Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Кыргызстандагы Зайдел фондунун башчысы “чет элдик өкүл” мыйзамын кайрадан сынга алды


Ханнс Зайдел фондунун Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Макс Георг Майер.
Ханнс Зайдел фондунун Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Макс Георг Майер.

Германиянын Ханнс Зайдел фондунун Бишкектеги кеңсеси Борбор Азия өлкөлөрүндөгү 2023-жылкы ишинин жыйынтыгын чыгарып, 2024-жылга пландарын жарыялады. Бул тууралуу маалыматты фонддун басма сөз кызматы 11-декабрда таратты.

Фонддун чөлкөмдөгү кеңсеси Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда иш жүргүзөт. Бишкектеги филиал 2002-жылдан бери иштейт.

21 жыл аралыгында фонд Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте 2358 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуп чыгарды. Анын ичинде айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мэриялардын, акимчиликтердин жана башка түзүмдөрдүн адистери түрдүү окутуулардан өткөн.

Ханнс Зайдел фондунун Борбор Азия боюнча координатору Макс Георг Майер 2024-жыл Кыргызстанда иштеген соңку жумушчу жылы болорун белгилеп, муну өзүнүн пенсияга чыгып жатканы менен түшүндүрдү. Майер соңку жыйындагы сөзүндө буга чейин сындап келген “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам жөнүндө кайрадан айыптап, бул ирет кыргыз бийлигине сарказм иретинде кайрылуу жасады:

“Албетте, 2024-жылга менин каалоо-тилегим бар. Эгер бийлик Жогорку Кеңеш менен чогуу “чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамды кабыл ала турган болсо, анда мага “Агент 001” деген наам берүүсүн өтүнөм. Себеби мен Кыргызстанда эң узак иштеген эл аралык донор уюмдардын өкүлү болуп эсептелем. Ошондой эле Кыргызстандын бийлигине “Агент 007” деген титулду колдонбой эле койгула деген кеңеш берем. Силер Жеймс Бонд жөнүндө жакшы билесиңер жана ал наамды колдонсоңор Улуу Британия менен дипломатиялык келишпестиктер чыгышы мүмкүн”, – деди Макс Георг Майер 7-декабрда Бишкектеги жыйында.

Германиянын Ханнс Зайдел атындагы фондунун Борбор Азия боюнча координатору Макс Георг Майер Кыргызстанда кабыл алынганы жаткан чет элдик уюмдар жөнүндө мыйзамды мурдатан сынга алып келген.

2022-жылдын февралындагы билдирүүсүндө Майер “сунушталып жаткан бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга алар катуу нааразы болуп жатканын” белгилеп, “Кыргызстанга берген 20 жылдык жардамы үчүн ушундай жооп болуп жатканы алар үчүн күтүүсүз болгонун" билдирген. Ошол эле жылдын декабрындагы кайрылуусунда ал “эгер Кыргызстан аталган мыйзамды кабыл алса, өлкөнүн эл аралык уюмдардагы жылдык рейтинги төмөндөй турганын жана Батыш өлкөлөрүнөн келип жаткан инвестиция азаярын” эскерткен.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

Башында автор катары Нарматова өзү жалгыз көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Коомчулуктагы кызуу талаш-тартыштардан соң бир катар депутаттар авторлуктан баш тартышкан. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Надира Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

25-октябрда эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзамды кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул мыйзам Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG