Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

Апта окуясы: Эл аралык полиция киргизүү маселеси талашта


Human Rihts Watch уюму эл аралык коомчулукту Кыргызстанга эл аралык полиция киргизүүгө үндөөдө. Бул уюм анын себебин негизинен Ош жана Жалал-Абадда өзбек тектүүлөрдүн укуктары бузулуп атканы менен түшүндүрүүдө. Өз кезегинде бул каршы пикирлерди жаратып, эгер эл аралык полиция күчтөрү дал ушул негиздемеге таянып өлкөгө киргизиле турган болсо, анда тынчып калган абалды кайра курчутары айтылууда.

Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаңда ондогон адамдар өлүп, жүздөгөн адамдар түрдүү жаракат алышты. Эки тараптан тең мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөр болду. Көптөгөн адамдар үй-жайсыз калды.

Коогалаң маалында шаштысы кеткен Убактылуу өкмөт эл аралык күчтөрдөн, Орусия башындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан да аскерий жардам сурап жиберген. Тышкы күчтөр аскерий жардам берүүдөн баш тарткан соң Кыргызстанда аскерий мобилизация жарыяланып, мурда Ооганстанда кызмат кылгандар, запастагы офицерлер кызматка тартылган.

Ошентип ички ресурстардын эсебинен коогалаң токтотулуп, ушул тапта Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү иштери жүрүп атат. Ошентсе да Human Rights Watch сыяктуу эл аралык таасирлүү уюмдар, күчтөр Кыргызстанга тез арада полиция киргизүү керектиги тууралуу маселени катуу көтөрүшүүдө.

Эл аралык полиция киргизилсин дегендер эмне дейт?

АКШдан, Европадан жогорку даражалуу өкүлдөр кайра-кайра келип, Кыргызстандын жетекчилиги Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициясын киргизүүгө макулдугун берди.

АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол да 14-июлда Бишкекте маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүү керектигин, Ош жана Жалал-Абадда өзбек тектүүлөрдүн укуктары көбүрөөк бузулуп атканын айткан эле:

- Кошмо Штаттар Кыргызстанда адам укугунун сакталышы, айрыкча өлкөнүн түштүгүндө, өзгөчө кыргызстандык өзбек улутундагы жарандардын укугунун сакталышында биртоп өксүктөр бар экендигине тынчсызданууда.

Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандагы кырдаал боюнча тынчсыздануусу – негизинен адам укуктарына байланыштуу.

Аталган уюм кыргыз бийлигинен тез арада июнь окуясына себепчи деген негизде өзбек тектүү жарандарды жөн жеринен кармап-камоону токтотууну, тергөө учурунда аларды кыйнабоону талап кылууда. Ош жана Жалал-Абадда күч органдары адам укуктарын бузуп аткандыгы тууралуу маалыматтарды Human Rights Watch уюму аталган аймактагы кызматкерлеринен алып атышканын, өз кезегинде аларга мындай укук бузуулар тууралуу фактыларды ишенимдүү булактар жеткирип атышканын билдирет. Ошентсе да Human Rights Watchтун баяндамасында денеси көк ала болгондордун сүрөттөрү жана өзбек тектүүлөрдүн айтып бергендеринен башка конкреттүү фактылар көрсөтүлгөн эмес.

Уюмдун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын түштүгүндөгү укук бузуулар июнь окуяларын объективдүү, калыс иликтөөгө жолтоо болот жана кырдаалдын мындан ары курчуп кетишине жол берет. Уюмдун кызматкерлери өздүк иликтөөлөрүн жүргүзгөн учурда күч органдарынын аракеттеринен улам ондогон адамдын денеси көк ала болгон фактыларды, ал тургай мындай аракеттерден улам бир адам көз жумганын катташкан делет.

Human Rights Watchтун жетекчисинин өзгөчө кырдаалдар боюнча орун басары Анна Нейстат болсо, 16-17-июлда Астанада өтчү ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда, биринчи маселе катары Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн жайгаштыруу маселеси каралышы керектигин айтып чыккан.

