Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүү зарылбы?


Соңку күндөрдө Кыргызстандын түштүгүнө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселеси кайра козголо баштады.
Соңку күндөрдө Кыргызстандын түштүгүнө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселеси кайра козголо баштады.

"Азаттыктын" түз ободогу талкуусунда бул жолу Кыргызстандын түштүгүнө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эл аралык полиция күчтөрүн ортомчу катары киргизүү сунуштары боюнча маселе талкууланды.


Талкууга Кыргыз эл жазуучусу, коомдук-саясий ишмер Казат Акматов, "Акыйкат үчүн" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров жана мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов катышты.

“Азаттык”:
Ош жана Жалал-Абад облусундагы калаба учурунда дагы ушул эл аралык күчтөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлгөн. Анда коргоо министри, өкмөттүн түштүк региону боюнча өкүлү Исмаил Исаков тышкы күчтөрдү киргизүүнүн кажети жоктугун билдирген болчу. Мына ошондон кийин бул маселе көтөрүлбөй калган эле. Бирок АКШ президентинин кеңешчиси Майкл Макфол 14-июлда президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүүсүнүн соңунда кыргыз өкмөтү ЕККУнун полицич күчтөрүн киргизүүгө макулдук берди деген сөздү айтып жатат. Бул маселени тактоо максатында өкмөттүн маалымат кызматына кайрылганыбызда мындай демилге ички иштер министри Кубатбек Байболов тарабынан колдоого алынганын айтышты. Ал эми Байболовдун өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок, ал киши бош эместигин жаржамчылары айтып жатышат. Адам укуктары боюнча эл аралык HRW уюму өз билдирүүсүндө өзбек тектүүлөрдү милиция кызматкерлери көбүрөөк сабап, алар жабыркап жатышканын айтышууда.

Эми талкуубузду баштасак, урматтуу коноктор. Адахан мырза, мына сиз жакында түштүк жергесинен келдиңиз, абал ал жакта кандай экен? Эл аралык полиция күчтөрүн ортомчу катары киргизүү зарылдыгы барбы?

Адахан Мадумаров: Менимче, кыргыз мамлекети эгенмендүү болгондон кийин ар кандай ички маселесин өз күчү менен чечүүсү керек. Эгер өз эли менен тил табышууга мүмкүнчүлүгү жетпей калган болсо, бийлик менимче өзүнүн чабалдыгын көрсөтүп атат. Экинчи тарабынан жакында болуп өткөн референдумда мен Баткен, Ош облустарында болуп келдим. Мен айтып коюшум керек, дээрлик 100 пайыз десем болбой калаар, 99 пайыз эл ага катышпады деп айтсам болот. Бул деген сөз азыркы өткөөл мезгилдеги бийликке эл тарабынан ишеним жок. Менимче, жөнөкөй карапайым калктын, кыргыз-өзбектердин ортосунда маселе жок. Бул маселе саясий чайкоочулардын ортосунан чыгып аткан иш.

“Азаттык”: Казат мырза, мына сиз ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү максатка ылайыктуу болорун айттыңыз эле, анын негиздеп берсеңиз...
Казат Акматов

Казат Акматов: Азыр өлүм жана өмүр жөнүндө сөз болуп атат. Мамлкеттин бар же жоктугу жөнүндө сөз болуп атат, ошондуктан муну саясаттырбаш керек. Эгерде маселе өзбек менен кыргыздын ортосунда, Жалал-Абад менен Ош шаарынын ичиндеги окуя боло турган болчу болсо анда сырттан күчтөрдү киргизүүнүн менимче кажети жок. Себеби биздин өзүбүздүн күч органдарыбыздын күчү жетет өздөрү дагы айтып атышат. Бирок кептин бардыгы башкада, андан жаман суук кабар келип атат Фергана жактан. Жанагы Өзбекстан ислам кыймылы, талибандар “Хизб-ут Тахрир” деген күчтөрү чогулуп, Борбор Азияга чабуул кое турган акыбалга жетип калышыптыр. Себеби ушул быйылкы жайда алар мурдатан эңсеп келе жатан ислам мамлекетин куруу планын ишке ашырууга аракет кылып атат, ага даяр болуп калды деген кабарларды угуп атпайбызбы. Эгер ошондой боло турган болсо ал күчтү тосууга Кыргызстандын, Өзбекстандын Тажикстандын дагы күчү жетпейт. Ал күчтөр ушул үч республикага негизинен багыт коюп атыптыр. Биздин кайсы күчүбүз жетет?

