Арстан Алайдын камактан табылышы, кастык беренесинин күчү

Арстан Алай президенттик шайлоо алдындагы дебатта.

Бишкектин Октябрь райондук соту Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Анын бөгөт чарасы 16-декабрда каралганын "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Эми Абдылдаев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын 15-декабрда билдирген. Ал “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналып жатат.

Арстан Алайдын тарапташтары ага тагылган айыптар негизсиз экенин айтып чыгышты. Айрым коомдук ишмерлер анын камалышын сынга алышты.

13-декабрда жоголгону тууралуу милиция маалымат таратып, 15-декабрда атайын кызматта сурак берип жатканы белгилүү болгон Арстан Алай "Кыш болбойт", "Мен Кудаймын" деген сөзү менен кыргыз коомчулугуна белгилүү.

Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. Ал шайлоо алдында өткөн дебатта мамлекет башчы Садыр Жапаровду сындаган сөздөрдү айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын 15-декабрда билдирген.

Милиция Арстан Алай жоголгону тууралуу билдирүү тараткан.

Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “Жаңы кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндер жана ишенимдер туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

"Кылмыш ишин козгоого А.Абдылдаевдин Facebook, Instagram жана YouTube социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеген", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Атайын кызмат Арстан Алайга "Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде иш козгоду. “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген беренеге ылайык, Абдылдаев беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бирок Арстан Алайдын атын атагысы келбеген тарапташтарынын бири ал кастыкты козута турган эч кандай чакырык жасабаганын айтууда. Ошондой эле Арстан Алайды (Абдылдаев) колдогон айрым жарандардын чөнтөк телефондорун УКМК алып койгонун кошумчалады.

"Арстан Алайды күнөөсү жок жерден алып кетти. Мисалы, биз жумасына үч жолу чогулуп турабыз, ага кары-картаң адамдар да, эжелер, апалар, сиңдилер, аталар, агалар, инилер да келет. Айрымдары алыскы аймактардан келип, атайын Арстан Алайды угабыз деген ой менен жыйынга кошулат, эч кандай чектөө жок. Сабагында жаңы доор, илимий жаңы цивилизация тууралуу айтылат. Диндер аралык эч кандай маселе жок болчу. Тескерисинче, Арстан Алай жаңы доордо диндердин баары биригерин, ар бир дин кудайды таанытып келгенин айтат. Диндер аралык маселе бул жерде жок деп ойлоп атабыз".

Дагы караңыз Арстанбек Алайга кылмыш иши козголду


Издөө иштеринин жүрүшүндө Арстан Алай (Абдылдаев) жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

Абдылдаевдин тарапташтары атайы кызмат алып кеткен китептердин арасында З.И. аттуу жаран жазып, Арстан Алай чыгарган китептер бар экенин да айтууда.

Арстан Алайдын идеяларын колдоп, ал уюштурган жыйындарга барып тургандар ошондой эле жаш кыз-келиндерди аны менен жакын мамиледе болууга үндөгөн же түрткөн окуялар болбогонун да белгилешти.

Азырынча Арстан Алайдын (Абдылдаев) туугандары же жакындары менен байланышууга мүмкүн боло элек. Ал эми анын адвокаты комментарий берүүдөн баш тартты.

Камалганга чейин Арстан Алай бийлик башындагылар тууралуу сын пикир айтып, аны өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырган.

"Кезек коммунисттердеби?"

Кыргызстанда социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн саясатчылар, активисттер буга чейин да сот жообуна тартылган.

Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен иш козголуп келет.

Дагы караңыз Ачык сөздүн акысы. Пикир үчүн айыпка жыгылгандар


Адвокат Канат Хасановдун пикиринде, “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси саясий талааны тазалоо үчүн эң көп колдонулган куралга айланды.

Ал Арстан Алайга бул берененин негизинде иш козгоого анын идеяларын колдоп, ээрчигендер болгону себеп болушу мүмкүн экенин айтты:

"Арстан Алайды ээрчигендер бар. Балким анын камалып, азыр сурак берип жатканынын артында радикалдык көз караштагы дин адамдары турушу мүмкүн, балким алар буйрутма берген. Маселен, ал жай эле отуруп "кыш болбойт", деген өңдүү пикирин айтып кое берет. Бул берене оор кылмыштардын катарына кирет. Мунун баары саясий талааны тазалоо үчүн болуп жатат. Анткени ушул эле берене менен соңку кездерде ондогон кишилерге айып тагылууда. Ушинтип отуруп мөөнөтүнөн эрте парламенттик же президенттик шайлоо да уюштуруу аракети ишке ашып кетиши ыктымал".

