Cардарбек Рыскулов улуттук каада-салт, элдик өнөр, көчмөн жашоо-турмушту, санжыра-санаттарды мыкты билген жазуучу эле. Сүрөткердин "Бир олоң" аңгемесинде саятчылык (алгыр куштарды кармап, таптап, аңчылык кылуучу адам), өнөр ышкысы, жөнөкөй турмуш агымы кызыктуу баяндалган.
Сайтал
Мүнүшкөр адамдын жашоо-турмушун алгыр кушсуз, тоо-ташсыз, жапайы жаныбарларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Карымшак да бүркүтү жок калгандан кийин табылып каларбы деген үмүт менен Чоң-Кеминге барган. Түлкү алууга жарай турган бүркүтү кагынып өлүп, алгыр издеп чыккан.
"Баланча жерде түкүнчө бүркүт кармаптыр" дегенди укса, жердин алыстыгына карабай жетип барат. Чоң-Кеминдин керемет кооздугуна суктанып көктү караса эңсеген бүркүттөрү асманда каалгыйт, экөө экен. Бирөө эле колго тийсе "жолборс алдырар элем" деп ийди. Бул жакка келатканда тоо боорунан көрүнгөн эчки-текелер бир жерде бугуп жатышкан чыгар деп ойлоп койду.
Капчыгайдын чок ортосунда урунуп-беринип агып жаткан дарыя кыйла тартылыптыр. Акырын бастырып Байдам-Талга түштү. Бул өзгөчө кооз жер, өзөн жээги камыш, калың чычырканак баскан, капчыгайдын түбүндө болсо да ыркыраган шамалы жок ыктоо жер. Ал жерден эңсегенин табарын капарына албай атын жай бастырып кете берди.
"Өзөндүн оң жаккы өйүзүндөгү калың токойдун арасынан чыккан бүркүттүн алсыз үнүн салмактанган башын жерге салып бараткан Карымшактын кулагы чалды. Ал тизгинин жыйып, тык токтоду да, даанабы-бүдөмүкпү дегенсип, мойнун шак буруп, ошол жакка кулагын төшөдү. Даана. Бүркүттүн шаңшыган үнү. Дагы тыңшады. "Киллак-киллак-киллак". Даана. Болгондо да быйыл уядан жаңы учуп чыккан бала бүркүт. Балапан бүркүт менен чоң бүркүттү шаңшыган үнүнөн тааныбаса, анда Карымшактын мүнүшкөрлүгү кайсы? Атка мингенден тартып, жыйырма жылдан бери бүркүт менен алпурушуп келатпайбы. Бүркүттүн шаңшыганы Карымшак үчүн жылкынын кишенегениндей, жаш кулундун үнү менен энесинин же айгыр аттын кишинегенин ким да болсо так ажыратат эмеспи".
Асманда шаңшыган жырткыч куштун жерден үнү чыгып жатышы Карымшактын кызыгуусун дагы арттырды. Бүркүт бийикке аска таштардын үстүнө гана конот, токой ичинде эмне кылып жүрдү экен? Болду-болбоду бул колго түшкөн же канатынын бир мүрүнөн ажырап уча албай калган шордуу. А бирок балапан бүркүттүн үнү кайраттуу чыгат. Ата-энесинен бөлүнүп, өзүнчө жем таап жей элек балапан. Учарга жакын алар тез-тез шаңшып калат. Токой арасынан шаңшыган бүркүттүн үнү муңдуу, ачуулуу чыгып атканына караганда ачка окшойт. Бүркүттүн үнү өйүздөн чыгууда, ага жетиш үчүн ортодо албууттанып агып жаткан дарыяны кечип өтүш керек. Үн дүпүйгөн топ талдар жактан угулууда.
"Карымшак ошол талдардын тушундагы тайыз кечүүдөн кечип, суунун аркы жээгине чыкты. Мына калың тал. Арасы ачылып, аттуу кишиге жол берчүдөй көрүнбөйт. Жапыз өскөн майда чычырканактын бүрүнүн арасындагы ийненин учундай түптүз учтанган тикенектери этек-жеңин мындай турсун, жапан мышыктын тырмагына окшоп, жакындасаң бетиңди да тытып, кызыл ала кылчудай кылтыйып турат. Сырттан угулган добушту сездиби же чарчагандан атайы өзүн-өзү токтоткусу келдиби, бүркүттүн шаңшыган үнү лып басылды.
