Бир катар журналисттердин жана коомчулуктун сынына кабылып келаткан бул мыйзам "Мыйзам бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат. Коомчулукта анын текши иштешине күмөн санагандар да бар. Ошол эле малда мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт деген кооптонуулар айтылып жатат.
Ички иштер министрлиги жооптуу болот
Парламентте үчүнчү - акыркы окуудан өткөн документ боюнча бир да депутат суроо берген жок. 68и колдоп, төртөө “каршы” добуш берди.
Мыйзам долбооруна президент кол койсо, эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев - аталган мыйзам долбоорун колдоого алгандардын бири.
"Мисалы, "Балбак, сен туура эмес, начар иштеп атасың. Сени шайлабай эле койсом болмок, сен, жумшагыраак айтканда, өтө начар адам экенсин, жумушуңду таштап, кет" деп айта турган болсо, мен эч нерсе дебейм. Бул анын пикири деп унчукпайм. Бирок ошол эле учурда "кызыңды, энеңди, сени өлтүрүп жок кылабыз, сен ит экенсиң" деп сөккөндөр болсо, бул - сөз эркиндиги эмес, мазактоо жана шылдыңдоо. Бул Жарандык кодексте да бар. Азыр фейктер аркылуу отуруп алып, өлтүрүү, үйүн өрттөө сындуу коркутуулар мага карата абдан көп болууда. Алардын арасынан айрымдары ишке да ашып кетиши мүмкүн. Биз айып пулдун өлчөмүн 20 жана 65 миң деп, аны Маданият министрлиги эмес, ИИМ карайт деп чечтик. Бул бизге керек. Сынды айтканда да далил менен, маданияттын чегинде айтуу керек. Мунун журналисттерге тиешеси жок, аларга карата башка мыйзамдар иштеп жатпайбы. Чала блогерлер, Фейсбуктан аккаунт ачып алгандар, каалаганын айткан билими, деңгээли төмөн адамдарга карата кабыл алынып жаткан мыйзам бул".
Буга чейин Кыргызстандагы ондон ашуун маалымат каражаты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, интернет менен ЖМКда жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштаган.
"Текши иштешине күмөнүм бар"
Медиа тармагындагы эксперт, УТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамдын туура жана так иштеши күмөн жаратат деп эсептейт. Маселен, ошол эле социалдык тармактарда ондогон фейк аккаунттарды ачып алып, пикир жазгандарды аныктоо кыйынга турушу ыктымал.
"Тандалма мамиле буга чейин деле көп учурда болуп келген. Кимдин колунда функционалдуу ыйгарым укуктары болсо, өзгөчө бийликке караштуу органдарда болсо, иштебей турган айрым мыйзамдар тандалма түрдө иштеп калат. Айрыкча оппозициялык нуктагы адамдарга карата иштеп кетет Кыргызстанда. Эми бул мыйзам кандай болорун, коомго кандай пайдасы тиерин мен анык билбейм. Мунун эки жагы бар. Ооба, кээ бир оозуна ээ боло албай жаткандарды тизгиндеп, арыдан бери болгонго жол ачышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда тандалбай колдонулат дегенге эч ким кепилдик бере албайт бүгүнкү күндө. Атайын механизм болот деп жатышат. Бирок көп адамдар фейк аккаунттар менен жазат, аларды табуу кыйын. Аларды табыш үчүн өзүнчө атайын орган түзүп, кызматкерлерди алып жатышыптыр. Буга ошол эле салык төлөөчүлөрдүн каражаты кетип атат. Канчалык деңгээлде бул ишке ашып, натыйжасын бере алат жана коомду кайсы бир деңгээлде маданияттуулукка үндөй алат - бул чоң маселе. Айрымдар мазактаган, жалган жалаа жапкан пикирлерин токтотуп калышы мүмкүн, бирок бул көпчүлүккө иштебейт. Демек, бул дагы бир нааразылыктын булагы болот".
Дагы караңыз "Журналисттерге "өзгөчө" белек". Сурак, чабуул, абакБир катар эл аралык уюмдар мыйзам өлкөдө пикирин ачык айтуу укугун жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршылыгын билдирип келишкен.
