Таласта кайра жер титиреп, күчү очогунда 5,3 баллга жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-мартта саат 16:56да Талас облусунун аймагында күчү 5,3 магнитудасына жеткен жер титирөө болгонун билдирди. Жер титирөө Бишкек шаарында да сезилди.

Ушул тапта жердин силкинүүсүнөн жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар такталып жатат.

28-марттын таңында (саат 04:42де) Казакстандын аймагында күчү очогунда 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.

Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткен.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстанда айгай жарыяланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

“Социал-демократтардын” үч мүчөсү 28-майга чейин камакта калтырылдыАйжигитов УКМК төрагасы Ташиевге каршы президентке кайрылганын айттыСеул Түндүк Корея Орусияга дагы 3000 аскерин жөнөткөнүн билдирдиБШК депутат Султанбай Айжигитовдун мандатын алдыМьянмадагы зилзалада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылдыПутин Украинага "эл аралык башкаруу киргизүүнү" сунуштады