Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:20

Дары тартыштыгына монополия дагы себеп экени тууралуу пикир айтылды


Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу жетекчиси Алмаз Алтыбаев Кыргызстанда дары-дармектин тартыш болуп кымбаттап жатынынын бир себеби катары мамлекеттин монополиясын эсептейт. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

Адистин белгилешинче, “Кыргызфармация” түзүлгөнгө чейин ооруканаларды дары-дармек менен дистрибьюторлор камсыздап, атаандаштык механизмдери иштеп турган.

"Мамлекеттик монополия орногондон бери дары-дармектин айрым бөлүгү такыр келбей, калганы ошол эле дистрибьюторлордон сатылып алынып, “Кыргызфармацияга” келип жатат", - деди Алтыбаев.

Анын белгилешинче, кээ бир дарылар азыраак көлөмдө, дистрибьютерлерден алынып турган. Мамлекет баа саясатын көзөмөлдөй баштагандан кийин көпчүлүк фармкомпаниялар дарыны алып келбей калган. Бул дагы дары тартыштыгына себеп болууда.

“Кыргызфармация" ишканасы мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тушунда, 2023-жылы түзүлгөн. Бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн ишканага мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу милдети жүктөлгөн.

Ага чейин ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.


Дары-дармек тартыштыгы курчуганга байланыштуу февраль айында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев парламентте "Кыргызфармациянын" иши жөнгө салынганча ооруканаларга дары-дармекти өздөрү сатып алууга уруксат берилерин айткан.

“Кыргызфармация” өз кезегинде дары-дармек жеткирилишинин кечеңдеши ооруканалардын өз убагында буюртма бербей жатканынан улам келип чыкканын билдирген.

Март айында бул ишкананын жетекчиси болуп Талант Султанов дайындалган.

Кыргызстанда соңку жылдары дары-дармек тартыштыгы байкалууда. Айрым бейтаптар керектүү дарылар табылбай, табылса да кымбат болуп жатканын айтууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстан чекене соода үчүн дары-дармек импортун өткөн жылга салыштырмалуу 46,8% азайткан. (ST/ZhK)



Шерине

XS
SM
MD
LG