Кыргызстанда эл аралык полициянын киришине каршы болгондор көп

Бул маселе боюнча “Азаттык” үн алгысына телефон аркылуу пикирин айткандар менен интернет баракчабыздагы шеринелерге пикир калтыргандардын басымдуу бөлүгү өлкөгө сыркы күчтөрдү киргизүүгө каршылык билдиришүүдө:

Орозбек, Ош шаарынан: - Эч кандай эл аралык полиция дегендеринин кереги жок. Кыргыз мамлекети өзүнүн үй-бүлөлүк чатагын эшикке чыгарбай өзү чечиши керек. Эгерде эле ошондой полициялар кире турган болсо, "теменедей ишиң теректей" , "оймоктой ишиң ороктой" болуп, бул жаңгал өчпөй эле тутанып кетиши мүмкүн.

Сатывалды Сайпидин уулу, Орусиядан: - Бардык иш бүткөндөн кийин ЕККУ күчтөрүн киргизүүнүн кереги не. Же Роза Исаковнанын бир билгени барбы? Же Кыргызстандын эгемендиги кагаздагы эле нерсеби? Эмне себептен бизде болгон иштерди башкалар чечүүсү керек?! Качанга дейре биз четтен көз каранды болобуз? Жыйырмага чыккан жигит торолуп, баралына жетсе, биздин мамлекетибиз кайра эле там-туң баскан бечел баладай ар кимден колдоо издеп, умсунат.

Ошентсе да өлкө түштүгүндөгү өзбек тектүү кыргызстандыктар адам укуктары бузулуп атканы тууралуу даттанууларды көп айтып атышканы, эл аралык укук коргоо уюмдарына мындай кайрылуулар көп түшүп атканы айтылууда.

“Азаттыктын” кабарчысы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылына барганында, жергиликтүү тургун Салтахан Жолдошева мындайча даттануусун айтты:

- Кечинде талаадан келген баламды алып кетип калышты. Саат бештер болчу. Барганыбызда комендант бизди киргизбей, баламды көрсөтпөй коюшту...

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун пикиринде, эгемендүү Кыргызстан өзүнүн ички маселесин өзү чечиши керек:

- Менимче кыргыз мамлекети эгемендүү болгондон кийин, ар кандай ички маселесин өзүнүн күчү менен чечиши керек. Эгер өз эли менен тил табышууга мүмкүнчүлүгү жетпей калса, аракети чабал болуп атса, анда бул бийлик чабалдыгын көрсөтүп атат. Менимче бул жерде кыргыз менен өзбектин ортосунда, карапайым калктын ортосунда маселе жок. Бул маселе саясий чайкоочулардын ортосунан чыгып аткан иш.

Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, жазуучу Казат Акматовдун айтымында, эл аралык полция киргизүү зарылчылыгы бир гана укук бузулууларга байланышкан эмес. Анткени Кыргызстандагы оор кырдаалдан пайдаланып Фергана өрөөнүн өрт менен жалынга айланткысы келген күчтөр бар. Алардын арасында Борбор Азияда Халифат курабыз дегендери да бар:

- Азыр өмүр жана өлүм жөнүндө сөз болуп атат. Мамлекеттин бар же жок болушу жөнүндө сөз болуп атат. Ошондуктан муну саясатташтырбаш керек.

Бул мындай, эгер маселе Ош, Жалал-Абаддагы өзбек менен кыргыздын ортосундагы окуя болсо, анда сырттан күч киргизүүнүн кажети жок. Ага өзүбүздүн күч органдардын алы жетет. Өздөрү да айтып атат, күчүбүз жетет деп. Бирок аркы Фергана жактан суук кабар келип атат. Жанагы Өзбекстан ислам кыймылы, Талибан, Хизб-ут-Тахрирлер сыяктуу күчтөр чогулуп Борбор Азияга чабуул койгондой ахыбалга жетип калышыптыр. Алар ушул жайда Борбор Азияда Халифат куруу планын ишке ашырган атышат, ага даяр болуп калышыптыр деген кабарларды угуп атабыз. Эгер ошондой боло турган болсо, аларды тосууга Өзбекстандын да, Тажикстандын да, Кыргызстандын да күчү жетпейт. Ал күчтөр негизинен ушул үч республикага багыт коюп атышаптыр да.


