Бөрү баласы ит болбойт. Ауэзовдун аңгемеси

Иллюстрациялык сүрөт.

Казак адабиятынын классиги Мухтар Ауэзовдун “Көк жал” аңгемесин кезинде режиссер Төлөмүш Океев көркөм тасмага көчүргөн. Чыгармада адам менен табияттын карым-катнашы бийик көркөмдүктө чагылдырылган.

Бөлтүрүк

Айтылуу “Абай жолу” эпопеясы баш болгон бир катар кара сөз, драмалык чыгармалардын автору Мухтар Ауэзовдун “Көк жалы” дүйнөнүн бир топ тилдерине которулган, көпчүлүк окурмандарга тааныш чыгарма. Анда көчмөндүк доордо казак талаасында өткөн ары трагедиялуу, ары оор турмуш сүрөттөлгөн. Аёо билбес жырткыч менен тагдыры оор адамдын турмушу эриш-аркак сүрөттөлгөн.

Окуя Кара-Адыр деген ээн жайда, качканы да кууганы да паанек кылчу чытырман бадал курчаган адырлуу жарда өтөт.

Түнт бадал баскан ээн жердеги жар боорундагы эски ийинге бир дөбөт карышкыр канчыгы экөө келип жаңы ийин казып, анысын эскиге төр жагынан кошуп ээлеп калышат да кашабаңдардын көнүмүш тирилиги башталат. Канчыгы жазгы жылуулукка чыдабай тилин салаңдатып акактап жатса дөбөтү бир козуну көтөрүп келиптир. Бир паста экөөлөп чалажан жаныбарды бөлө тартып жеп ийишти да, жаңыдан баса баштаган бөлтүрүктөрүнө кусуп беришти.

Иллюстрациялык сүрөт.

Козуну көтөрө келген карышкырдын изин адамдар оңой эле табышкан окшойт, эртеси аттарын дүбүрөтүп ийин жанына келишти. Канчык бөлтүрүктөрүн ийинге жашырып сыртка из жазгырган. Адамдар көп кармалбай ийиндеги кыңылдаган күчүктөрдү сыйыртмактап тартып алышты. Анын баарын эне “карышкыр тилин салаңдатып, жардын буйга жериндеги ит мурунга далдаланып” көз ирмебей карап турду. Башка эмне кыла алат? Адамдар көз ачып калган беш бөлтүрүктү ошол жерде өлтүрүшүп, козунун баш сөөгү жаткан жерге бир бөлтүрүктү чалажан таштап коюшту. Күчүктөрдүн эң кичинекейин өздөрү менен кошо ала кетишти.

Аттардын дүбүртү алыстап ийин ээн калганда дөбөт менен канчыгы жакын келишип жарадар бөлтүрүктү желкеден тиштеп заматта бадалдардын арасына житип кетишти. Көзүн ача элек көк бөлтүрүк айылдагы Курмаш деген балага тийди, баарынын оюнда мүмкүн багууга көнүп ит болуп кетер деген ой турду.

Бөлтүрүктүү болгону Курмаштын түйшүгү көбөйдү. Күчүгүнө ит аяк таап, мойнуна кайыштан каргы тагып, түнкүсүн койнуна алып жатчу болду. Күчүктүү болгону мурдагыдай чоң энесинин жанына жатпай калды. Араңжан калтыраган муштумдай жаныбарды чоң энеси келген күнүнөн эле жактырбады. Калтылдап турса да бөлтүрүктүн кулагын тикчийткени жинин келтирчү.

