз ара дипломатиялык талаш-тартышынын бутасы болуп келе жаткан аралдар (бул аралдар жапондук геосаясий термин боюнча “Түндүк аймактар” деп аталат) “Орусия Федерациясынын баскынчылыгы астында кала берип жаткан” аймактар катары расмий таанылды. Ушундай мүнөздөгү расмий тыянак Украинанын президенти Владимир Зеленский кол койгон жарлыкта да тастыкталган болчу.

Жапониянын жаңы өкмөт башчысы Сигэру Исиба (Shigeru Ishiba) мырза. 11.11.2024.


Соңку окуялардан
Жапониянын мурдагы өкмөт башчысы Фумио Кисида 2024-жылы 23-сентябрда БУУнун Башкы жыйыны маалында украин президенти Владимир Зеленский менен 30 мүнөттөй сүйлөшүү жүргүзгөн. Зеленский мырза Кисида мырзага Биринчи даражадагы Айкөл Княз Ярослав орденин тапшырган.
Ал эми 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Жапониянын жаңы өкмөт башчысы кызматын 67 жаштагы Сигэру Исиба (Shigeru Ishiba) мырза аркалап калды. Ал буга чейин өлкөнүн коргоо министри, айыл чарба министри сыяктуу кызматтарды да аркалап жүргөн учурлар болгон. Ал НАТО сыяктуу азиялык аскердик ынтымакты түзүү идеясын колдоп чыккан саясатчы катары да маалым.
27-октябрдагы чукул чакырылган парламенттик шайлоодон кийин 11-ноябрда Исиба мырза кайрадан өкмөт башчы болуп шайланды.
Жаңы өкмөттүк курамда мурдагы коргоо министри Такэси Иваяга тышкы иштер министри кызматы ыйгарылды. Ивая мырзанын алгачкы чет өлкөлүк сапарынын Украинага жасалышынын өзү Жапониянын жаңы өкмөтүнүн расмий Киевге ачык колдоосу катары каралышы мүмкүн.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.