Министрлер кабинети Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын премьер-министрлери - Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов, Кохир Расулзода 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде жолугушарын билдирди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар буга чейин жетишилген чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
2024-жылы 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо тапшырмасы берилген.
Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктаса, документти тышкы иштер министрлери бекитерин, парламенттерден ратификациядан өткөндөн кийин эки президент кол коёрун билдирген. Ошондой эле чек арадагы талаш жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн айткан.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде жарыялаган. Ушул тапта чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Тибетте жер титирөөдөн каза болгондор 100гө жакындадыУкраина Курскиде 90дон көп кармаш жүргөнүн билдирдиЗилалиев менен чогуу камалган Сатыбековдун камактагы мөөнөтү узартылдыЧикагодо Кыргызстандын жараны киши колдуу болдуБразилия кырсыкка учураган учактын "кара кутусун" Казакстанга бердиМексикада дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жараны табылдыЗилалиев эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыкканы белгилүү болдуДүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдүКанаданын премьер-министри Жастин Трюдо кызматтан кетерин айтты