Маркум Нурайым Талипова жети бир туугандын экинчиси, үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Ал мектепти быйыл эле аяктап, Бишкекке окууга тапшырууга камданып жүргөн.
Нурайымдын ата-энеси журналисттер менен сүйлөшүүнү каалашкан жок. Алардын атын атагысы келбеген кошунасы үй-бүлө тууралуу буларды билдирди:
"Аябай сонун кыз болчу. Дайыма инилерин карап, үй жумуштарына тың эле. Улуу агасы, беш иниси бар эле. Бир да жолу үнү чыгып, кимдир бирөөнү урушканын көргөн эмесмин. Балдарды да карап жатканда урушчу эмес. Жакындан бери хижаб салынып калган. Беш убак намаз окучу экен. Үй-бүлөсү да динди карманган адамдар. Майдын башында 18 жашын белгилеген экен".
Нурайым өзү туулуп-өскөн Талас облусундагы Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында 5-июнда жерге берилди. Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган авто унаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ок атуучу куралдан жараат алып каза тапканы аныкталган.
Маркум Жаңы-Жер айылындагы Тилемиш Айтмамбетов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү. Ал кондитер болууну самачу. Класс жетекчиси Гүлмира Чомошева окуучусун активдүү, дилгир кыз болгонун айтып отурду.
"Мурда жалаң бешке окуучу. Кийин окуусу ортолоду. Чоң класстарда балдарда сабакка болгон кызыгуу азаят да, ошондон көрдүм. Коомдук иштерге абдан активдүү катышчу. Ким менен сүйлөшкөнүн деле билчү эмес экенмин. Бүтүрүү кечесинде иш-чарага катышып, бийлеп, анан эрте эле кеткен эле. Ушунчалык ичим ачышып атат. Эстеген сайын жаман болуп атам".
Бул кылмышка шектүү катары коңшу Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургунуна издөө жарыяланган. Анын сөөгү 5-июнда асылган абалда табылган. Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу дагы бир жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүгүнө жеткирилген. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.
Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Кара-Буура районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Элмира Раимбекова эки үй-бүлө тең министрликтин каттосунда болбогонун билдирди:
"Экөө тең шарты жакшы үй-бүлөрлөрдүн балдары болчу. Баланын атасы курулуш тармагында иштейт, апасы дарыгер экен. Кыздын ата-энеси деле мал кармаган, жакшы эле турушат. Баланы бейбаш деп айткандар деле болбоду. Бири жалгыз кызы, экинчиси жалгыз баласы экен. "Кыз-жигит болушкан" деп айтып жатышат. "Мектепти бүткөндөн кийин баш кошкону жатышкан, кыз бирок, кийин макул болбой койду" деген сөздөр айтылды. Эки тараптын тең ата-энеси биз менен сүйлөшпөй жатат. Бирок, бул окуя боюнча балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Себептерин аныктайбыз".
Кыргызстанда бул кыздардын өмүрүнө кол салган биринчи чуулгандуу учур эмес. Эки ай мурда 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып өлтүрүлгөн. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген. Ушул тапта бул окуя боюнча соттук жараян башталды.
Эки айдан кийин дагы бир кыздын өлүмү менен аяктаган окуя коомчулуктун талкуусуна түштү. Адистер, жашы 19 дагы баланын курал көтөрүп, кылмышка барганы жазасыздык, өлкөдөгү кооптуу кырдалдан кабар берет дешет. Мындай пикирин Айзада Канатбекованын жакындарынын жактоочусу, укук коргоочусу Нурбек Токтакунов билдирди:
"Мындай окуя кайталанып жатканынын бир нече себептери бар. Милициянын чабал иши, жазасыздык, сотко элдин ишеними жоктугу. Кыргыз бийлиги демек, жарандарына коопсуз шарт тузүп бере албай жатат. Эгер Айзаданын окуясы да изилденип, иш жүргөндө бул учур кайталанмак эмес".
Ал эми, психолог Нуриза Баатырбекова "өзүн сүйдүрүп же мажбурлап никеге тургузууну каалаган" адамдар бала кезде мээримден өксүп чоңоюшу мүмкүн дейт:
"Бул да эркектердин комплекси болушу мүмкүн. Өзүнө-өзү ишенбейт ошондуктан, кызганат же кызды менчиктегиси келет. Ага жетпей калса кыйнайт. Мээримди, сүйүүнү башкадан талап кылат. Психологиялык жактан маселеси бар адамдар ушундай кадамга барышы мүмкүн. Негизи психологияда адамдагы терс өзгөрүүлөрдү дайыма балачагына, тарбиясына байланыштырып келишет. Бала үйүнөн албай калган мээримди кийин башкалардан издеши мүмкүн".
Ошол эле кезде, социалдык тармактарда кыздын өзүн же ата-энесин күнөөлөгөндөр болду. Конфликт талдоочу Асел Ази Тегин буга кыргыз коомундагы балдарды тарбиялоо жана калыптанган түшүнүктөрдү себеп кылды:
"Эмне үчүн кыз күнүгө үйүнөн чыгып баратып, мени бирөө бүгүн өлтүрүп же ала качат деп ойлоношу керек? Эмне үчүн ал өзүн коргоп, коркуп жашашы керек? Биз укуктар корголо турган демократиялуу өлкөдө жашап жатпайбызбы. Ошол эле учурда, көйгөйдүн үй-бүлөдөгү тарбияга келип такалат. Кызга үйдө колдоо жок, эркек баланы болсо, адатта айтканын аткарып, чоңойтобуз. Балдар "жок" дегенди кабыл албай чоңоюшат. Алар баары мен айткандай болуш керек деп ойлошот. Анын кесепетин көрүп жатабыз".
Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыштардын бири. 2013-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыз уурдаган адам беш-жети жылга эркинен ажыратылат. Бурулайдын өлүмүнөн кийин жаза күчөтүлүп, кыз уурдаган адамды беш жылдан 10 жылга чейин камоо жазасы киргизилген.
Ушул жерден белгилеп өтөлү, кылмыш жана жаза кодексинде 175-беренеде ала качуу эмес, адам уурдоо жана никеге тургузуу үчүн адам уурдоо деп эки пункт берилген.
2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны ала качкан бала Жайыл райондук милиция бөлүмүнүн ичинде бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.