Карымшак атынан түшүп суу жээгиндеги жалгыз түп талга аттын чылбырын ары-бери күрмөй салды. Анан тиги бүркүттүн үнү чыккан жөө кишинин жолу менен тикенек-чырпыктардан жазганып эңкейип басып баратты. Туура жагынан шырп эткен добушту кулагы чалганда, оңго бурулду эле, үй ордундай ачыкта куураган талдын дөңгөчүнүн үстүндө канат-куйруктарын жайып жиберип, жалгыз отурган балапан бүркүттү көрдү. Курушуп каткан катуу кайыштан боо тагып, бир бутунун билегинен байлап коюптур байкушту. Кайыштын бир учу казыкка окшош талга чие байланган".
Жыгаччы
Карымшак таң калды, чие байланган бүркүттүн жанында эч ким жок. Музоо аркандагансып байкушту бутунан байлап коюптур. Боосу да курушкан шири, майланбаган кайыш бүркүттүн бутун өйкөп салыптыр. Бир ою чечип алып кете берсемби деген азгырык ойго жетеленди. Алып баратса ээси чыга калып чоку талаштыра бир салса не болот? Карымшак "ээси ким" деп үн салса арытан жооп болду. Байлап кеткен атынын жанында керилген карасур жигит мандаш токунуп отуруптур. Жанында узун саптуу ак балта. Аны көргөндө Карымшактын жаны чыгып кете жаздады, балтанын сүрү оңойбу. Экөө сүйлөшүп, тиги жигит жыгаччы экенин билип көңүлү бира аз жайланды.
Акыры байланып турган бүркүттүн чоо-жайын сурады. Айтымда балапандарын алып учуп чыккан бүркүттөрдүн бири - балапаны каманга кол салып, аны каман жарып таштагандан кийин бүркүттөрдүн энеси го каманды асманга көтөрө чыгып таштап жиберип, анан үчөө этке карк тойгондон кийин аман калган балапандардын бирөө уча албай, ошону өзөн жээгинде тал кыркып жүргөндөр кармап алышкан экен. Эки жумадай байланган балапанынан үмүт үзгөн ата-энеси кийин кайрылбай калышыптыр. Боз үй туурдугуна жыгач кесчү жигиттер жогорудан тал кесип, балапан бүркүт эки аптадан бери ачка экен. Тиги жигит ата-энеси келсе балапан бүркүттү агытып иймек болуп калыптыр. Карымшак "бүркүтүңдү агытып ийгенче мага бер", деди. Тиги жигит "атыңды бер" десе да макул болгонго даяр эле. "Атын ээр-токуму менен кармата берип, бүркүттү жөө көтөрүп кете бермек". Мүнүшкөрлүктүн ышкысы ушундай.
Көктөн издегени жерден табылганына сүйүнгөн Карымшак чаполоңун чечип берди. Башка берери жок эле. Ошол бүркүтүн "Бир олоң" деп атап койду. "Бир олоңу" үч-төрт жылдан кийин жетилип, барчын болду. Салган жеринен куру кол кайтпай жүрдү. Анан да кайтарда ат үстүндө оор бүркүттү алып жүрбөй, коё берчү болгон. Карымшак келгиче бүркүтү боз үйдүн чамгарагына же короосунун кырына келип отуруп калчу. Бир жолу атасы жокто уулу Зайнидин олоңду алып тоого чыгып, жолу болбой келе жатып, алыстан кыр ашып бараткан аркарларды көрүп ошого салып ийиптир.
"Бүркүт колдон атып кетти. "Бар, тобокел, эмне болсо ошо болсун". Кое берди. Кетти. Кеткенде да капталды капталдай салып, адатынча боору жерге тийчүдөй болуп сызып бараткан. Аркарлар ашкан кырга жакындап аша берерде бүркүттүн оң канаты артына кыйраң эте түшүп, анан андан ары мурунку калыбында кетти. Зайнидиндин аты тың эле, чуркаганда жер таянбаган жүгүрүмдүү кабелтең болчу. Артынан удаа жетти. Кырга чыга калган аркардын бирин чабуудан көтөрүп жерге урган экен, бычакка келбей жан бериптир. Бүркүт аркарга тийбей анын жанында акактап солуп турат. Качан Зайнидин жеткенде аркардын үстүнө басып келип конду. Аркардын чабуусу жарылып, бычак менен тилгендей ичеги-карды эшилип жатат."