Журналисттерди, сөз эркиндигин чектөө
Мыйзам долбоорун талдап чыккан журналист Семетей Аманбеков ал көз карандысыз маалымат каражаттарына, эркин журналисттерге каршы иштейт деген пикирде:
"Айрым журналист, активисттерге каршы иштеген мыйзам болот деп биз башынан эле айтып келе жатабыз. Себеби азыркы Жарандык кодексти алып карасак, анда кимдин кадыр-баркына шек келтирген болсо, ал сотко кайрылып, укугун коргоого мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинде да нормалар каралган. Эми бул жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам сөз эркиндигин чектеген орчундуу мыйзам болот. Биз карап көрдүк, эң көп мазактаган, жалган маалымат тараткандар бул - депутаттар, мамлекеттик органдарда иштегендер. Өзгөчө талапкер болгон учурда бири-бирин жамандап, айыбын ачып, туура эмес кылган иштерин чыгарышат. Журналисттер болсо адатта такталган, туура маалыматты айтат. Азыр эми мыйзам журналисттерге карата иштеп калат. Мыйзамдын максаты эмнеде? Ал бирөөнүн укугун коргогонго керекпи? Анда ошол "мен мазакталдым" деген киши арыз жазып, өзүн коргой алат. А бул жерде болсо "мазактады" деп милиция өзү аныктап, протокол толтуруп, сотко жиберет. Сот "ооба, бул мазактаган" деген чечим чыгарса, айып пул деген акча мамлекеттин бюджетине түшөт. Муну кантип биз тигил же бул адамдын укугун коргоо деп атайбыз? Экинчиден, ИИМ штаттык бирдиги кылмыш менен күрөшүүгө жетишпей атканын айтып келет, тергөөчүлөр аз, биз жетишпейбиз дешти. Ишти административдик сот карай турган болду, бул учурда сот сенин катышууңсуз эле айып пул чегерип коюуга укуктуу. Негизинен айтканда, өзөгүндө бул мыйзамдын максаты бирөөнүн укугун камсыздоо эмес. Бул мыйзам журналист, активисттерди сын-пикир айттырбай, аткаминерлердин укугун коргоп калат. Түздөн-түз сөз эркиндигин бөгөттөйт".
28-сентябрда президент Садыр Жапаров мыйзам долбоору тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, демилгени колдой турганын, бирок 100-200 миң айып салууга каршы экенин белгилеп, анын суммасын “депутаттар чечсин” деген.
“Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95% интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип, анан тынчып атышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап, ал маалыматты өчүрүшөт”, - деген Жапаров.
Жумшартылган жаза
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева үчүнчү окууда кабыл алынган бул мыйзамда коомчулуктун нааразылыгынан улам киргизилген бир топ өзгөртүүлөр бар экенин белгиледи:
"Эң биринчи версиясына караганда, бүгүнкү кабыл алынып жаткан долбоор алда канча тузүк, жакшы. Маселен, жабыркаган тарап милицияга арызы менен кайрылып, ага милиция протокол түзүп, сотко өткөрүп берет, сот чечим кабыл алат. Андан тышкары айып пулдардын суммасы азайтылган. Бул долбоор жок дегенде мыйзамдык нукка түшүрүлгөн. Себеби биринчи сунушталган версиясында Маданият министрлиги жоопкерчиликтүү орган, айып пулдун саны беш эсе чоң, андан сырткары мамлекеттик адистер өз каалоосуна жараша аныктап, жоопкерчиликке тартуу механизми бар болчу. Анда антиконституциялык нормалар көп эле. Эми көптөгөн олуттуу тобокелчиликтер жокко чыгарылды. Жок дегенде концептуалдык иретте, стандарттарга шайкеш келтирип кабыл алынды. Бул мыйзамдын зарылдыгы жок эле, бул эми бийликтин чечими болуп калды. Эми алдыдагы 1-2 жылда бул мыйзам аткаминерлерге, жөнөкөй адамдарга карата колдонулбай, журналисттер, эксперттер, активисттерге карата көбүрөөк колдонулса, демек сөз эркиндигин, адам укугун чектөө деп толук айта алабыз. Адилеттүүлүк чынжырчасы сапаттуу аткарылышы керек. Бирок сот адилеттүүлүгүн аткаруу процессинде көптөгөн тобокелчиликтер бар. Ошондуктан мыйзамдын кандай аткарылары азыр белгисиз"
- Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган.
- Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.
Дагы караңыз "Тууну коргоо кылмышпы?". Кар алдындагы акция, камалган активист
Кыргызстан эл аралык уюмдардын акыркы баяндамаларында төртүнчү жылы катары менен "эркин эмес мамлекет" деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.
Мындан үч жыл мурун “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынып, ал дагы талаш-талкуулар менен коштолгон эле. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө, Маданият министрлиги соттун чечимисиз медианын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.