Айзаданын өлүмү: Беш киши абакка кесилди

Айзада Канатбекованын өлүмүн айыптаган нааразылык акцияларынын бири. 2021-жыл. Бишкек.

Он гүлүнүн бири ачыла электе адам уурдоо, кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө катышы бар адамдарга сот өкүмү чыкты. 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоого күнөөлүү деп үч адамды жети, эки адамды алты жарым жылга кести. Ошондой эле алардын баары биригип, маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары жалпы 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилди.

Сот жараянына төрайымдык кылган судья Салтанат Есенкулова 14-сентябрдагы отурумда Жазык кодексинин 170-беренеси, «Адам уурдоо» менен айыпталган беш кишинин баарын тең күнөөлүү деп тапты. Алардын ичинен Сыймык Молдосариевди, Ажикабыл Рысбай уулун жана Орузбек Нурумбетовди жети жылга, Кубаныч Токон уулун жана Замирбек Раманкуловду алты жарым жылга кести.

Айзада Канатбекованын соту. Айыпталып жаткан адамдар сотко аралыктан катышты.

Ошондой эле судья соттолуучуларды Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом биргеликте төлөп берүүгө да милдеттендирди.

Буга чейинки сот отурумдарында соттолуучу Орозбек Нурумбетов күнөөнү толугу менен моюнга алган. Ал эми Замирбек Раманкулов айыптоолорду четке каккан. Калгандар айыптарын жарым-жартылай моюнга алышкан.

Айзада Канатбекованын таежеси Бактыгүл Шакенова соттун чечими бир эле кармалган балдарга эмес, жалпы кыргызстандыктар үчүн сабак болгонун айтат.

Бактыгүл Шакенова.

"Баарына сабак болсун. Бүгүн кесилген балдарга да айтат элем, калп айтканы үчүн Кудайдын алдында жооп берсин. Төрт бала тең аягына чейин билген эмеспиз деп турушту. Бир эле бала моюнга алып жатпайбы. Айзаданы машинеге салган бала улам “Аллах” деп айтып жатты. Ал да түздөн-түз күбө. Балким Айзада ага да жалынып-жалбаргандыр. Зөөкүрдүн сөзүнө киргени үчүн жүрөгүндө кара так калсын деп ойлойм".

Быйыл 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кетишкен. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада токтоп турган автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өмүрүнө кол салганы аныкталган.

Дагы караңыз Ала качуу: иштебеген берене, кыйылган өмүрлөр


Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу жалпы беш адам кармалган.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Асел Рысбаеванын айтымында, маркум Айзада Канатбекованын жакындары өкүм адилетүү чыкканын белгилешип, жаза дайындоодо иштин баардык жагдайлары эске алынган деп эсептеп жатышат.

"Айзаданын апасы Назгүл Шакенова өкүм менен макул. Өкүм адилетүү эле болду деп айтып жатат. Жаза дайындоодо мыйзамдын, иштин бардык жагдайлары эске алынды, бул боюнча аппеляциялык даттанууга барбайбыз деп айтты. Ал эми моралдык жана материалдык зыян үчүн биргеликте 100 миң сом төлөп берүү боюнча сүйлөшүп бир чечимге келебиз деп ойлойм".

Жабырлануучу тарап эми милиция кыматкерлеринин жазага тартылышын күтүп жатышат. Айзада Канатбекованын таэжеси Бактыгүл Шакенова тергөө таптакыр жылбай, жабырлануучу тарапты тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу кабардар кылуу шарттары да аткарылбай жатканын белгиледи:

"Милициялардын шалаакылыгы боюнча иш таптакыр каралбай жатат. Кыздын өлүгүн милиция таппай, чабан таап берип жатпайбы. Бул тергөө боюнча да соттук отурум башталат деген үмүттөбүз. Тергөө жылбай жатканы боюнча президентке да кайрылдык, Ташиевге да кайрылганбыз. Дагы кайрылалы деп жатабыз. Аларга үнүбүз жетпей жатабы? Ал эми милиционерлерден бирөөсү да чалып сурап койгон жок. Кечирим да сураган эмес".

Дагы караңыз Нурайымдын чырактай өмүрүн кыйган ок


Милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат. Азырынча тергөө аягын чыга элек.

Каргашалуу окуядан кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, кыркка жакынына сөгүш берилгени расмий жарыяланган. Бишкектин прокуратурасы да Айзада Канатбекованын окуясынан улам милиция кызматкерлеринин иш-аракетин «Шалаакылык» беренеси менен тергеп-иликтей баштаган. Бирок жарандык активисттер Айзаданын өлүмү үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышкан.

Ушуга окшогон чуулгандуу иштердин ар бир кадамын коомчулукка жеткирип туруу бул зомбулуктун алдын алуунун жакшы жолу экенин, анда бийликтин ролу чоң болорун Кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тилегенова айтты.

Толкун Тилегенова.

"Мамлекет тарабынан кандайдыр бир алдын алуу иштери жүрүшү кажет. Бул превентивдүү чаралардын натыйжасында ала качуу кылмыш, мыйзам бузуу экенин калың эл аңдап түшүнүшү керек. Мындан башка бул окуялар тууралуу өлкө жетекчилери, президент, министрлер кабинетинин башчысы жана башкалар өз кайрылуулары менен чыгып турса дейм. Жада калса, айыл өкмөтү, мектеп мугалими, ар бир адам өз деңгээлинде түшүндүрүү, алдын ала турган иштерди жүргүзүп турушса жакшы болмок. Биз өз кезегибизде кыйын тагдырга кептелген аялдарга жардам беребиз. Бизге бардык адамдар кайрылса болот. Аларга юридикалык да, психологиялык да жардам берүүгө даярбыз".

Кыргызстанда мындай кандуу окуя биринчи жолу болгон жок. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Анын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала тарабынан бычактап өлтүрүлүшү коомдо катуу резонанс жараткан. Ала качкан адам андан кийин ошол эле милицияканада өз жанын кыюуга аракет кылган.

Дагы караңыз Бурулай: Сотко нааразылык күч


Кыргызстанда кыздарды уурдагандарга жаза эки ирет күчөтүлгөн. 2013-жылы күнөлүүнү жети жылга кесүү тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айзаданын өлүмү: создуккан сот, бааланбаган өмүр