Документти 68 депутат колдоду. Төрт эл өкүлү – Элдар Абакиров, Жанарбек Акаев, Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев “каршы” добуш берди. Жыйында документ боюнча бир да депутат суроо берген жок.
Мыйзам долбооруна президент кол койсо эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат.
Документтин баштапкы вариантында кайсы бир адамдын арызы боюнча айып пул салуу же салбоону Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чече турганы жазылган. Ошондой эле жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилери белгиленген.
Бул коомчулукта нааразылыкты жаратып, кийин айып пул азайтылып, арыздарды карай турган орган алмашкан.
Тактап айтканда, мыйзамдын демилгечиси болгон өкмөт буга чейин бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, айыптын көлөмүн азайтып, мыйзамдын аткарылышына Ички иштер министрлиги жоопкер болорун билдирген.
Анда жалган маалымат тараткан адамдарга салына турган айып пул 20 миң сомго, андай маалыматты чыгарган медиаларга айып 65 миң сомго төмөндөтүлгөн.
Ал эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды кабыл алуу укугу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Ички иштер министрлигине өткөн.
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда 1-окууда кабыл алган.
Долбоор сунушталгандан тартып эле коомдо катуу сынга алынды. Журналисттер, активисттер муну менен сөз эркиндигин ого бетер басууга жол ачыларын билдирип жатат. 5-декабрда парламент сессиясында документ экинчи окууда каралганда сын-пикирлер менен коштолгон. Анда айрым депутаттар айып пулдун көлөмү көп болуп жатканын жана жазалоо укугу мамлекеттик органга берилип жатканын сынга алышкан.
"20 миң, 65 миң деген чоң сумма"
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 5-декабрдагы сессияда мыйзам долбоорун колдобой турганын, ансыз деле инфляция жүрүп, жарандарга кыйынчылык болуп жатканын айтты:
“Ар бир нерсенин кайтарымы болот. Бул мыйзамга таянып, 7 миллиондон ашык элибиздин баарын камап салмак белек? Түрмөдө мынча орун жок. Бирок элде негатив көбөйүп жатат. Бир жагынан жакшы нерселерди ушундай кызыктай мыйзамдарыбыз менен чийип салып жатабыз. Ар бир депутаттын өзүнүн укугу бар, бирок мен бул мыйзамга каршымын”.
Ал эми дагы бир эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков: "Бул мыйзамдын талаптарын аткаруу милдети ИИМге жүктөлсө, тергөө кызматкерлерине ашыкча жүк болуп калбайбы?", - деген суроо узатты.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев бул Укук бузуулар кодексинин негизинде карала турган иш болгону үчүн аны менен участкалык милиция алек болорун жана ага кызматкерлер жетиштүү деген жооп узатты.
Депутат Дастан Бекешев жана Элдар Абакиров сунушталган мыйзам долбоордо айып пулдун көлөмү дагы деле көп болуп жатканын, бул карапайым жарандарга оор болорун бир ооздон айтышты:
"Биз сунуш бергенбиз, айып пулду 1-2 миң сом кылсак деле жетиштүү болмок. Миң сом деле эч кимде ашыкча жүргөн жок, жөндөн-жөн жамандай бере тургандай... 20 миң, 65 миң - бул чоң сумма да. Чындыгында фейк аккаунттарды эч ким кармабайт, кармай албайбы билбейм. Чыныгы адамдар азыр деле интернетте бир жаман нерсе жазса азыр деле жазалап жатат. Бул мыйзамдын практикалык түрдө канчалык пайдасы бар билбейм", - деди Элдар Абакиров.
"Акыркы чечимди сот гана кабыл алат"
Бүгүнкү отурумда депутат Жанарбек Акаев жалган маалымат таараткан тарапты кайсы орган жазалай турганына кызыкты. Анын суроосуна Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мындайча жооп берди:
"Ички иштер министрлиги арызды алып, өндүрүштүк протоколду жүргүзүп, аны сотко өткөрөт. Акыркы чечимди сот гана кабыл алат".
Ошентип аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи окууда кабыл алды. Аны 61 депутат колдосо, алтоо каршы добуш берди. Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдогон ойлору менен бөлүштү. Алардын бири Кундузбек Сулайманов:
"Биз баары бир укуктук талаага келишибиз керек да. Бирөөгө жөндөн-жөн жалаа жапкандын дагы чеги болуш керек. Алар жөнөкөй жарандан баштап, президентке чейин жазып жатышат. 20 миң сомду ойлонсо, анда туура эмес маалымат бербеш керек", - деди Сулайманов "Азаттыкка".
Ал эми дагы бир эл өкүлү Бактыбек Чойбеков долбоорду колдогонунун себеби тууралуу "Азаттыкка" мындай комментарий берди:
"Бүгүнкү күндө бизге күчтүү, катуу талап койгон мыйзамдар келбесе баш ийүү оор экен. Эгерде маалыматы такталган болсо анда соттон өзүн актайт. Ошон үчүн такталбаган маалыматты таратуу опурталдуу".
Буга чейин Кыргызстандагы ондон ашуун маалымат каражаты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, интернет менен ЖМКда жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштаган.
"Мыйзам коом үчүн эмес бийлик ээлерин коргоо үчүн иштейт"
Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп чочулашууда.
Медиа тсерепчи Тамара Валиева сунушталган мыйзам кабыл алынса коррупциялык көрүнүштөр күчөй турганын айтат.
"Биринчиден бул мыйзам коом үчүн эмес бийлик ээлерин, бизнес ээлерин коргоо үчүн иштейт. Мыйзам кабыл алынса анда бийликтин аракеттеринен, туура эмес иштеген ишкерлердин кемчиликтерин айтып туруу токтоп калат. А бул болсо коррупциянын гүлдөшүнө алып келет. Паракорлор ушул мыйзамды колдонот, аткаминерлер өздөрүн коргошот. Чындыгында журналисттер, активисттер, жөнөкөй жарандар кемчиликтерди айтып жардам бергиси келет да. Жыйынтыгында эч ким сын айтпай калат".
Мыйзам долбоорунун демилгечилери соңку учурда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бирөөнүн аброюна шек келтирген учурлар көбөйгөнүн, мындай көрүнүш менен күрөшүүгө муктаждык бар экенин белгилешкен.
Башында сунушталган мыйзам долбоорунда аны аткаруу механизми Маданият министрлигине жүктөлгөн, бул бир топ талаш-талкуу жараткан.
Мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаров дагы пикирин билдирип, социалдык түйүндөрдө жалган маалымат көп тарап жатканын белгилеген.
Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган. Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, журналисттердин жана активисттердин жоопкерчилигин улам эскертип келет.
Шерине