Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

"Фейсбукка пикир жазган". Турду Акматалиев бир айга камалды


Турду Акматалиев
Турду Акматалиев

Турду Акматалиев Красноярск шаарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Жакындарынын айтымында, аны Орусиянын күч түзүмдөрү марттын соңунда кармап, октябрдын аягында Бишкекке экстрадициялаган. 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралган.

"Коркунучтуу террорист" деп айтыптыр"

Турду Акматалиевдин Орусиядан кармалганын "Азаттыкка" анын күйөө баласы Абдурасул Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, Акматалиевди Орусиянын күч түзүмдөрү Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармаган. Сегиз айдан кийин, 28-октябрда Кыргызстанга алып келингени белгилүү болду. Сурак учурунда тергөөчүлөр шектүүгө Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан.

"Кыргыз тарап "коркунучтуу террорист" катары маалымат берген окшойт. Өзү Фейсбукка жазганы үчүн кармалганын айтты. Эми ал фактыларды жазган да, элге чакырык жасаган да эмес. Болгону "Кызыл-Омполду иштетпе, Жетим-Тоону сатпа, Кемпир-Абадды бербе" деп жазган. Ушул сөздөрү жакпай калган окшойт".

Акматалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен айып тагылган. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту тастыктап, 31-октябрда бөгөт чарасы каралып, 30-ноябрга чейин камакка алынганын билдирди.

Биз Акматалиевдин адвокаты менен байланыша алган жокпуз. Жакындары кошумча адвокат жалдап жатканын, азыр мамлекет камсыздаган жактоочу бар экенин айтышты.

Турду Акматалиев деген ким?

Аны жакшы тааныган Бекмат Өтөнбаев аттуу жаран Турду Акматалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгонун, 2017-жылдан бери Орусияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөнүн билдирди.

"Турду агай билимдүү адам. Өзү Токтогулдан болот. Болгону социалдык тармакта анча-мынча адамдарды сындап жазып калчу. Уйкаштырып, маанилүү жазчу. Кийин кармап кетти деп уктум, андан бери 7-8 ай өттү. Оорукчан эле азыр дагы ооруп жатса керек. Мурда Москвада иштечү, кийин Красноярскийге кеткен. Ал жакта курулушта прораб болуп иштечү. "Бүтүн Кыргызстанда" мүчө болчу. Так, таза, адилет сөздөрдү айтып турчу".

Ачык булактардагы маалыматка маалыматка караганда, 63 жаштагы Турду Акматалиев социалдык тармактарга учурундагы саясий окуяларга өзүнүн пикирин жазып, сындап жүргөн. Мындан сырткары ырларын жарыялачу экен.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Турду Акматалиевдин кармалышы тууралуу комментарий бере элек.

Орусиядан кармалып келген "Бүтүн Кыргызстанчылар"

Деген менен атайын кызмат буга чейин да социалдык тармакка бийликти сындап жазган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтарын Орусиядан кармап келген учурлар болгон.

2022-жылы 7-сентябрда активист Эмил Бекиев Орусиядан депортацияланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген. Атайын кызмат ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын, ал Facebook баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген. Үч берене боюнча айып тагылып, былтыр июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бекиевди күнөөлүү деп таап, алты жылга соттогон. Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Өткөн жылы ноябрда Нурбек Кайназаров деген жаранды Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган деген шек менен Орусиянын Москва шаарынан кармап келген.

Ал Фейсбукта чагымчыл маалыматтарды жарыялап, массалык башаламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен басып алууга чакырык жасап турганы маалымдалган. Кийин аны Жалал-Абад шаардык соту күнөөлүү деп таап, үч жылга абакка кескен.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова быйыл 1-февралда Москвадан кармалып, алып келгени кабарланган.

Каныкей Арановага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен айып тагылган.

Эжеси Ырысгүл Аранова Каныкей анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк-аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталып жатканын "Азаттыкка" билдирген.

"Сөз эркиндигин чектөө мүмкүн эмес экен"

Деген менен кыргыз бийлиги кайсы гана саясатчы активист кармалып-камалбасын, анда эч кандай саясий куугунтук жок экенин билдирип келет жана ар бир ишти андагы коюлган айыптар боюнча гана талдоого чакырат.

Президент өзү да интервьюларында Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап турат.

13-ноябрда Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жарыялап, Курултайдын орду жана өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу пикирин билдирген.

“Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти” деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон “блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар”, Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар. Курултайдын делегаттарын шайлоого бийлик, мамлекеттик түзүмдөр кийлигишпейт. Элдик Курултай бул бийлик менен элдин ортосундагы диалог. Мындан артык дагы кандай диалог керек силерге? ".

Саясат талдоочу Руслан Акматбек сөз эркиндиги тууралуу буларды айтты.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Акыркы окуялар көрсөткөндөй, Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө мүмкүн эмес экенине күбө болдук. Түрмөнүн ичинен видео жазып чыгарып атат, чет өлкөдөн чыгарып жатат. Бул ааламдашуу доорунда, технология өнүккөн учурунда бул мүмкүн эмес экен да. Тескерисинче, бул нерсени саясий-укуктук нукка буруп койсок, эл айтат да. Мыйзам бузбагандан кийин, бирөөгө зыян келтирбегенден кийин айта берсин деп президент өзү да айтып жатат. Бирок ошол эле маалда күч органдары тажабай күрөшүп келет".

Ушу тапта Жогорку Кеңеш интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун карап жатат. Буга чейин 1-окууда кабыл алган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги сунуштаган долбоор кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарда жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Айрым депутаттар жаза айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунушташууда.

Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган.

Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG