Тарыхый байланышы терең үч өлкөнүн ортосунда жаңы өнөктөштүк түзүлгөнүн АКШнын президенти Жо Байден, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон 15-сентябрда видео байланыш аркылуу жарыялашты. Жаңы келишим үч мамлекеттин англисче аталышынан кыскартылып, AUKUS деп атала турган болду.
Лидерлер расмий жарыяда Кытайдын атын аташкан жок. Бирок дээрлик үчөө тең бир ооздон Кытайдын таасири артып бара жаткан Инд-Тынч океан аймагындагы кырдаалга басым жасашты.
“Бүгүн биз үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана мыйзамдаштыруу үчүн дагы бир тарыхый кадамды таштап жатабыз. Себеби биз баарыбыз узак мөөнөттө Инд-Тынч океан аймагындагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо зарылчылыгын түшүнүп турабыз. Биз чөлкөмдөгү учурдагы стратегиялык кырдаалды жана анын болочоктогу өнүгүшүн жөнгө сала алгыдай болушубуз керек”, - деп билдирди Байден.
Адистер соңку келишимди АКШ, Британия жана Австралиянын ортосундагы ондогон жылдардан берки эң ири өнөктөштүк жана Кытайдын каршылыгын жарата турган аракет катары мүнөздөп жатышат.
Макулдашууга ылайык, Австралия атомдук реактор менен жүрүүчү суу алдындагы кемелерди жасоого керектүү жабдыктар менен камсыздалат. Мындай технологияны АКШ бир гана жолу 50 жыл мурда Улуу Британия менен бөлүшкөн.
Андан тышкары үч өлкө жасалма интеллект, киберкоопсуздук маселелеринде да кызматташтыкты тереңдетет.
“Биздин дүйнө, өзгөчө Инд-Тынч океан аймагы татаалдашып баратат. Бул баарыбызга таасирин тийгизет. Инд-Тынч океандын келечеги биздин бардыгыбыздын келечегибизди аныктайт. Кыйынчылыктарга туруштук берүү, чөлкөмдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биз өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге алып чыгышыбыз керек”, - деди Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон.
Келишим Австралия ядролук куралга ээ болот дегенди билдирбейт. Болгону бул өлкөдө суу алдында жүрүүчү өзөктүк реактору бар кемелердин флоту түзүлөт.
Мындай атомдук кемелер суу алдында жүрүүчү башка кемелерден кыйла ылдам. Аларды радарлар да оңой менен тааный албайт. Өзөктүк реактору бар кемелер суу алдында бир нече ай жүрө берет. Узак аралыкка каттап, көбүрөөк жүк ташый алат.
Эми жаңы келишим менен Австралия дүйнөдө мындай флоту бар АКШ, Британия, Франция, Кытай, Индия жана Орусиядан кийинки жетинчи өлкөгө айланат.
Инд-Тынч океан аймагындагы кырдаалга таасирин тийгизе турган бул өнөктөштүктү Кытай дароо сынга алды. Кытайдын Вашингтондогу элчилиги үн катып, өлкөлөр “үчүнчү тараптын кызыкчылыгына шек келтире турган блокторду түзбөшү керек” деп белгиледи.
“Өзгөчө алар "Кансыз согуштун" менталитетинен арылышы керек",-деп айтылган билдирүүдө.
Бээжиндин аскердик кудуретинин артышы Батыштын Инд-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрүн тынчсыздандырып келет. Бул региондогу айрым мамлекеттер менен Бээжиндин ортосунда Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аймактар боюнча карама-каршылыктар да катталып турат.
Мындан тышкары Кытай менен Батыш мамлекеттеринин ортосундагы мамиле соода, адам укуктары жана Шинжаң, Гонконгдогу кырдаал сыяктуу бир топ маселелерден улам чыңалып турат.
Австралия Улуу Британия жана АКШ менен жаңы өнөктөштүктү түзүү үчүн суу алдында жүрүүчү атомдук флотту куруу боюнча Франция менен макулдашылган 40 миллиард доллардык келишимди жокко чыгарды.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан расмий Канберранын соңку кадамын сынга алды.
"Бул аркага сайылган бычак болду. Биз Австралия менен ишенимге негизделген мамиле түзгөнбүз. Бул ишенимге кыянаттык кылынды", - деп билдирди француз министри.
Франция менен Австралия мындай макулдашууга 2016-жылы кол койгон. Ага ылайык, француз тарап кеминде 12 суу алдында жүрүүчү атомдук кемени жасоого көмөктөшмөк. Расмий Канберра кемелердин айрым тетиктери Австралиянын өзүндө жасалышы керектигин билдирип, мындай талаптардан улам келишимдин аткарылышы кечеңдеген.