“Азаттык”: Аликбек мырза, полиция күчтөрүн киргизүүнүн эл аралык маани-маңызы кандай болот? Сырттан күч киргенде бизде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жардамы дагы бериле турган келишимдер бар эмеспи. Сиз ушуларга токтоло кетсеңиз.

Аликбек Жекшенкулов: Бул жерде Казат мырза көп нерсени туура айткансыйт, бирок негизинен тереңирээк караганда бир нерсени түшүнүш керек. Кыргызстанга келип, биздин өлкөнү бирөө коргоп бербейт. Бул - эң негизги маселе. Анан ЕККУнун полиция күчтөрү келсе эле тынчтыкты сактап, жанагындай күчтөр кирбей калат деген бул түшүнбөстук маселе. Мен ойлойм, бул жерде эгерде бизге реалдуу жардам берсе болгону ЖККУнун мамлекеттери жардам берет. Анткени ошол жерде келишимдер бар, эгер бул уюмга мүчө мамлекеттерге сырткы күчтөр кол салса анда конкреттүү түрдө күч менен жардам берет деген. Полициянын программалары бар өзүңөр билесиңер, мен төрт жыл ЕККУда элчи болуп иштегем, булардын өзүнчө мандаты болот. Маселен, Югославияда кандай болгон эле. Ошол мамлекет бөлүнүп-жарылып, сепаратисттик чоң агымдар болгон. Ошондон кийин Югославия тарап кетпебидиби беш-алты мамлекетке. Ошондо ЕККУ күчтөрү согушуп аткан ар кандай улуттардын ортосуна туруп, кан төгүүнү токтотуу үчүн киргизилген. Кудайга шүгүр, бизде азыр андай абал жок.

Мына мен дагы кечээ жакында Ошко барып келдим, биздин күч органдар, аскерлер түштүктү көзөмөлдөр турат. Эгерде мисалы ЕККУ жакшылык жасайбыз десе бизге инструктор сыяктуу майда-чүйдөдөн жардам бериш керек. Техникалык жактан бирөөлөргө тажырыйбаны айтып, жардам бериш керек. Атайын күчтөр деген бул бөлүнүп-жарылууга алып барышы мүмкүн биздин мамлекетти.

Эми бул жерде чоң саясий оюндар болуп атат, террорчулар, тигиндей-мындай деген ар кандай маалыматтар түшүп атат. Бирок менин оюмча, эгерде ошондой болсо эң биринчи кыргыз мамлекетинде жашап жаткан өзүбүздүн жигиттерди мобилизация кылыш керек. Ошого бүгүнкү күндө даяр болуп туруш керек. Сырттан келген бирөө биз үчүн кан төгүп, биздин мамлекетибизди коргоп берет деген бул - түшүнбөстүк.

“Азаттык”: Марат мырза, сиздин оюңузча, эгер полиция күчтөрү киргизилсе акыбети кандай болот?

