Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:59

АКШ Орусия жана Украина менен Кара деңизде аскердик аракеттерди токтотууну макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Сауд Арабиясында Американын расмий өкүлдөрү Украина жана Орусиянын делегациялары менен өз өзүнчө болгон сүйлөшүүлөрдө Кара Деңизде аскердик аракеттерди токтотуу жана эки өлкөнүн энергетикалык жайларына сокку урууга тыюу салуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашты.

Ак үй эки тарап менен сүйлөшүүлөр боюнча эки бөлөк билдирүү жарыялады. Ага ылайык Вашингтон Москвага айыл чарба азыктарын жана жер семирткичтерди дүйнөлүк базарга кайра чыгарууга болушунча жардам көрсөтөт. Бул продукциялардын экспорту Орусия Украинага согуш ачканы токтоп калган эле.

Документте башка жарандык инфраструктурага чабуулдарды токтотуу боюнча эч нерсе жазылган эмес. Ошентсе да байкоочулдардын баамында, бул жараян Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң чоң жана кандуу кагылышты токтотууга карай алгачкы кадам болуп калды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров соңку үч күндөгү сүйлөшүү канчалык оор болгонун кыйытуу менен Кремлге Киев "бул макулдашууну сыйлайт" деген Вашингтондон "так кепилдик" зарылдыгын баса белгиледи.

Сауд Арабиясында адегенде Вашингтон менен Киевдин делегациялары жолугуп, андан соң 24-мартта Вашингтон менен Москванын өкүлдөрү өз алдынча сүйлөштү. Алардын жолугушуусу 12 саатка созулду. 25-марта Украина менен Американын делегациялары кайрадан сүйлөшүү өткөрдү. Мунун баары АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотуу боюнча аракетинин алкагында уюштурулду.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтканы боюнча Америка тарап расмий билдирүү тараткандан кийин келишимдин шарттары күчүнө кирди деп эсептесе болот. Анын сөзүнө караганда, Украина азырынча Орусияга анча ишенбей турат, ошентсе да өз тарабынан келишимдин шарттарын сактоого аракет кылат.

Ал эми Орусия тарап Кара Деңиздеги кемелердин коопсуз ары-бери жүрүүсү тууралуу шарт бир катар санкциялар алынгандан кийин гана ишке ашарын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG