Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:32

Тибетте жер титирөөдөн каза болгондор 100гө жакындады


Тибетте болгон жер титирөөнүн кесепети.
Тибетте болгон жер титирөөнүн кесепети.

Тибетте катуу жер титирөөдөн кийин куткаруу иштери жүрүүдө. Кытайдын маалымат каражаттары бери дегенде 95 киши каза тапканын, 130у жаракат алганын кабарлашты. Бир топ имараттар кыйроого учурады.

Кытайдын сейсмологиялык борбору магнитудасы 6,8ге жеткен зилзала 7-январда эртең менен Тибет автономдуу районунда, Непал менен чек арага жакын жерде болгонун билдирди.

Ал эми АКШнын Геологиялык кызматы Тибеттеги Шигадзе шаарынан 177 чакырым түштүк-батышта болгон жер титирөөнүн магнитудасы очогунда 7,1 жеткенин кабарлады. Жердин силкинүүсү Непал, Бутан жана Индияда сезилди.

Синхуа агенттиги жергиликтүү бийлик жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин тактоонун үстүнөн иштеп жатканын маалымдады.

Зилзала болгон жерде ушул тапта абанын температурасы -8 градуска жетип турат, түнкүсүн -18 төмөндөшү мүмкүн деп Кытайдын метеорологиялык кызматы эскертти.

Үй-жайсыз калгандарга гуманитардык жардам жеткирилүүдө. 62 миңдей киши жашаган Тибет автономдуу району Эверест тоосунун Кытай тарабында орун алган. Региондо жер тез-тез силкинип турат.

Кытайдын сейсмологиялык борбору бул жолку жер титирөөнү акыркы беш жылдагы эң күчтүү зилзала деп баалады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) зилзаладан каза тапкандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин курмандыктардын санын азайтуу үчүн жер титирөөдөн кийин урандылардын алдында калгандарды издөө-куткаруу иштерин тездетип, бардык аракеттерди көрүү буйругун берди.

Шерине

XS
SM
MD
LG