Марат Кайыпов
Марат Кайыпов:
Биринчиден, эл аралык уюмдардын ушундай куралдуу күчтөрүн өлкөнүн парламентинин макулдугусуз киргизгенге тыюу салынат. Азыркы биздин утурумдук бийликтин парламенти жок. Бизде азыр бүлбүлдөгөн, кичинекей президент деген гана бийлик турат. Референдумдун негизинде ал дагы бүдөмүк, арсар болуп атат. Мен айтар элем, кыргыз өлкөсү маалымат согушунан утулуп атабыз. Азыркы утурумдук бийликтин Кыргызстандагы акыбалды так, даана билбегендиктен ички жана тышкы саясатта алдын-ала ишти жүргүзбөгөндүктөн. Мисалы айтып кетейин, май айындагы Жалал-Абаддагы окуядан кийин эгерде өзбек улутундагы эл Кыргызстанда төрөлүп, чоңойуп, байып, эң жогорку кызматтарга жетип, анан кыргызга каршы курал көтөргөн инсандарды, сокур сайсатчыларды, улутчулдарды камап койгондо Ош окуясы болбойт болчу. Азыркы маалымат согушунда “кыргыздын бардыгы өзбекти кырып салды” деп дүйнө жүзүнө бизди мокочо кылып көрсөтүп атат. Эсептеп көрбөйлүбү, эмне себептен утурумдук өкмөт уялат, айтпайт, коркот. Канча кыргыз, канча өзбек өлдү деп эле дүйнө жүзүнө так маалымат бербейби ушинтип геноцид деген терминди колдонуп күнөөлөп аткандан кийин. Бул кыргыз улутуна коюлган өтө оор күнөө. Геноцид деген терминди колдонууга эч кимдин эч кандай укугу жок. Ушул убакка чейин бийлик буга расмий түрдө жооп айткан жок.

“Азаттык”: КМШ аймагында чатактарды эске алганда ушул ЕККУнун байкоочулары Грузия менен Орусиянын согушунан кийин Грузия аймагына киргизилгени белгилүү. Бул кырдаалда байкоочулар киргени көпчүлүккө түшүнүктүү эле.
Биздин шарт ага туура келеби, Аликбек мырза?

Аликбек Жекшенкулов: Мен жана айтып кетпедимби, биринчиден азыр шарт туура келбейт. Тигил жерде эки мамлекеттин арасында кагылуушулар болон. Анын үстүнө ал жерде ошол эле Абхазия, дагы башкалары Грузиядан бөлүнөбүз деп чыкпады беле. Ошондуктан чоң чатак чыккан. Менин оюмча, бул жерден биз өтө сак, кылдат карашыбыз керек. Роза Отунбаевага айтат элем, дипломаттык кесипкөйлүгүн эстеп туруп, шашпаса. Анан дагы бир нерсени айтып, Марат Кайыповго жооп берип койоюнчу. Азыр канча киши өлдү, тигиндей-мындай деген менин оюмча туура эмес. Кызуу кандуулукка алдырбай, сабырдуурак болсок.

Марат Кайыпов: Унчукпай отурушпайбы, кыргыз улутуна күнөө коюп атпайбы.

Аликбек Жекшенкулов: Ачык айтканда сиз деле Бакиевдин убагында унчукпай тургансыз, көп саясий маселелер боюнча. Азыр бул жерде жөн эле жылаңач баатыр болбош керек. Эгерде принципиалдуу түрдө элдин алдында сүйлөшсөк, чынчыл болуп, ачык-айкын айтсак азыр өтө татаал мезгилде турабыз. Мен деле ачык айтканда убактылуу өкмөттүн көп нерселерин жактырбайм, ачык айтып атам сын пикирлерди. Бирок азыр шайлоого чейин чыдайлык да. Шайлоо өтсүн, ошол жерде эл пикирин айтат, андан кийин буюрса парламентке келсек анан айтабыз.

“Азаттык”: Урматтуу мырзалар, биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларга өзүбүздүн дагы тартип коргоо органдары кандайдыр бир жем таштап, себеп берип койбодубу деген маселе бар. Ошол эле HRW уюму айтып жатат, милиция күчтөрү тарабынан сабоолор болуп жатат дейт, муну токтотуш үчун эмне кылышыбыз керек? Андан сырткары күч структураларынын ортосунда ротация болуш керек деген сунуштарды айтып жатат. Сиздерде кандай сунуш бар, биз өзүбуз кандайдыр бир айыптоолорго жол бербеш үчүн, Марат мырза?