“Жай ортологондо бөлтүрүк чоңоюп, күчтөнүп, айылдагы өзү теңдүү күчүктөрдөн эч айырмаланбай калды. Болгону жүнү үрпөйүңкү келип, бөрү басардын эле өзүнө окшош. Ошентсе да айылда жашоо ал үчүн жеңил болгон жок. Курмаштын чоң энеси сыяктуу эле айылдагы бардык иттер аны менен келише алган жок. Үйдөн кичине эле алыстаса болду, арсылдаган кабаган иттер качан болсо тосуп чыгып, туш-туштан талап кирет. Курмаш ага болушуп, иттерди уруп ажыратканда короочу иттер ага нааразы болгондой аргасыз четке чыга беришет. Ал эми бөлтүрүккө болсо айыл ичи түрмө сыяктуу кысылып, демигип кетет. Ал ээн талааны, жыты аңкыган көп түрдүү жапайы чөптөрдү, кең мейкиндикти эңсейт.

Бир күнү чоң үйдүн килейген кара дөбөтү Курмаш жокто бөлтүрүктү кууп жетип, көтөрө чаап көпкө чейин уйпалап тургузбай талады. Анысы аз келгенсип айылдын башка иттери да жетип келип, туш келди бутунан, капталынан тарткылап, жөн эле жүндөй тыткылашты. Туш-туштан жүгүрүп келген балдар, чоң кишилер араң ажыратышты. Уйпаланган, кордук көргөн байкуш бөлтүрүк, үй четине барып тескери карап турган калыбында азуу тиштерин арсайтып, бир нерсеге катуу ызырынгандай болду”.

Дагы караңыз Ит турмуш: өзүмчүл болуп бараткан пенде балдары

Курмаштан башка айылдагылардын бирөө да бөрү баласын жактырбады. Мунусу күрсүйүп чоңоюп алса бөрүлөрүнө кетип калат, бөрү баласы ит болбойт дешти. Бирок ээленген бала ага көнөбү?! Курмаш күчүгүн жанындай көрөт. Анан да анысы айылдагы иттерге окшоп курсагы тойсо керилип басып кетпейт, дагы тамак куяр бекен деп жаланып-жуктанып турганы турган, же тойсочу. Киши карап турса айласыз чыдайт, кичине эле көз жазгырылса аңдыганын баса калып жеп ийишке даяр. Курмаштын да айласын кетирет, бош калган эттен, тамак-аштан, жайылган териден эч нерсе калбайт. Уурулугу үчүн Көксереги канча таяк жеди. Киши уруп атса качып кетип каңшылабай, тишин арсайтып айбат көрсөткөнүчү.

Айылда Курмаштын бөлтүрүгү тууралуу гана кеп болуп калды. Түнкүсүн кой короого кирип козулардын куйругун жыттап, койлорду үркүтөрүн айтышты. Андай сөздөрдү Курмаш жуутчу эмес. Көксерегине канча тамак берет, оокат-аштын калдыгын, жугундуну аябай куят, бир да жолу тойгонун көрбөдү, жаланып-жуктанып эттен көзү өтүп турганы турган.

Балага бөлтүрүктүн кишиге жагынбаганы, кашкөйлүгү жакчу. Анын үстүнө ал күн санап өсүп, желке жүнү карайып сүрдүү көрүнө баштаганына ичинен ыраазы болуп жүрдү. Көзү ачыла элек кезинен чогуу алып жатып өзүнө үйүр кылып үйрөткөн көкжалы кичине чоңойгону айылдагы иттерден коркпой ээн-эркин басып калды. Айылдагы иттер андан коркуп калышчу болду.

“Шыйрагы торпоктукундай узун, мойну өгүздүкүндөй быкжыгый келип, баарынан чоң”. Мындайга кайсы ит даасын, кежигеси дүңкүйгөн көк жал айыл эмес, ошол жердин бөрүсү болуп калды. Чакырса куйругун шыйпаңдатып чуркап келе койбойт, жанындагылардын бир да бирөөн тоотпой, айыл иттеринин барын-жогун сезбей күрсүйгөн чоң дөбөт күндүзү боз үйдүн көлөкөсүндө жатууну өнөр кылып алды. Бир жолу айылдагы Карала иттин ээси мактанып, экөөн алыштырышты эле Көксерек тиги байкуштун аз жерден кокосун үзүп ала таштады. Курмаш коркуп кетип Көксеректи чакырып албаса Карала итти бурдап салмак.