Ошентсе да Human Rights Watch уюмунун баяндамасында, айтылып аткан укук бузуулардан башка Кыргызстанга эл аралык полиция киргизүүгө себеп болчу нерселер көрсөтүлгөн эмес.

“Бириккен элдик кыймылы” партиясынын негиздөөчүсү, Убактылуу өкмөттө сот жана прокуратура тармагын тейлеп келген Азимбек Бекназаровдин айтымында, эгер Кыргызстанга өзбек тектүүлөрдүн укуктары бузулуп атат деген жүйө менен эл аралык полиция киргизиле турган болсо, анда касташуу тескерисинче күчөмөкчү:

- Ошондой маанайда, ошондой негизде келатабыз десе, анда бул биздин ички саясатка кийлигишүү болуп эсептелет. Бул тескерисинче улуттар аралык жакындашууну эмес, улуттар аралык касташууну күчөтөт. Анткени алар бир тараптуу иш жүргүзүп, бир тараптуу пикир айтканга негиз жок. Кыргызстанда жабыр тарткан – бул кыргыз эли, кыргыз улуту болуп атат. Менин жеке пикиримде эл аралык полиция киргизүү терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мурдагы Адилет министри, юрист Марат Кайыповдун ишениминде, июнь окуяларына байланышкан маалымат согушунда Кыргызстан жеңилип келатат. Укуктар бузулуп атат деп кыйкыргандардын бардыгы бир гана өзбек тектүүлөргө токтолуп, кыргыз улутун дүйнөгө жаман көрсөтүшүүдө.

Ошондой эле ал, анын эсеби боюнча коогалаңда каза болгон кыргыз улутундагылардын саны 900 чамалуу болуп калганын билдирип, Кыргызстанга эл аралык күчтөрдү киргизүүгө юридикалык негиз, шарт жок экенин баса белгиледи:

- Эч убакта эл аралык уюмдардын куралдуу күчтөрүн өлкөнүн парламентинин макулдугусуз киргизүүгө тыюу салынат. Азыркы биздин бийликтин парламенти жок. Бизде азыр бүлбүлдөгөн, кичинекей гана президенттик бийлик турат.

Мен айтар элем, Кыргызстан маалыматтык согуштан утулуп атабыз. Азыркы бийлик ахыбалды так, даана билбегендиктен, сырткы жана ички саясатта алдын-ала иш жүргүзбөгөндүктөн көйгөйлөр көбөйүп атат. Мисалы, май айындагы Жалал-Абаддагы окуядан кийин Кыргызстанда төрөлүп, чоңоюп, байып, эң жогорку кызматтарга чейин жетип, анан кыргызга каршы курал көтөргөн өзбек тектүү сокур саясатчыларды, улутчулдарды камап койгондо, ушундай окуялар болбойт болчу.

Азыркы маалымат согушунда, өзбектерди кырып салды деп, дүйнө жүзүнө бизди мокочо кылып көрсөтүп атат. Эсептеп көрбөйлүбү. Эмне себептен утурумдук өкмөт айткандан коркот, уялат? Мынча өзбек, мынча кыргыз өлдү деп эле ачык айтпайбы. Кыргызды ушинтип “геноцид” деп айыптап аткандан кийин. Менин маалыматым боюнча, кыргыздан өлгөндөр тогуз жүзгө чамалап калды.


Кечээ президент Роза Отунбаева бул маселе боюнча маалымат жыйынында айтып, ЕККУ Кыргызстанга 50 эл аралык полициячы жөнөтө турганын ачыктады. Анын айтымында эл аралык полициячылар куралсыз иштешет. Элүү полициячы Ош жана Жалал-Абадда адам укуктарынын корголушуна көз салып, алардын мандаты – мониторинг, кеңеш берүү жана тренингдер менен чектелмекчи. Р.Отунбаева бул боюнча ЕККУ менен сүйлөшүүлөр аяктап калганын, эл аралык полициячылар төрт ай бою жергиликтүү күч органдарына көмөктөшөрүн билдирди. Ал эми Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган делегация ушу тапта Казакстандын борбору Астанада ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда бул маселе жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүрөт. Ошентип, эл аралык полиция киргизүү жаатындагы талаш-тартыштардын аягы, куралсыз элүү полиция киргизүү менен аяктагыны турат.

XS
SM
MD
LG