Марат Кайыпов: Биринчиден эл аралык уюмдар менен Кыргызстандын расмий бийлиги ошол элди куралсыздандырууда активдүү иштеп жаткан биздин укук коргоочу органдарыбыз менен тыгыз иштеш керек эле. Өзүңүздөр билесиздер, Ош шаарында, Ош шаарынын тегерегинде өзбек калкы тыгыз жашайт. Мисалы үчүн Нариман, Он –Адыр, Фурхат, Черемушка деген жерлерде өзбек калкы басымдуулук кылат. Мына ушул жерлерден ок аткан, куралданган кишилердин бардыгы кармалып, камалдыбы? Жок, ушул убакка чейин камала элек. Кулардардын бардыгы алындыбы? Жок, ушул убакка чейин толук алына элек. Бул ушундай иштерди жасатпай кою үчүн улутчулдардын, диний экстремисттердин кыргыз өлкөсүнө каршы жасаган аракети деп эсептейм. Эми алар эл аралык уюмдарды колдонгусу келип атат. Эгерде 10-июндан 16-июнга чейин кандайдыр бир күчтөр келип, кыргыз куралдуу күчтөрүнө, укук коргоо органдарына жардам берсе мен түшүнөт элем, ии, убагында келишти деп. Азыр кеч болду, азыр биздин күчтөрүбүз абалды толугу менен көзөмөлдөп турган учуру.

“Азаттык”: Адахан мырза, биз мындай окуяга кайра жол бербеш үчүн кандай чара көрүшүбүз керек?
Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров: Азыркы бийликтин чабалдыгын дагы бир жолу баса белгилеп айтайын. Жамааттык коопсуздук келишимине кирген 7 өлкөнүн ортосунда келишим бар. Бул жети мамлекеттин ортосундагы жүргүзүлүүчү операция “Арсенал” деп аталат. Ал дал ошол мыйзамсыз сакталган куралдарды калктан тартып алуу максатын көздөйт. Чабалсыздыгы деп айтканымдын себеби - булар жардам сурап кайрылып атат. Юридикалык жагын алып караганда, азыркы бийликтин мыйзамсыз экендигин алар 8-майда Москва шаарында өткөн жыйында ачык жана так билдирди, Кыргыз Республикасында Конституцияга каршы мамлекеттик төңкөрүш болду деп. Мына ушулардын аркасында сүйлөшүүлөдү жүргүзбөй аткандыгы теңсинбей аткандай сыяктанат. Эң жакшысы эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мамлекеттери менен бирге “Арсенал” операциясын Кыргыз мамлекетинде өткөрүү десе менин оюмча, эл аралык саясатта абдан туура так жана сабаттуу болмок. Мына азыр аты аталган шаарлардын бардыгында биргелешкен күчтөрдүн “Арсенал” операциясын жүргүзүү аба менен суудай керек.

“Азаттык”: Аликбек мырза, бул боюнча сизде кандай ой бар?

Аликбек Жекшенкулов: Бул жерден реалдуу караш керек, өзүңөр билесиңер кээ бир өзбек конуштарына биздин күч органдар кире албайт турат дагы эле. Мен кечээ эле көрүп келдим. Ошондуктан бүгүнкү күндө “Арсенал” операциясы мүмкүн эмес. Экинчи жактан бир системага келиш керек. Өзүңөр билесиңер, бүгүнкү күндө убактылуу өкмөттүн атайын өкүлү өзүнчө, губернатор өзүнчө, коменданты өзүнчө...

