Кумтөр кенинде дагы 261 тонна алтындын запасы бар. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев 26-мартта Бишкекте өткөн брифингде айтты.
“Кумтөрдө 127 тонна алтындын тегерегинде запас калган болчу. 2024-жылы жана ага чейин жүргүзүлгөн чалгындоолордун негизинде Мамлекеттик запастар боюнча комиссиянын отурумунда 147,5 тонна алтын кошумча запаска алынды. Ошонун жыйынтыгы менен Кумтөрдүн бүгүнкү күндөгү запасы 261 тонна”, - деди ал.
Бирок Медер Машиев айтып жаткан 127 жана 147 тоннаны кошкондо 274 тонна чыгып жатат. Ал буга тактоо киргизген жок.
“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2024-жылы 12,5 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Азырынча ушул күнгө чейин канча алтын өндүрүлгөнү тууралуу маалымат жок.
“Кумтөр” 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. (BTo)