Атасы бүркүтүн оң бутундагы төңөлүгү жок келгенин ошол эле күнү уулунан такып сурап себебин билип алды. Эртеси баласын ээрчитип барып күмүш төңөлүктү табышты. Бүркүт капталдай учуп баратканда бутундагы төңөлүк дүмүрдүн жарака учуна туш келип, бирок ага буйдалбастан бир канаты кыңырая түшүп жапжаңы кайыш боону үзүп кете берген экен. Карымшак бүркүтүнүн күчүнө ошондо бир таң калды.
"Бир олоңду" Карымшак он төрт жыл салды. Күчкө толуп, шилтегенин алып турганда Карымшак "бир олоңун" муздай түлөтүп, семирип кеткен бүркүтүн мурунку тап эбине келтирип, күзгү кыроодон сала турган болду. Күзгү аңчылык кумарына азгырылган ата-бала бүркүттү чыргоого тартса, анысы жер менен жер болуп баратып музоо-торпок байланчу казыкка урунуп өлүп калбаспы. Жыгач казыктын башы чорт сынып, бүркүттүн жүрөгү үзүлүп кеткен окшойт. "Бир олоңдон" кийин Карымшак бүркүт салган жок", - дейт автор.
Ушундай баян. Карымшактын мүнүшкөрлүк жашоосунун эң кызык, мыкты учуру он төрт жыл ичинде өттү. Табын тапкан бүркүтү да аны эч куру кол калтырбады. Аңчылыктан жолдуу кайтып, аң терилерин башкаларга тартуу кылып, ортолук алыш-бериштин аркасында жашоо-тирилигин жөндөп алды. Кыз чыгарып, уул үйлөнттү.
Жеке турмуш жашоосунан тышкары анын ышкысын арттырган кызык дүйнөсү бар болчу. Аны толугу менен бүркүтү ээлеп алган эле. Бүркүттү тойгузуу, суутуу, көнүктүрүү кыйла убакты-саатын алганына кайыл болуп, тоо арасында керемет күндөрдү өткөрдү. Көчмөн жашоо-тирдиктин көнүп алган адамды өзүнө тартчу сыйкыры асман жердин ортосунда кезген жырткыч куш экөөнү бириктирип, белгисиз жип менен байлап койгон болчу.
Адам менен табияттын мамыр-жумур мамиле-катнашы чыгармада реалдуу турмуштук окуялар аркылуу баяндалган. Табият койну ал кезде азыркыдан кыйла бай, ар түрдүү эле. Көчмөн аны аспиеттеп, керектүүсүнөн артыкбашын албай, экөө ырашкерликте жашады. Ал кезде тоо бетин бербеген жапайы жаныбарлар дегеле түгөнбөчүдөй көрүнсө да, напсисин биротоло агытып ийчү эмес эле. Албетте, көчмөн турмуштун жаркын барактары куш агытып, аңчылык кылууда, ат үстүндө өтчү каадалуу оюндарда, салтанат-майрамдарда шаңына чыгат го. Анын үстүнө көп эл катышкан жыйындар табият жаркып турган жадыраган жазда же күздө, жай келип, жайлоо аңкып турган маалда өтчү. Жазуучу мүнүшкөрдүн өзүнчө кызык жашоо-тирдиги аркылуу көчмөн турмуштун жакын барагын ачып берген. Чыгарманы окуп жатканда оголе көп жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн аттары аталат, бийик тоо арасындагы жашоо-турмуштун жаркын учурлары сүрөттөлөт.
Сардарбек Рыскулов элдик өнөрдүн сырын түшүнгөн, өзү сүрөттөп жаткан турмушту мыкты билген сүрөткер болчу. "Алгыр канаттуулардын түрлөрүн ажырата албаган мүнүшкөрлөр көп. Андай мүнүшкөрлөрдү мүнүшкөр деп атоого болбойт. Кээ бир адабиятчылардын чыгармаларынан да алгыр канаттуулар жөнүндө чаташтырылган түшүнүктөрдү учуратып калабыз. Маселен, туйгунга илбирс, шумкарга карышкыр алдыра коюшат. Туйгундун колунан эмне, шумкардын колунан эмне келерин билишпейт окшойт. Ал түгүл туйгун канаттуулардын кайсыл уругунан чыгарын ажырата алышпаса керек", - деп жазат Сардарбек Рыскулов.
Заман өзгөрүп, доор алмашканы биртоп жан-жаныбарлардын, чөп-чарлардын аты унутулуп баратат. Сардарбек Рыскуловдун чыгармаларында ошол унутулуп бараткан сырдуу дүйнөнүн кызыктуу сүрөтү тартылган.