Адахан Мадумаров: Партиялары ар башка да...
Аликбек Жекшенкулов

Аликбек Жекшенкулов: Жок, кеп партияларда эмес, бүгүн мамлекеттин тагдырын айтып атпайбызбы. Башкарууда баш аламандык бүгүн да болуп атат. Мына бир жерден колдой кетейин Адахан үкөмдү, ал жерде кээде элдин кызыкчылыгы эмес партиялардын кызыкчылыгы ойноп кетип атат. Ошон үчүн бул жерде сиз айткан маселелерди өзүбүздүн күч органдары, мына азыр техникалык өкмөт отуруп алып такташ керек. Кээ бирлер айтып атат, 200 киши кармалып, анан 1-2 сааттан кийин акчалуулар бошонуп кетти деп. Бул деген баягы эле паракорчулук, баягы эле тууганчылык болуп жатат деген сөз да. Ошон үчүн жанагы полициялык күчтөр бүгүнкү күндө толук масштабдуу түрүндө кереги жок. Эгер бир-эки инструктор келип, өздөрүнүн кеңешин берсе биздин күч органдарга, ал башка.

“Азаттык”: Мына парламенттик шайлоо алдында турабыз, ушундай учурда партиялар ортосунда кандайдыр бир Хартияга кол коюлуш керекпи туруксуздукка, кагылышууларга жол бербейбиз дегендей. Борбор Азия мамлекеттери мындай жаңжалдарды болтурбоо үчүн кандайдыр бир механизмдерди чогулуп иштеп чыгыш керекпи?

Адахан Мадумаров: Биздин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бир эмес, бир канча жолу утурумдук өкмөткө, бардык саясий партияларга, бейөкмөт уюмдарга кайрылдык. Ушундай кыйчалыш болуп турган заманда кандайдыр бир улуу, улуттун биримдиги деген Хартияга кол коёлу деп. Бирок төрт-беш саясий партиядан башкалары, биринчи кезекте утурумчулардан колдоо тапкан жокпуз. Азыр деле кеч эмес, мына чоң саясий күрөштүн алданда турганда бардыгы мыйзамдуу түрдө өтөт, жеңилип калган тарап кандайдыр бир күч колдонууга, кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерге барбашабыз керек дегендей мырза келишим дейсиздерби, улуу улуттук биримдик же Хартия дейсиздерби мына ушуга кол коюшубуз керек. Сырттан жардам издеген өкмөттүн келечеги болбойт.

Аликбек Жекшенкулов: Бул меселе боюнча кечээ жакында Убактылуу өкмөттө отуздан ашык партия чогулуп, кеңеш болгон. Ошол жерден биз “Акыйкат” партиясынын атынан кеңешке айтканбыз, ушул шайлоону өткөрүү үчүн өзүнчө бир моралдык кодекс болуш керек деп. Партиянын лидерлери аны көбүнчөсү колдоду. Буюрса мен ойлойм, ошого кол коюп шайлоодон кийин да жыйынтыгын тааныгандай жакшы кодекс чыгат го деп.

“Азаттык”: Марат мырза, Борбор Азия мамлекеттери кандайдыр биз механизм иштеп чыгыш керекпи?

Марат Кайыпов: Ал үчүн Борбор Азия мамлекети биринчиден Кыргызстандын бийлигин толук кандуу тааныш керек. Тилекке каршы, ушул убакка чейин тааныбай келе жатат. Бийликтин өкүлүн чакырбай, эсептешпей, булар мыйзамсыз бийликке келди деп атканы бул кыр көрсөтүп, тааныбагандыгы. Ошондуктан Борбордук Азиядагы мамлекеттер жогоруда Казат Акматов айтып аткан тышкы күчтөргө каршы күрөшөбүз дей турган болсо буга чейинки келишимдер бар, ошону да колдонсок болот. Ал эми азыр Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун күчтөрүн киргизебиз дегени бул шылтоо. Бул Кыргызстандын ичиндеги проблемасына кийлигишебиз дегенди билгизип атат.

Аликбек Жекшенкулов: Иш жүзүндө Борбор Азия өлкөлөрү жана башка мамлекеттер биздин бийликти тааныды бүгүнкү күндө...

“Азаттык”: Рахмат сиздерге.

Талкууну Айданбек Акмат уулу уюштурду.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG