Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселелерине байланыштуу суроолорго Юстициянын генерал-майору, эксперт Кубатбек Кожоналиев жооп берди.
- Ошко ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө Убактылуу өкмөт макулдугун берип, бир катар саясатчылар колдогону менен буга каршы болгондор да бар. Ушул ЕККУ полициясынын Кыргызстанга киргизүүнүн укуктук жактары кандай?
- Менин оюмча, бул көп тармактуу маселе. Мунун ичине жалаң гана укуктук эмес, биздин мамлекеттик кызыкчылыкты, коомдук-саясий маселелерди камтыган маселелер болуп атат. Эгерде укуктук маселелерин карасак, бул 1995-жылы ЕККУ менен Кыргызстандын ортосунда бекитилген келишимдин негизинде чыгып атат. Мисалы, биздин Ички иштер министрлиги ошонун негизинде өзүнүн долбоорун ЕККУ менен бирге өткөрүп атат милицияны реформалоо боюнча. Билесиңер, мурда бизге кварталдык милицияны киргизишкен.
Укуктук жагынан бул жерде эч кандай тоскоолдук жок. Тескерисинче, мисалы бизди эл аралык уюмдар күнөөлөп келатышпайбы бир тармактуу тергөө жүргүзүп атасыңар, бир тармактуу маалымат жүргүзүп, башка улуттардын укугун бузуп атасыңар деп. Алар кеңешчи катары кирип атпайбы. Ошолордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалансак биздин укук коргоо органдарынын иштери, жүргүзүп аткан териштирүүлөрү менимче эл аралык деңгээлде таанымал болмок.
- Айрым саясатчылар ЕККУнун полициясы Батыш өлкөлөрү тарабынан Кыргызстанга тыңчы катары келиши мүмкүн, Ошту Югославиядай кылып бөлүп жибериши мүмкүн деген кооптонууларын айтып атат. Ушуга негиз барбы?
- Бөлүп салууга негиз деле жок. Анткени көрүп атпайсыңарбы, жакында Америкада тыңчылыкка байланышкан чатак болбодубу, бардык өлкөлөрдө андай иштер жүргүзүлүп атат. Албетте, атайын кызматтар өз иштерин жүргүзүшөт. Менимче, тескерисинче биздин укук коргоо органдарынын иштерин объективдүү деп эл аралык коомчулукка жеткирүүгө шарт түзүп бергенге мүмкүнчүнчүлүк болуп турат.
- Жергиликтүү элде бул полиция да 1990-жылдагы Оштогу кандуу окуяны иликтеген Москвадан келген тергөөчүлөрдөй мамиле кылышы мүмкүн дегендей кооптонуулар жок эмес. Буга канчалык негиз бар?
- Өзүңөр элестетип көргүлө, биздин Кыргыз Республикасынын милиция кызмткерлеринин жанында чоочун кишилер жүрсө алар жаман ишке баралабы? Алар менин угушум боюнча кеңешчи катары гана кирет. Болгону техникалык каражат жагынан жардам беришет. Анткени биздин укук коргоо органдары техникалык каражат жагынан кыйналып келишкен. Алар канчалык көбүрөөк болсо ошончо объективдүү болгонго шарт түзүп берет деп ойлойм.
- Рахмат маегиңизге.