"АКШ күчтөрүн чыгаруу ооган армиясына моралдык сокку болду"

АКШнын Баграмдагы базасы. 2011-жыл (архив сүрөт)

Америкалык аскерлерди Ооганстандан толугу менен чыгаруу жергиликтүү армиянын маанайына, моралдык абалына абдан чоң таасирин тийгизди. 29-сентябрда ушундай пикирин АКШ куралдуу күчтөрүнүн жетекчилери Өкүлдөр палатасындагы угуулар учурунда билдиришти.

АКШ Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Кеннет Маккензи америкалык контингент 2 жарым миң кишиден азайса, Кабул өкмөтү, "анын артынан армия кулайт" деп, "көптөн бери" ойлоп жүргөнүн айтты.

Ооган армиясы көп жылдан бери чалгын маалыматтарды чогултуу, абадан колдоо көргөзүүдөн баштап аскерлерди машыктыруу, жабдуулар менен камсыздоого чейин америкалыктардын жардамына таянып келген.

АКШ Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Кеннет Маккензи. Вашингтон, 29-сентябрь 2021-жыл

Генерал өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр комитетинде белгилегендей, контингентти кыскартуу АКШ колдогон ооган өкмөтүнүн ойрон болушун тездетти. Аскерлерди чыгаруу президент Жо Байдендин апрелде кабыл алган чечиминин негизинде жүргөн деп кошумчалады Маккензи.

“Мен апрелде АКШнын согуштук күчтөрүн чыгарып кетүү жана 650 аскерден ашпаган дипломатиялык коопсуздук күчтөрүн түзүүнү пландоо көрсөтмөсүн алгам. Ошол 650 жоокер менен АКШнын Кабулдагы элчилигин кармап туруу, дипломаттарды тышкы дүйнө менен байланыштырган Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортту, Баградмагы базаны коргоо мүмкүн эмес болчу”.

Дагы караңыз АКШга орус базасы эмне үчүн керек?

Президент АКШ күчтөрүн 31-августка чейин толугу менен чыгарууну көздөгөн. Бул чечим 2020-жылдын февралында Дохада "Талибан" кыймылы менен жетишилген макулдашуунун, ошол кездеги президент Доналд Трамп берген убаданын алкагында кабыл алынган.

"Доха келишимине кол коюу Ооганстан өкмөтүнө жана куралдуу күчтөрүнө абдан чоң залака тийгизди. Биринчи кезекте психологиялык таасири терс болду. Бирок биз качан кетерибизди, көмөк, жардамыбыз качан аягына чыгарын так белгиленбиз”,-деди генерал.

Командачы Байдендин аскерлерди кыскартуу буйругун 20 жылдан бери уланып келаткан согуштук аракеттерге “дагы бир сокку” катары сыпаттап, америкалык жоокерлер ооган армиясынын ичинде эмне болуп жатканынан кабарсыз калган деп кошумчалады.

4 жарым саатка созулган угууларга Бириккен штабдар командачылыгынын кол башчысы генерал Марк Милли, коргоо министри Ллойд Остин да катышты. 28-сентябрда алар Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинде суроолорго дээрлик бир күн бою жооп беришкен.

АКШ коргоо министри Ллойд Остин. Вашингтон, 28-сентябрь, 2021-жыл

"Биз ооган армиясын жабдуулар, учактар менен камсыздаганбыз, аларды колдонууну үйрткөнбүз. Жылдыр бою алар эр жүрөктүк менен сагушуп келишти. Он миңдеген ооган жоокери жана полиция кызматкери каза тапты. Бирок биз аларды жеңишке умтулуу менен камсыздай албайбыз. Эң тагыраагы баарын эмес", - деген министр Остин.

Республикачылар Байденди армия жетекчилери берген кеңештер тууралуу калп айткан, Ооганстандын “Ал-Каида” өңдүү согушкер топтор башпааналаган жерге айланышын алдын алууда АКШнын дареметин көбүрткөн деп айыпташууда.

Августта телеканалдардын бирине берген маегинде, президент армиянын кол башчылары ооган жергесинде 2 жарым миң жоокерди кармап туруу кеңешин бергенин танып койгон.

Бирок Маккензи Өкүлдөр палатасында аскерлердин бардыгын алып кетүү ооган өкмөтүнүн жана армиянын кыйрашына алып келерин эскерткенин билдирди. Ага чейин сенаттын комитетинде Марк Милли “жок дегенде 2 жарым миң аскерди калтыруу Кабул өкмөтүнүн кулашын жана талибдердин кайтып келишин алдын алуу үчүн жетиштүү болмок” деген жеке ою менен бөлүшкөн.

Дагы караңыз ШКУ саммитинин күн тартиби - Ооганстан

Ак үйдүн маалымат катчысы Йен Псаки Байден Ооганстандагы аракеттер тууралуу “эки ача” кеңеш алганын билдирди.

“Акыркы чечим башкы командачыга таандык. Ал 20 жылдан берки согушка чекит коюу чечимин кабыл алды”, – деди Псаки.

Талдоочулар Конгресс Ооганстанда кетирилген каталарды дагы көпкө карашы мүмкүн дешет.