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бул жагдайды сынга алды. Ал бүгүн Арстан Алайга иштеген берене эртең башка көз караштагы адамга да иштеши мүмкүн экенин ортого салды.

"Эгерде мына ушундай белги менен камакка алуу башталса, анда биринчи кезекте бардык коммунисттерди камаш керек, алардын көз карашы боюнча Кудай деген таптакыр эле жок эмеспи. Же азыркы коммунисттер Кудайга дагы, коммунизмге дагы бирдей эле ишенишеби? Мусулмандардын көз карашы боюнча дүйнөдө жалгыз туура дин - бул Ислам, калган диндер натуура, алардан башкасы толугу менен тозокко түшөт, "алар каапырлар" дешет. Бул көз карашты деле "диний кастыкты" жаратуу десек болобу дейм? "Диний кастык", "конституциялык түзүмгө каршылык" деген белги менен Жаңы жыл жана Нооруз майрамынын алдында далайларды камоого болот, "тиги арам, бул арам" деп мамлекеттик мыйзам менен бекитилген майрамдарга каршы чыгуу деле "кастыкты козгоо", "башаламандыкка чакыруу" болуп калат го дейм? "Митинг уюштуралы, митинге келгиле" дегендер деле камалып жатат, "массалык башаламандыкка чакыруу" делип. Же митинг, жыйналыш өткөрүүнүн өзү "массалык башаламандык" делип аныкталып калганбы азыр? Мындай кыжалат кылчу суроолор көп".

Каптагаев аныктамасы так берилбеген беренелер бир топ адамды камап, жоопко тартууга шарт түзөрүн айтууда. Ал бул маселеге Жогорку Кеңештин депутаттары, баш прокурор, Жогорку Сот, Юстиция министрлиги жана башка мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үстүндө тургандар көңүл бурушу абзел экенин белгиледи.

Дин жаатындагы эксперт, юрист Эржан Сулайман Арстан Алайдын айткан сөздөрүнөн "диндер аралык кастыкты козуткан" маанайды табуу кыйын экенин белгиледи.

Эржан Сулайман

"Адам кайсы бир касташкан топту белгилеп, ошол топко карата кастык тилин колдонуп, зыян келтирүүгө кандайдыр бир чакырык болгондо гана кастыкты козуткан белгилер пайда болот. Сөз эркиндиги бар жерде адам оюна келгенин айта алат. Эгер адам белгиленген чекти аттап кетсе, кайсы бир диний топко зыян келтирүү коркунучу күч алып, же зыян келтирилсе сөз кылсак болот эле. Мисалы, Арстан Алайдын "Зима не будет" дегенинде кандай кастык бар? Мындай кылуу туура эмес".

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дагы социалдык тармактардагы пикир үчүн адамды айыптап, камакка алууну сынга алды.

"Аны камап, "улут аралык же дин аралык кастыкты козутту" деп айып тагуу негизсиз. Конституцияда ар бир адам өз оюн эркин айтуу укугуна ээ экени жазылган. Арстан Алай өзүн "Кудаймын" деп эсептеп жатканын көпчүлүк ансыз деле сынга алып келген. Ал кишини жөн гана кесипкөй адистер текшерип, саламаттыгына баа бергени жетиштүү болмок".

Анткен менен кыргыз бийлиги сөз эркиндиги - бул жоопкерчилик экенин да белгилеп келет. Буга чейин Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кылмыш-жаза кодексиндеги айрым беренелер мыйзам бузгандарга иштеп жатканын белгилеген болчу.

“Жеке өз оюн билдиргендерге эч ким тийишкен жок. Ал эми “бийликти алмаштыралы, бул бийлик болбой калды, кетирели” деп чакырык таштагандарды суракка чакырып жатышат. Же болбосо улут аралык маселени көтөргөндөрдү чакырышууда. Жалпылап айтканда, мыйзам бузгандарга чара көрүлүүдө”.

Арстан Алай 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. 2020-жылы анын "мен Кудаймын" деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан кийин милиция Абдылдаевге карата мурдагы Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция кылмыштын курамы жок деген негиз менен ишти кыскарткан.

“Аурдин” жоопкерчилиги чектелген бирикменин ээси катары белгилүү Арстан Алай “Кут” сыналгы берүүсүнүн алып баруучусу катары да таанымал. Ага чейин "Зима не будет" (“Кыш болбойт”) деген орус тилинде грамматикалык эрежеге шайкеш келбеген сөзү (туурасы: "Зимы не будет") Интернетте кызуу талкуу жаратып, чет өлкөлөрдөгү орус тилдүүлөр арасында дагы шакабага айланган.