Дагы караңыз Айтматовдун бүтпөй калган чыгармасы

Карышкыр

Кийин бир жолу айылдын коюна эки кашабаң түн жамынып келип кол салганда айылдын иттери, адамдары артынан куушту. Адырдын кырынан кылактап эки көгүш караан ашканын, алардын артынан Көксерек кеткенин Курмаш байкап калды. Артынан барып Көксерегин чакырса жооп болбоду, кеткен экен деп ошондо бир түңүлдү эле кетпептир.

“Түн кирип, эл жатар маал болгондо Көксерек айылга кайтып келди. Бирок үйгө келбей обочо, көрүнөө жерге туруп алып, кайта-кайта буту менен жер чаңытып, жинденет. Кез-кез жылдыз толгон асманды карап, күздүн салкын абасына тумшугун тосуп, Кара-Адыр жактан бир нерсенин жытын алгандай искегилейт. Ошентип, Көксерек күндүз керели-кечке айылда болуп, түнкүсүн дагы талаага өзү жалгыз кетти. Ошол бойдон күнү-түнү үч күн дайынсыз жоголуп, кийинки күнү кайтып келди. Карды ачкалыктанбы, эки бөйрөгү шимирилип, шапайып арыктай түшкөн. Мойнундагы каргысы жок, мурдагыдай эле эч нерсеге көңүлсүз, түнт. Качан Курмаш аны өзүнө чакырганда, ал бир коркунучту сезгендей, башын салаңдатып жай басып келди. Курмаш сүйүнгөндөн жетине албай, карышкырынын кыска, бирок булчуңдуу, чымыр мойнунан эркелете булкуп, булкуп койду. Көксерек Курмаштын тамашасын жактырбагандай мойнун булкуп алып, эки кулагын жапырып сүрдүү тикчийтти. Бул жолу Курмаштын чоң энеси да Көксеректи каргап-шилеген жок, алдына аш куюп кубана тосуп алды.

Анын тамак ичкени да мурдагыдай эмес, коркунучтуу болгондуктан Курмаш да сестене четке чыга берди”.

Бөрүнүн жапайы жашоого азгырылып, карышкыр каны ойноп калганын атасы сезип Көксеректи өлтүрүп терисин сыйрып алалы десе Курмаш макул болбой койду. Бекер кылган экен, көп өтпөй карышкыр айылдан биротоло жоголду. Кеч күзгө чейин талаадан коён, суур уулап күлтүйүп семирип алып кыш келип тамак табыш кыйын болуп калган чакта түндөсү жашынып айылга жакын келди. Айыл иттери жакындатпай, курсагы ачып, ачкалык кыйнагандан тумшугун асманга тосуп узакка улуду. Эшигине куйругун тыккан иттери ажылдап үрүп, бирок бир да бирөө ал турган жакка келе албады. Карышкырдын сак кулагы алыстан ага карап жооп кылып улуган үндү укту. Шыпылдаган боз карышкыр менен ошондо табышкан.

Анан экөөнүн чогуу жашоосу башталды. Айыл жанынан Көксеректин улуган үнүн угуп чогуу кууп келген иттердин арасынан Карала дөбөттү жара тартып жегени канчык карышкыр экөөнүн биринчи олжосу болду. Дөбөнүн жанында Карала дөбөттүн баш сөөгү, ар кайсы жерде чачылган жүнү, куйругу гана калды. Көксерек менен боз канчыктын айылдын малына кыргын салышы ошондон кийин күчөдү. Көксерек адамдардан коркпой, анысы шеригине жугуп, канды булоонду катуу салган кашабаңдар куугундардан оңой кутулуп жүрүштү. Айылда болсо эки карышкырдын амалын билбегендер аларды бир короо бөрүлөргө айлантып, бири экинчисинен коркунучтуу уу-дуу кептердин күнү тууду.

Дагы караңыз Мүнүшкөрдү байыткан бир олоңдун баяны

Кийин адамдар алардын эрте жаз туулган бөлтүрүктөрүн ийинден сууруп чыгып өлтүрүп кетишти. Кезектеги куугундардын биринде тууттан өзүнө жакшы келе элек канчыгы жок кылынды. Жалгыз калган Көксеректин эми аяна турган эч нерсеси жок эле, туш келген жандыкты кырып, азыраагын жеп, көбүрөөгүн өлтүрүп жанаша айылдарга чууну катуу салды. Канча ирет артынан куушту, бир да ирет жете алышпады, күрсүйгөн көк карышкыр амалын таап кутулуп кетет. Айылда болсо көк карышкыр тууралуу учурма кептер токтолбойт.

“Айылдын жигиттерин уятка калтырыш үчүн карышкырга канат бүтүп, качпай эле учуп кеткенсийт”.

Көксерек кашабаң турмуштун жыргалын да, кууралын да көрдү. Алдынан чыккан малдын чоң-кичинесине карабай жара тартып жүрүп бир кышта желип-жорткон үйүр карышкырга жол баштооч болуп, айбанынан тажаганда адамына кол салып, бара-бара эч кимден коркпой калды. Бир жолу төө үстүндө былк этпеген бирөөнү секирип келип жара тартайын деп ыкыс берип, камданып калганда төөчөндөн түтүн чыгып, жамбашы ысый түшкөнүн бир билет. Жамбашын ачуусу менен бурдай “карс” тиштеп үч аяктап качып жүрүп берди. Дагы жакшы төөчү артынан кубалабады. Канча күн ачкарын сыздаткан жарасын тили менен жалап жатты. Ачкадан буралып жүрө албай каларында бир үйүр жылкынын ичинен бир бээни күрткүгө камап жыгып алып, ошонун эти менен тыңып, баштагы калыбына келди.

Көксеректин катуу жарадар болгонун көрсө үйүрүндөгү карышкырлар аны да тытып жеп кетишмек. Жарадар болгону жалгыз калып, биротоло айыккандан кийин ал өзү жалгыз малына да, адамына да кол салып, соңунда коюн жайып чыккан Курмашка жолугуп отурбайбы. Атынан жыгылган бала өмүрдүн акыркы ирмеминде ага карай секирген карышкырдын кулагы шара тилик экенин көрүп калды. Көксерек!

Күпкүндүз кой жайып чыккан балага кол салган көк карышкырды жок кылууну аймактагы белгилүү мерген Хасенге тапшырышты. Курмаштын атасы ошентип айтты. Бу айлакер жырткычты “таап өлтүрбөсөң, сен анда намыска бек жигит эмессиң, сен мага тууган да эмессиң, анда сенин да, сенин даңазалуу итиңдин да баасы эл үчүн бир тыйынга арзыбайт. Баш көтөрүп айыл аралап басып жүрбөй, көздөн далда кетип калганың оң” деп айтты.

Дагы караңыз "Ынтымактуу үй-бүлөдөгү энеден эзели жаман бала төрөлбөйт"

Хасен айылдын жигиттери менен чыгып Көксеректи тайганы экөөлөп өлтүрдү, Ак кашка тайганы да шыркырап аккан канына чыланып суналып жаткан Көксеректин жанына кулады. Эрегишкен эки күчтүн тиреши бир өлүм менен аяктады. Хасен ичи ачышса да намыска жараган тайганына ыраазы болчу.

“Көк жалдын өлүгүн айылга алып келип, Курмаштын боз үйүнө таштап коюшту. Курмаштын чоң энеси да небереси сыяктуу Көксерек экенин ага жакын келип, жырык кулагынан улам боолгоп араң тааныды.

– Көксерек! – деди кемпир чочуп кеткендиктен колу калтырай кыйкырып. – Тукумуңа наалат... Жер жуткур. Сенин уятың кайда? Кан ичер! – деп араң шилтеген каруусу жок буту менен карышкырды тиши арсайган оозуна тээп калды”.

Мухтар Ауэзовдун мыкты аңгемесин кыргызчага Мамен Арстанбеков которгон.